№845 11-17-январь, 2019-жыл

БАДАМ МЭЭНИН ИШТЕШИН ЖАКШЫРТАТ

  1. Анын ачуусу да, таттуусу да болот. Бүгүн чыгыш өлкөлөрүндө “падыша жаңгагы” деп саналган бадам тууралуу сөз болмокчу. Эмнеге падыша жаңгагы дейсизби? Анткени бадамдын ден соолукка пайдалуулугу зор болгондуктан баасы өтө кымбат болуп, падышалар гана сатып жешчү экен. Бүгүнкү күндө деле анын баасы кымбат (килограммы – 300-800 сом). Анткени менен базарлардан, дүкөн текчелеринен жана түштүк жергесиндеги ар бир үйдүн багынан байма-бай кезиктирүүгө болот. Бул жаңгак түрү эмнеси менен баалуу?

  2. Бадамдын пайдасы


    • Курамындагы фосфор, магний, кальций минералдары сөөктү жана тишти бекемдейт, остеопороздун алдын алат.
    • Бадам магнийге бай. Бул минерал артериалдык кан басымды түшүрүп, жүрөктүн жана жүрөк кан тамырларынын иштешин жакшыртат, кандагы холестериндин деңгээлин түшүрөт. Демек, бадамды күнүмдүк тамак тизмесине кошуу менен жүрөк пристубунун жана инсульттун алдын алууга болот.
    • Организмге керектүү болгон Е витамини башка жаңгак түрлөрүнө караганда бадамда көп. Баарыбыз билгендей, бул витамин мээнин жана нерв системинин жакшы иштешине өбөлгө. Мындан сырткары Е витамини көрүүнү жакшыртат жана көздүн ичиндеги майда кан тамырларды жарылып кетүүдөн сактайт.
    • Бадамдын курамындагы антиоксиданттар жана Е витамини тери жана чач үчүн да эң пайдалуу. Булар терини нымдаштырып, эрте бырыш түшүүдөн сактайт. Ал эми курамындагы май кычкылдары чачты кургап кетүүдөн сактайт, чачтын түбүн бекемдеп, сапатын жакшыртат.
    • Курамындагы цинк тестостерон гармонунун иштелип чыгуусун шарттайт.
    • Бадамдын курамында углевод дээрлик жокко эсе болгону менен, пайдалуу майлар, белок, клетчаткага бай. Андыктан бул жаңгак түрү кант диабети менен жабыркагандар үчүн табылгыс азык. Күнүгө жеп туруу менен кандагы канттын деңгээлин төмөндөтүүгө, инсулиндин иштелип чыгуусун камсыздоого болот.
    • Метаболизмди жакшы иштетет. Андыктан арыктоону самагандар коркпой эле менюга кошууга болот.
    • Косметологияда бадамдын майы ар кандай кремдерди, шампундарды жасоодо кеңири колдонулат.
    • Кулинарияда бадамдан алынган май, сүт, бадам уну кеңири пайдаланылат.
    • Эскертүү!!! Бадамдын курамындагы заттарга аллергиясы барлар аны жегенден абайлоосу керек.

    Ашканада бадам эт, балык, жумуртка, күрүч, жашылчалар, мөмөлөр менен мыкты айкалышат


  3. ШИРЕЛҮҮ ТООК ЭТИ


    Керектелүүчү азыктар:

    Тоок эти – 400 грамм
    Бал – 2 чай кашык
    Соя соусу – 1,5 аш кашык
    Алма уксусу – 1 чай кашык
    Бадам – 2 аш кашык
    Каймак май – 10 грамм
    Өсүмдүк майы – 1 аш кашык
    Туз, калемпир – татымына жараша

    Даярдоо ыкмасы:

    1. Бал, соя соусу, алма уксусу, калемпир, өсүмдүк майы жана тузду аралаштырып маринад даярдап алабыз.
    2. Тоок этин кесимдерге бөлүп, 30 мүнөт маринадга салып тыныктырып коёбуз.
    3. Электр мешинин табасын майлап, үстүнө маринаддалган этти тизебиз. Эттин үстүнө каймак майдан сүйкөп, майдаланган бадамды себелейбиз да, табаны 175 градуста иштеп турган электр мешине 30-35 мүнөткө салып бышырып алабыз. Тоок этине гарнир катары демделип бышырылган күрүч, гречка, жашылча салаттарын берүүгө болот.

     

  4. БАДАМ СҮТҮ


    Керектелүүчү азыктар:

    Бадам даны – 200 грамм
    Суу – 800 миллилитр

    Даярдоо ымасы:

    1. Бадамды жылуу сууга 8-12 саатка чылап коёбуз. Жибиген соң кабыгын сыйрып салабыз.
    2. Бадамды блендерге салып майдалайбыз да, сууну куюп эзебиз. Андан соң аны дакиден же сүзгүчтөн өткөрөбүз. Бадам сүтү даяр! Сууну канчалык аз куйса, ошончолук коюу сүт даярдоого болот. Бадам сүтүн айнек идишке куюп, муздаткычта 3-4 күнгө чейин сактоого болот.
      Бадам сүтүн ичүүгө жана ар кандай таттууларды, коктейлдерди жасоодо уйдун сүтүнүн ордуна пайдаланууга болот. Ал эми дакиде калган бадамдын калдыгын камырга кошууга болот.

     

  5. “АЙ” ТОКОЧУ


    Керектелүүчү азыктар:

    Камыры үчүн:

    Каймак май – 100 грамм
    Ун –
    200 грамм
    Кумшекер – 40 грамм
    Муздак суу – 50 миллилитр
    Туз – 1 чымчым

    Туурамжысы үчүн:
    Бадам – 200 грамм
    Корица – 0,5 чай кашык
    Бал – 100 грамм
    Кумшекер күкүмү – 2 аш кашык 

    Даярдоо ыкмасы:

    1. Унду элеп, чоңураак идишке салабыз да, кумшекерди, тузду кошуп аралаштырабыз. Бөлмө температурасында эритилген каймак майды кошуп аралаштырабыз.
    2. Ундун үстүнө муздак сууну куюп камыр жууруйбуз да, целлофан баштыкка ороп, 30 мүнөткө муздаткычка салып коёбуз.
    3. Бадамды блендерге салып майдалап алабыз да, ага балды кошуп аралаштырып туурамжы (начинка) даярдайбыз.
    4. Камырды алып чыгып, 20 бөлүккө бөлүп, ар бирин тегерек формада жаябыз.
    5. Жайылган камырдын четине туурамжыдан салып, рулет сыяктуу кылып оройбуз. Оролгон камырды жарым ай формасына келтиребиз.
    6. Токочторду электр мешинин табасына тизип, 180 градуста 15-20 мүнөт бети бир аз кызарганча бышырып алабыз. Муздаган соң бетине кумшекер упасынан себелейбиз. Чай менен берилүүчү токочубуз даяр!

    Дамира Арстанова
    kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(10)
16.01.2019. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы маалыматтар экен чоң рахмаат сиздерге
16.01.2019. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бадамдын көчөтүно кандай кам көрүп,кантип мол түшүм алса болот,ошону да жазсаңыздар.
16.01.2019. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Flowhive, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-01-16 17:24:00
17.01.2019. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Flowhive,бадам сууну аз ичет,кургак жерге эксе жакшы тушум берет
16.01.2019. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орусчасы кандай аталат ошондо?
16.01.2019. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
al79mi,миндаль деп эле сатылат го
17.01.2019. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мм аябай жакшы кором,бирок аллергиям бар да
18.01.2019. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен кундо жеп журом,тилекке каршы азыр стамотологияда отурам.
20.01.2019. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
egemberdievagulbara,Тишин менен чакпа да
21.01.2019. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы екен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо