№846 18-24-январь, 2019-жыл
Өткөн жумада Ош шаарында 2 жаштагы наристе сабалып каза болду. Баланын өлүмүнө анын жеңеси шектелип кармалып, камакка алынган.
«БАЛАНЫН ДЕНЕСИНДЕ КӨГӨРГӨН ЖАРААТТАРЫ БОЛГОН»
Бул окуя тууралуу Ош ШИИБинин маалымат кызматкери Замир Сыдыков төмөнкүлөрдү айтып берди:
Наристенин өлүмү боюнча Ош ШИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгү (Этиятсыздыктан киши өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары каза болгон наристенин 1988-жылы туулган К.Б. аттуу жеңеси (атасынын бир тууган агасынын аялы) кармалып, Жалал-Абад шаарындагы СИЗОго киргизилди.
Каза болгон наристенин ата-энеси ажырашып кетип, экөөнүн ортосундагы 2 бала атасынын колунда калган. Атасы Орусияга барып иштеп жүргөн. Ал өткөн жылдын 30-декабрында балдарын Ош шаарында жашап жаткан агасы менен жеңесинин колуна багып туруу үчүн таштап кеткен экен. Кылмышка шектүү тергөө учурунда берген көрсөтмөсүндө наристени шымына сийип койгону үчүн анча-мынча чымчып, буту-колуна уруп жүргөндүгүн билдирди. Анын айткандарын күйөөсү да тастыктап, аялы тарбиялоо максатында кээде кол көтөрүп жүргөндүгүн айтты. Учурда бул факты боюнча окуяны толук жана объективдүү текшерүү, иликтөө иштери жүрүп жатат.
«ИНИМ МЕНЕН КЕЛИНИМ АЖЫРАШЫП, БАЛДАРЫ БИЗДИН КОЛУБУЗДА БОЛЧУ»
Биз кылмышка шектелип кармалган келиндин жолдошу Тыныбек Самидиновго байланышканыбызда, ал аялынын күнөөсүз экендигине ишенерин айтат:
Ал былтыр күз айларында келип, балдарын айылдагы апама таштап, кайра иштегени Орусияга кеткен. Ошондо мен иниме «балдар чоңойгуча апасы менен болгону жакшы. Апасына бер» десем, иним «багам деп айтпаса, мен ага кыйнап бермек белем?» деп койду. Апама «инимдин балдарын мен алып кетейин, бала бакчага берем» десем, апам «өзүңдүн 5 балаң болсо, кыйналып калбайсыңбы. Өзүм эле карайм» деп өзү алып калган эле.
«БАЛА КУСА БОЛУП ЖҮРЧҮ»
Шаардын жашоосун билесиз да, эртең менен чыгып кетем, кечинде келем. Балдарга көп деле көңүл бура албайм. Бир күнү жумуштан келсем, аялым Алинин көгөрүп калганын айтты. Көрсө, ал музга жыгылып, башы менен тийип, көгөрүп калыптыр. Музга жыгылгандан кийин келинчегим баланы ооруканага алып барыптыр. Дарыгерлер «ооруканага жатып дарылансын» десе, келинчегим «азыр шартым жок. Жакында атасы келет. Ошондо биротоло дарылаталы. Азырынча дары жазып бериңиз, ошону берип туралы» деп дары берип жаткан. Ага чейин бир ирет балдар менен ойноп жатып, сөрүдөн жыгылган экен. Ошолордон улам денесинде көгөргөн жерлери бар экен. Анан бала шымына сийип коё берген экен, аялым горшокко отурганга көндүрүү үчүн кичине чымчып койчу экен, бирок сабап өлтүргөнүнө мен ишенбейм. Ал балдарга катуу деле айта турган адам эмес.
«МЕНИ КОЁ БЕРИП, АЯЛЫМДЫ КАМАП КОЮШТУ»
Бир убакта милиция кызматкерлери келди, алар «эмне болду?» деп сурабайт экен, «эмнеге өлтүрдүң?» деп сурайт экен. Анан аялым экөөбүздү милиция бөлүмүнө алып барып, суракка ала башташты. Ар кимиси келип «эмнеге өлтүрдүң? Кичине ургансың да» деп кетишет. Ошентип жатып, балким, аялымдын моюнуна коюп коюшту окшойт, түнкү саат экилерде мени коё берип, аялымды камап коюшту.
«БАЛАНЫ ЖЕРГЕ БЕРЕЛИ ДЕП КЕТСЕК, МЕНИН БАЛДАРЫМДЫ ИНТЕРНАТКА АЛПАРЫП КОЮШУПТУР»
Келинчегим учурда Жалал-Абаддагы СИЗОдо жатат. Биз барсак жолуктурбай коюшту, кайнежем кирип жолугуп чыкты. Тамак да жебей ыйлап эле отурат деп айтты. 6 айлык боюнда бар, кантип жатат экен?..
Иним уулу каза болгон күнү эле келген. Инимди деле аялым экөөбүз чоңойтконбуз да, ошондуктан жеңеси кандай киши экенин билет. Бир да жолу уулунун өлүмүн жеңесинен көрүп, шек санаган жок. Тескерисинче, «силерди кыйнап койдум» деп кыжалат болуп жүрөт. Келинимдин туугандарына кабар бергенбиз, өзү болсо дагы деле келе элек.
Инимдин баласын коюп келели деп айылга кетсек, социалдык кызматкерлер үйгө келип балдарымды интернатка алып барып салышыптыр. Аны угуп түнү менен айылдан келдим. Бир топ эле ызы-чуу болдук. «Балдарды ким карайт?» деп текшерип жатып араң колума беришти. Учурда балдар айылда, апамдын жанында.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Айланайын кыргыз элим эч бир наристе тируу жетим калбасынчы
Эми эле 10 болгонкен кичине чыдап карап турса
Алып кетмек.Эхх аттин оронуп алганын таш
Боор