№845 11-17-январь, 2019-жыл
Убагында көргөзмөлөрдүн көркүн ачкан модель, андан сырткары өзүн актёр, ырчы катары да сынап жүргөн Амаль Бабажанов 7-январда Бишкектеги тойканалардын биринде заманбап үйлөнүү тоюн өткөрдү. 3 жарым жыл сүйлөшүп жүрүп мамилесин бекемдеген түгөйлөрдү досу, ырчы Иса Өмүркулов куттуктады: “Амаль экөөбүз көп жылдан бери доспуз, бир IT-компанияда чогуу иштеп калган жайыбыз да бар. Өзү жоопкерчиликтүү, ыймандуу, жакшы адам, минтип убактысы келип үйлөндү. Той сонун болду, ырдадык, бийледик, жардык дегендей. Негизгиси эки жашка бакыт, ынтымак, барчылык каалайм. Көп балалуу болушсун!”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |