Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЫЙЛАП, ТҮКҮРӨ АЛГАН ЛОЛ СЮРПРИЗ КУУРЧАКТАРЫ

№845 11-17-январь, 2019-жыл

Акыркы кездерде кичинекей кыздар арасында куурчактын жаңы түрү – ЛОЛ Сюрприз (LOL Surprise) өтө популярдуу болууда. Бул эмне болгон куурчак жана ал башкалардан эмнеси менен өзгөчөлөнөт, байкап көрөлү.

1 АЙДА ЛИДЕРЛИКТИ БАГЫНТКАН ЛОЛ СЮРПРИЗ

Бардык эле кичинекей кыздар куурчакты да, сюрприздерди да жактырат эмеспи, ошондуктан ЛОЛ Сюрприз куурчактарынын түзүүчүлөрү бул эки нерсени бирөөнө бириктирүүнү чечишкен. Лол Сюрприз – бул кийимдери жана аксессуарлары бар 45тен ашуун уникалдуу куурчактардан турган шарлар. Шардын ичинен куурчактардын кайсынысы чыгары белгисиз, ошондуктан куурчактын аталышына сюрприз сөзү кошулган.

ЛОЛ Сюрприз куурчактары балдар оюнчуктарын чыгарган америкалык MGA Entertainment Inc. компаниясына таандык. Бул куурчактар 2016-жылы декабрь айында Америкада сатыкка чыгып, бат эле дүйнө жүзүндө популярдуу болуп кеткен. 2017-жылы январь айында Лол Сюрприз саны боюнча сатылган куурчактар арасында биринчи, жалпы оюнчуктар арасында үчүнчү орунду алган.

7 КАТМАРДЫН ИЧИНДЕГИ СЮРПРИЗ

Шар 7 катмардан турат: анын бир катмарында ребус бар, калгандарында наклейка, куурчак үчүн түрдүү аксессуарлар (бөтөлкө, кийим, бут кийим, кооздуктар) бар болсо, жетинчи катмарынан куурчак чыгат. Ал эми шардын жарымы куурчактын бөлмөсүнө, экинчи жарымы куурчактын жуунуучу бөлмөсүнө айланат. Ар биринде ичине суу куюп, куурчакка ичире турган бөтөлкө бар. Башын басканда кээ бир куурчактар түкүрсө, кээ бирлери ыйлайт же сийип жиберет. Ошондой эле чачынын түсү сууга салганда өзгөрөт.

ЧОҢ КУУРЧАКТАРДАН КЕМ КАЛБАЙТ

ЛОЛ Сюрприз куурчактары бири биринен айырмаланып турат. Бири ырчы болсо, экинчиси бийчи, дагы бири ханыша болсо, дагы бири спортчу. Анан да бул куурчактардын башкалардан өзгөчөлүгү – коллекциялык экендигинде. Кичинекей кыздар бирөөсүн алган соң, калгандарын да сөзсүз чогулткусу келет.

Алар жөнөкөй резина оюнчук эмес, функциясы боюнча чоң куурчактардан кем калышпайт. Баштары алынат, кийими бар жана колу-буттары кыймылдайт. Куурчактардын боюнун узундугу 8-9 гана сантиметр болгондуктан, чөнтөккө салып жүрүүгө ыңгайлуу.

Жасмин Манапбаева
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
15.01.2019. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде шарын коро элекмин,бирок капсуласы бар,300 сомдун тегерегинде бир капсуласы,учоо болгону 1000ге жакын,кичинекей кыздардын баары азыр ушу куурчак менен "оорушат",тан каласын ушу кичинекейлер да кантип жалпы "оорушат",каяктан билет оюнчукка болгон моданы деп)))
Капсула алып берсен айфон алгандай суйунушот го чиркин...
17.01.2019. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
интернеттен мультиктерден корушот да.
17.01.2019. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин кызым да жаны жылга аябай кутуп жаткан тиленип,жолдошумдун началниги белекке берди 3000 руб.турат,башы алынат муздак сууга салганда койногун тусу озгорот бир шарик и капсула алдык, Москвада кымбат турат,КРдан алдырат окшойбуз.хе хе
18.01.2019. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оригиналды коро элек экенмин,кытайдыкын эле алып бердик бир жолу эптеген эле бирдеме.оригинал 1500 кытайдыкы 200,300
18.01.2019. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
miraidaaa,ооба,биз деле Кытайдыкын алып бергенбиз Жаны Жылда,арзан..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо