Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЫРЧЫЛАРДЫН БАГЫН АЧКАН ЫРЛАР

№846 18-24-январь, 2019-жыл

Ар бир ырчы калың элге жайыла турган, өмүрү узун ыр жараткысы келет. Бирок элдин табитин табуу чынында оор. Эгер ийгилик жылмайып хит жаратсаң, алдыда жашыл жол: атың да таанылат, капчыгың да калыңдайт дей бер. Алдыда белгисиз таланттууларды белгилүү ырчыга айлантып багын ачкан чыгармаларга орун бердик.

КУРАЛ ЧОКОЕВ, ЫРЧЫ: “МЕНИ КУРАЛ ЧОКОЕВ ДЕП ЭЛГЕ ТААНЫТКАН 3 ЫР БОЛДУ”

– Албетте, ырчыны элге ырчы катары тааныткан, мындайча айтканда, ырчылык багын ачкан чыгарма болот. Өзүмө токтолсом, мага Бек Борбиевдин “Билип жүр” ыры бактылуу билет болду. Ырды алгач 2012-жылы ырдап баштагам. Ал эми 2015-жылы ырдап чыккан Мукан Рыскулбековдун “Сейдакматтын ыры” чыгармасы Ильяз Андаш экөөбүздүн тең популярдуулугубузду арттырды, материалдык жагыбызды да көтөрүп берди. Ал эми 2017-жылы Расул Маматкуловго таандык “Кокон гилас” ырын ырдап чыккам, азыр ушул ырсыз той-топурлар өтпөйт десем болот. Мени Курал Чокоев деп элге тааныткан ушул 3 чыгарма болду.

АСКАТ МУСАБЕКОВ, ЫРЧЫ: “АРУУЗАТЫМ” ПОПУЛЯРДУУ БОЛОРУНА ИШЕНГЕМ”

– Негизи эле Элмирбек Иманалиевден жаман чыгарма жаралышы мүмкүн эмес. 2009-жылы жайында чыгармачыл топ Токтогулга жөнөп калдык. Ошондо Элмирбек агайдын “Аруузатымды” ырдаганын угуп, “мен да ырдасам” деп суктандым эле. Агай ырдап бүтөрү менен “мага бериңизчи” деп сурагандар көп болду. Мен Бишкекке келгенде агайдан уруксат сурап, колдоо алдым. Кудай буюруп, мени ырчы катары калың элге тааныткан “Аруузатым” болуп калды. “Аруузатым” популярдуу болоруна ишенгем, анткени бардык тарабы төп келген чыгарма. Жакшы чыгарма эч качан өчпөйт эмеспи, бул ыр кайда барбайын элдин назарында, азыркы күнгө чейин популярдуулугун жоготпой келет. Жакшы чыгарманы угабыз деген адамдардын саны арбын болот экен. “Аруузатым” мени популярдуу гана кылбастан, келечекте жакшы чыгармаларды жаратууга стимул, материалдык жаатты чыңдаганга көмөкчү болду.

ДАЙЫР ИСМАДИЯРОВ, ЫРЧЫ: “КАРА КӨЗҮМДҮН” АРТЫ МЕНЕН ҮЙ САТЫП АЛДЫМ”

– Менин чыгармачылыгымда эң алгач элге жайылган “Тутанбас сүйүү” аттуу ырым болду. Сөзү Ислам Сатаровго, обону Эдил Маматовго таандык чыгарма. 2008-жылы жарык көргөн. Ырым популярдуу болуп, анын арты менен Кыргызстанды түрө кыдырып гастролго чыгып, алгачкы концерттеримди бердим. Алгачкы Мерседес үлгүсүндөгү автоунаамды да ошол “Тутанбас сүйүүнүн” арты менен алгам. Бирок 2009-жылы жарык көргөн “Кара көзүм” аттуу ыр менин чыгармачылыгымда “визиттик карточка” катары орун алды. Кыргызстандын бардык аймактарында хит болуп, телефондун рингтонуна эң көп коюлган ыр болду. Азыркыга чейин “Кара көзүм” өз күйөрмандарын жоготпой келет. Майлуу-сүттүү ырымдын арты менен алгачкы үйүмдү сатып алдым. Мени ырчы катары тааныткан ушул эки ыр болду.

САМАРА КАРИМОВА, ЫРЧЫ: “САГЫНГАНДА АТАМДЫ” ЫРЫМ МЕНЕН ЭЛДЕН БАТА АЛДЫМ, КИРЕШЕ ДА ТАПТЫМ”

– Менин чыгармачылык чыйыр жолумда ийгилик алып келген ыр сөзү Анатай Өмүркановго, обону Эгемберди Талиповго таандык “Сагынганда атамды” болду. Бул ыр 2014-жылы жарык көргөндөн азыркы күнгө чейин аталардын юбилейлеринде сөзсүз жаңырат. Андан кийин эле “Мен дүйнөнү апам менен тааныгам” ырым популярдуу болуп, энелердин майрамдарында жаңыра баштады. Азыр кыз узатуу тойлорунда “Кыз узатууну” ырдап бер деп суранышат. Мен алып чыккан кыздардын алды азыр кайра жентек той, бешик той, сүннөт тойлорго чакырып жатышат. Кудайга шүгүр, эң биринчи тапкан байлыгым – бул элден көп бата алдым. Экинчиден, албетте, материалдык киреше да таптым. Тапканымды өзүмө, чыгармачылыгыма коротом. Ыр жаздырам, клип тарттырам, белгилүү дизайнерлерге эксклюзивдүү формаларга буюртма берем. Ушул ырларымдын арты менен элге алынып жыл сайын концерт берем. Бул жылкы 15 күндүк концертимдин ар бир күнү аншлаг менен өттү.

ИЛЬЯЗ АБДЫРАЗАКОВ, ЫРЧЫ: “АРМАНЫМДЫ” ЫРДАП ЧЫГАРЫМ МЕНЕН ПОПУЛЯРДУУ БОЛУП ОЙГОНГОМ”

– Эң алгачкы жазган чыгармам, сөзү Алтынбек Алымовго таандык “Арманымды” ырдап чыгарым менен популярдуу болуп ойгонгом. 2006-жыл, 18 жаштагы кезим. “Арманым” музыкалык хит-параддардын 1-сабынан түшпөй калды. Ошол эле жылы Бишкекте Спорт ордосунда жеке концертимди бердик. Негедир ошол кезде концерттерден түшкөн акчага унаа алып, аны кайра бат эле алмаштыра берчүмүн. Ошондон азыркыга чейин 15тей машина алмаштырдым окшойт, так эсебин билбейм. Кийин үй алганга кудурет жетти. “Арманым” мага көп ийгилик алып келди. Күйөрман топтодум, ырчы катары улуу-кичүү биле тургандай атымды түптөдүм, арты-артынан жакшы ырларды жаздым, чыгармачылыкта дос күттүм. Азыр да "Арманымды" ырдап берүүмдү сурангандар көп.

ДОБР, РЭП ЫРЧЫСЫ: “АТА-ЭНЕНИН БАРКЫ” ЫРЫМ MTV КАНАЛЫНАН КӨРСӨТҮЛҮП, МЕНИ ЭЛГЕ ТААНЫТКАН”

– 2006-жылы мектепти бүтүп, аскер кызматын өтөөгө кеттим. Ал жакта жүрүп “Ата-эненин баркы” деген ыр жазып, клип тарттыргам. Клибим Орустардын MTV каналынын Кыргызстандагы филиалында коюлуп, тарап кетиптир. Аскерден келгенден кийин дүкөндө соода кылып калдым да, клипти көргөндөр мени таанып, мактап кетишчү. Ал кезде телефондордо блютуз, икпорт деген мода эле, “Маяк” деген ырым телефон аркылуу тарап кетти. Кезек радиого жетип, “Жашоо керемет” ырым жаңыра баштады. Ал эми телевидениеге “Кыргыз” аттуу патриоттук ырым менен чыктым. Ошентип акырындап отуруп нукура кыргыз баласы Добрду эл тааный баштады. Кесибимден баар таап, унаалуу болуп, үй салып, үй-бүлөмдү багып келе жатам.

Асыл Орозбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(10)
22.01.2019. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Башкаларын билбейм бирок Ильяздын көпчүлүк ыры популярдуу болуп чыкчу.Дагы да эмгектенип келе жатат
22.01.2019. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
"Арманымды" 3- класстан бери угам. Ильяз мыктысың!
22.01.2019. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Дайыр менен Добрдын ырларын билбейм дагы укпайм,бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун дегендей,ырды да ырдай ала турган,үнү бар ырчылар ырдасын.Таш ыргытсаң ырчынын башына тийет.Ырдай алганы деле албаганы деле жүрөт ырчы болуп,ХХХХ окшоп
Модератор admin_portal түзөттү 2019-01-22 15:18:20
22.01.2019. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Курал, Дайыр,Добр дегендер азыркы шоу бизнестеги озун жылдыз сезген эптемейлер,Самара 15 кундоп концерт койот аренда толойбу сураштыргылачы башка ырчылар барса аренда деп олуп алган чалы буга не дейт экен.Ильяз азамат баарынан чыныгы талант
23.01.2019. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Самара жамман мактаныптыр го 15 концертинен бери айтып
23.01.2019. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Дайыр өтө эле мактаныптырсың го. Кара көзүң рингтондорго коюлбай эле жүрдү, мактанып ырдабай эле койчу.
24.01.2019. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Boha1, Дайыр,Кытайдан товар алып ташып уй алдым Восток 5тен дер 7-8жыл мурун айткан...Ошол варианты эле чын го дейм...
24.01.2019. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ильяздын ырлары катары менен эле популярдуу болуп,эл арасына кенири тарады.Ильязды хит машина деп койсо деле болот )))
26.01.2019. 06:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Il9zdyn azap degen yry jagat
26.01.2019. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ильяздан башканар унчукбай деле койсонор болот,болсо болгондур 15-20000адам силерди уккан,а Ильязды КР, Казахстан, Узбекистан уккан ошол кездерде так что типа ырчылар молчите...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо