Муратбек Султанбеков, ойлоп табуучу: «ЭЛЕКТР ВЕЛОСИПЕДИН ЭСКИ ТЕТИКТЕРДЕН ЖАСАП ЧЫКТЫМ»

№846 18-24-январь, 2019-жыл

Жашоого керектүү техниканы «акчам болгондо сатып алат элем» же «бирөө жасап берсе колдонот элем» деп жүрө бербей, көрүп-билгени же идеясы боюнча өз алдынча жасап колдонгондор бар. Алардын бири – Бишкектин 48 жаштагы тургуну Муратбек Султанбеков. Ал өзүнүн элосипед аталган электр велосипединин жасалышы, колдонулушу боюнча айтып берди.

ЭЛОСИПЕДДИН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ

  • Педалын айландырбайсың.
  • Жол таштак, өңгүл-дөңгүл болсо да силкилдебейт. Башкаруу оңой. Андыктан кош бойлуулар да айдаса болот.
  • Тепкичтерден ылдый түшкөндө да көп силкилдебей, оңкулдап-доңкулдабай түшүп кете бересиң.
  • Тетиктери сынса, бузулса оңой табылат.
  • Өйдөдөн ылдый түшүп келе жатканда өзүн-өзү заряддайт (тормозду тепкендин эсебинен).
  • Экологияга зыяны жок («жашыл технология»).

ИДЕЯ ЭМНЕДЕН УЛАМ ЖАРАЛДЫ?

– Менин техникалык билимим жок, кесибим боюнча врачмын. 2 жыл мурун жайында телевизордон ойлоп табуучулар тууралуу берүүнү көрүп калдым. Анда техникалык билими жоктор деле ар нерсени ойлоп таап жасап алгандары көрсөтүлдү. Аны көрүп биз деле жасасак эмнеге болбосун деп ойлодум. Чет өлкөлүктөр жасагылары келсе техниканы жаңы бөлүктөрдөн курап ала беришет. Аларда акча маселеси жок. А менин максатым – элдин капчыгына ылайык аз чыгым кетүүчү, мүмкүн болсо колдо бар нерселерден жасалчу техниканы ойлоп таап, элге жайылтуу керек болду. Жасасам ага патент албайм, ким кааласа көрүп жасап ала берсин дедим. Андыктан патент алган эмесмин. Ошентип ойлоп отуруп, электр менен жүрүүчү велосипед жасамакчы болдум. Себеби кичинемден бери велосипедге кызыгып келем. Анан керектүү тетиктерди издеп велосипеддин, мотоциклдин эски тетиктерин сатуучу жерлерге бара баштадым. «Мындай же тигиндей барбы?» деп сурасам «эмне кыласың дешет. Идеямды айтсам кызыгып, кээ бир нерселерди бекер эле берип коюшту.

Үйдө бурчта эски Москвичтин рессоралары жатчу. Андан рама жасамай болуп машина оңдогон балдарга алып барсам, болоттон жасалган нерсени ийип, тешүү кыйын экен, эптеп жасап беришти. Велосипеддин башка керектүү тетиктерин таап келип, бош убактымда иштеп, колумдан келбегендерин ар кимдерге алып барып жасаттым. Кээ бирлер акча албай эле жардамдашты. 2,5 ай дегенде бүттүм. Велосипедиме интернет колдонуучулар элосипед деген ат коюп беришти. Баягы жасоого катышкандарга алып барып көрсөтүп, тептирип көрдүм. Баарына жакты. «Жасап алсак болот тура» деп калышты.

КАЗАКСТАНДАГЫ КӨРГӨЗМӨГӨ САПАР

– Велосипедди сынап көрмөккө көчөгө тээп чыга баштадым. Айдоочулар деле, жөө жүргүнчүлөр деле карашат. Сигнал берип, токтотуп сурагандар да болуп жатты. Бир күнү бир жигит жолугуп, сүйлөшүп калдык. Көрсө, ал казакстандык журналист экен. «Биз ойлоп табуучулар тууралуу берүү даярдап жаттык эле, ошого катышып велосипедиңизди көрсөтүп бербейсизби» деди. Мен велосипедди жасаардан мурун аны көп болсо Кара-Балта, Токмок, Кантка дейре тебем го дегем. Журналисттин сөзүнөн кийин Казакстанга барууга макул болдум. Ошентип белгиленген датаны утурлай Бишкектен велосипедим менен чыгып, Алматыга 1,5 күндө жеттим. Көрсөтүүгө келген ойлоп табуучулардын жасагандарын көрүп, пикир алмаштык. Ошол берүүдө 2017-жылы Астанада
ЭКСПО көргөзмөсүнө катышууга сунуш түштү. Уюштуруучуларга «атайын кербен түзүлүп, ойлоп табуучулар жолду катар өздөрү ойлоп тапкан техникалары менен кошула беришсе» деген сунушту айттым. Алар пикиримди колдоп «Жашыл технология» кербени түзүлмөк болду. Кээ бирлер бар да, бир нерсени ойлоп тапканы менен, эл алдына алып чыкпай жүрө берет. Антпей, элге жайылталы дедим.

Ошентип көп өтпөй Бишкектен кайра велосипедим менен Астананы көздөй чыктым. Бул ирет кичи автобус жалдап, ага будканы чиркедим. Будкага керектүүлөрдү, батареяларды салдык. Маршрутубуз Бишкек-Алматы-Балхаш-Караганда-Астана болду, жалпы 1200 чакырым жүрүп, 5 күндө жеттик. Алматыдан тарта жол бою ойлоп табуучулар кошулуп көбөйдүк. Көргөзмөдө ойлоп табуучулар үчүн атайын жай уюштурулуптур. Ар кимдин ойлоп таап жасап келгендери менен тааныштык. Жасагандарыбызды өнүктүрүү жаатында кеңештик. Берүүлөр үчүн мен велосипедимди айдап көрсөтүп берип жаттым.

Эми максатым – Бишкек-Алматы-Астана-Ереван-Минск-Москва маршруту боюнча веложүрүш уюштуруу. Жалпы 12000 чакырым болот. Мени менен кошо кыргызстандык башка ойлоп табуучулар да чыкса, жол бою Кыргызстанды, анда өндүрүлгөн экологиялык таза продукцияларыбызды жарнамаласак деп ойлойм. Биздин жүрүштү журналист, блогер коштосо жакшы болмок. Идея бар, демөөрчүлөр табылса эле уюштурам.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(8)
22.01.2019. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азамат соз жок!
22.01.2019. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азамат!!!
22.01.2019. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир заряд менен кача км журсо болот экен ким билет ?
22.01.2019. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат экенсиз, бали!
22.01.2019. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бугунку заман билим илимдин технологиянын заманы. Башка эч нерсе жок. Ошондуктан бир гана билимге ишенелик оз акылыбызга ишенелик. Ар кайсы жомокторду ээрчибейлик. Асмандан бир нерсе тушпойт. Бул жашоодо адамзаттан откон акылдуу улуу зат жок.
24.01.2019. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсынарбы. А бул байкенин номери барбы? Элосипедин кантип корсок болот? Супер инфо жамааты байкенин номерин бергилечи
26.01.2019. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат экенсиз. Кыргызстандын өнүгүшү үчүн ушундай жаңы идеялар керек. Оо бир жылы сонун тулпар деген машина жасап чыгышты эле мындан ары өнүктүрөбүз деп сиздерге интервью да беришкен болчу. жым болуп дарексиз кетиштиви ошол жигиттер эмне болду экен а
27.01.2019. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик брат ишин илгери болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо