Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Роза Шакирова, ырчы: «КЭЭДЕ ЖАКШЫ ЫРДАГАНЫҢ ДЕЛЕ МААНИЛҮҮ БОЛБОЙ КАЛАТ ЭКЕН»

№846 18-24-январь, 2019-жыл

Роза Шакированын чындыкты бетке айткан сапатын баалайм. Аны менен маек дагы жандуу, мазмундуу өтөт. “Бут тосууну жалкоо адамдын шылтоосу деп билчүмүн. Көрсө, айрым адамдарга жакпай калсаң, көп программаларга кошпой эле коюшат экен” дейт ал.

– Роза эже, саламатсызбы? Учурда ден соолугуңузду чыңдап жүрүптүрсүз. Адам жарым жылда бир текшерилип турушу керек экен. Сиз канча убакта ден соолугуңузга кам көрүп турасыз?

– Саламатсыздарбы? Туура, жарым жыл сайын барып көрүнүш керек деп уккам. Бирок биз ооруп төшөккө жатып калмайынча барбайбыз да. 3-4 жылдан бери төрөйм деп дарыгерлерге дайыма эле көрүнүп турам. Бир аз эле шек жаралып жатса дароо анализ тапшырам. Сактыкта кордук жок демекчи, алдын алган жакшы, менимче. Бирок менин эң коркконум эле тиш доктур. Тишимди оңдотом дегениме 3-4 жыл болду, барбай жүрөм.

– Учурда коомдо болгон кайсы окуя сизди кайгыга салууда?

– Мени кыргыздын супсулуу кыздары бөлөк-бөтөн улуттарга турмушка чыкканы өкүндүрөт. Эмне, кыргыздарда жигиттер азбы? Ошол кыздарды түшүнө албайм.

– Ырчылар сахнага кийген формаларына оңой эмес каражат жумшайт. Сиздин эң кымбат кийимиңиз канчага бааланган?

– Сахнага кийимдеримди 1 жыл же 1 жарым жыл кием. Кийилбей калса бирөөлөргө берип салам же катып коём. Чынында, мен кымбат баалуу кийинишим керек деп бааларына көңүл бөлбөйм. Учурда кийип жүргөн улуттук көйнөктөрдү 15-20 миң сомго тиктиребиз. Эң кымбаты 2006-жылы 30 миң сомго бааланган. Азыр кийимдериме канча каражат кетип жатат эсептебей деле калдым. Анткени, Кудайга шүгүр, тойлорго чыгып, чыгымдарым жабылып турат.

– Байкасак, мурун көбүнчө муңдуу ырларды аткарчу экенсиз. Чыгармалардын бири болбосо экинчисинин сиздин жашооңузга тиешеси бардыр?

– Ооба, башында кайгылуу ырларды көп аткарчумун. Буга себеп, балким, “Тунгуч” театрында Асылбек агайдын (ред.: Өзүбеков) колунда тарбияланганымдан болсо керек. Азыр эстесем, ага чейин деле Улуттук консерваторияда окуганда муңдуу ырларды аткарчу экенмин. Бирок “Үйлөнүү той” деген чыгарманы өзүм турмушка чыкканда ак көйнөк кийбей калганымды элестетип алып ырдагам.

– Жыл аягында көп жылдан бери Коомдук телеканалда өткөрө турган “Көгүлтүр отко” катышуучулардын тизмесинен чийип жатышкандарын жазып чыктыңыз. Ошонун аягы эмне болду?

– Коомдук телеканалдын берүүсүнө бардык ырчылар катышкысы келет. Мени башка бардык телеканалдар чакырышат да, жыл сайын Коомдук телеканалдын жаңы жылдык берүүсүнө чакырылбай калам. Ал жакка укмуш ырдагандар катышат экен. Ошого ызаланып "ким тизмени карайт, эмне үчүн чийип салат?" деп Инстаграмдагы баракчама жазгам. Көзүм менен көргөн жокмун, укканымды айтайын. Программанын продюсеринин айтымында, алар тизмени көтөрүп директорго алып кирсе Илим (ред.: Карыпбеков) мени чийип салат экен. Мен ошол нерсени чыгарган болчумун. Мени "өзүңүз “шефке” кириңиз" дешти. “Шефине” да киргим келген жок. Жыл сайын кирип, катышып ырдабай эле койдум. Өздөрү ырдай беришсин. Кийин Илим Карыпбековдон менин күйөрмандарым сурашканынан ал “мен тизмеге кол гана коём, ырчыларды уюштуруучулар өздөрү тандайт” дептир. Мен да күнөөнүн баары уюштуруучуларда го, белгилүү продюсер эле мени тизмеден чийип, жаңы жылдык берүүдө ырдабай калдым деп ойлойм. Баса, жана сен бут тосуу жөнүндө сурап жатпадың беле, мына, бут тосуу деген ушул экен да, көрсө. Бир таанышыңа жаксаң, экинчисине жакпайсың. Анан ушинтип тизмеден чийилип калат экенсиң.

– Сахнада башка, сахнадан тышкаркы жашоодо чыныгы жүзү башка болгон ырчыларды көрүп жүрөбүз. Сиз кесиптештер тарабынан эки жүздүү мамилеге туш болдуңуз беле?

– Жашоодо кандай болсоң, эл алдында антип жүрө албайсың. Сахнага чыкканда сени канча эл көрүп турат, ичиңдеги кайгы-муңду, уруш-талашыңды көрсөтпөшүң керек. Биз элге жагымдуу маанай гана тартуулаганыбыз туура. Сахнада бир жүзүбүз, сахнадан тышкары бир жүзүбүз бар. Ошондо баарыбыз эле эки жүздүү экенбиз (күлүп). Бирок менин чөйрөмдө, тегерегимде кара мүртөз эки жүздүүлөр жок.

– "Сахнага чыгам деген адам алгач продюсер менен иштешсе, элге таанылуусуна оңой болот" дешет. Бул сөзгө кошуласызбы?

– Сөзсүз түрдө, анан да продюсериң сөзсүз Коомдук каналда иштеши керек деп калдым. Анткени кээде жакшы ырдаганың деле маанилүү болбой калат экен. Эгер продюсериң күчтүү болсо мага окшоп көп жерден чийилбейсиң.

– Эл адамы болуунун рахаты бар, ошол эле учурда түйшүгү оор. Сахна адамынын көшөгө артындагы жашоосу кандай?

– Туура, элдин купулуна толуп, көргөн жерде сыйга татыктуу болсоң чоң бакыт. Мындай бакытка жетүү үчүн канча түйшүктү басып өтөбүз. Аны көтөрө алганы да, көтөрө албаганы да бар. Аялзаты үчүн биринчи орунда үй-бүлө. Сахнаны да, үй-бүлөнү да чогуу алып жүрсө бул чоң жеңиш. Чыгармачылыкта кээде күндө түшүнбөстүктөр болот. Ошого моюн сунуп калбай жолдошуңду, балдарыңды, бир туугандарыңды угуп, чыгармачылыкты бир жолдо алып кетүү кыйын.

Кээде той-топурга барганда улуу муундагылар же 1-2 жаш улуу ырчылар болсо деле кезекти берүүгө туура келет. Себеби сен бербесең, кийин кичүүлөр сени сыйлабай калат деген ойдомун. Ошол себептен кечигип калсам жолдошум “эмнеге кеч чыктың?” деп түшүнбөстүктөр жаралат. Үй-бүлө болгондон кийин күндө болбосо да бир айда 4-5 жолу келишпестиктер чыгып турат. Чогуу жашап жатканыбыздын өзү ошондой келишпестиктерди жеңүү деп билем. Эгер чыдабасак эки ажырымга тарап кетмекпиз. Кудай андай ара жолго салбасын. Мен үй-бүлөмдү биринчи орунга коём, чыгармачылыгым болсо кесибим. Ошондуктан экөөнү чогуу алып кеткенге аракет кылам.

– Учурда тили чыга элек баладан тартып карыган чоң ата, чоң энелерге чейин интернеттен чыкпай калышты. Сиздерде да үйдө көз карандылык барбы?

– Интернет чын эле балээ болду. Сен айткандай, чай ичип жатканда уулум да, мен да, жолдошум да телефонго алаксыйбыз. Интернеттин артынан көп кыз-балдарыбыз жаман жолго барып жатышат. Илгери интернети жок эле жүрчү эмес белек. Ошондуктан интернетти чектеш керек деп ойлойм.

– Маегиңизге рахмат. Ден соолукта болуңуз!

"Чыгармачылык менин кесибим. Андыктан үй-бүлөм менен чыгармачылыкты чогуу алып кетсем дейм".
"Айнура, Азиза үчөөбүздүн ортобузда сый-урмат күчтүү".
"Бишкекке жаңы келип, биринчи курста окуп жаткан кез".

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(16)
22.01.2019. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Канат Култаев окшойт да .ошолжаны жылдык программаны жетектейт ко жыл сайын
22.01.2019. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Nanei, Men da owol goo dep kaldym. Kanat Kultaev dep. Ozun kyiyn sezip adam tandagan kiwi okwoit go.
22.01.2019. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Р.Шакированы ырдай албайт десе өлгөн экен.Бул да болсо коррупциянын гүлдөп өскөнү.Роза эже капа болбоңуз эл билет сиздин кандай ырчы экениңизди.
22.01.2019. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
Жакшы ырдаганын деле маанилуу болбой калат экен деп озун озу мактаганго Розада мен менсинуу бар ошол учун коп жерден чийилип калып аткандыр,Туулган кунун бир кафеде откоруп атыптыр жайында биз да ошол жерде эле Розаны коруп суротко тушолу десек жок тушо албайм кагынып силкинип басып кеткен
25.01.2019. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
karona12,ой анан туулган кунундо эс алсын да эс алганы майрамын откоргону барды куйормандар мн суроткао башка учурда тушот
22.01.2019. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Крде таанышын поддержка болсо ырдай аласынбы, албайсынбы маанилуу эмес! Жылтырак койногун болсо, коомдук каналда продюсерин болсо талтанда да талтанда, конумуш эле корунуш, унун укмуш болсо да поддержка жок болсо кечирип кой
22.01.2019. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азыр үнү эмес пулу барлар чыгып калды дешет го
22.01.2019. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Култаевдин ордуна барганда тушуносунор. Суйлой бергиле ага чейин... э элестеткиле азыр ырчыдан коп неме жек. Баарын эле Култаев ырдата берсе, ар кимдин эле арманын укканга убакыты бар дейсинерби?
23.01.2019. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Brejneva,туура ырчыдан коп неме жок! Бирок ошол концертте кимдер ырдаганын кордунорбу?! Аты жыты белгисиздер да журду арасында! Так что Роза туптуура айтат! Таанышын болсо танкасын деген заман азыр!
23.01.2019. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайдан башка эч ким билбейт чындыкты.
23.01.2019. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыргыз кыздардын башка улутка турмушка чыгышы баарынардын номер один проблеманар болдуго. Эмне эркек балдарга асылбайсынар? Алар деле уйлонуп атпайбы дунгандарга? Аларга эмне кыргыз кыз калбай калыптырбы? Асылганынарды койгулачы, баардык жерде кыздарды куноолоп журосунор, Бишкекте деле, Москвада деле, баардык жерде кыздар куноолуу.
23.01.2019. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шакирова жакшы ырдайт негизи ачык айрым тарсылдап журот. Бетке айтат. Жакындан билген учун айтып жатам. Бетке айткан киши коп учурда эле баарына жага бербейт.
23.01.2019. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызга тиеби, башкага тиеби эн негизгиси мусулманга( каапырды мусулман кылса) тийип бактылуу жашаса болот да. Кыргыз жигиттери оздору шарт тузуп берип жатышпайбы башкага тийгенге. Орчундуу койгой деп чыга келгенине кулкун келет. Кыргыз коомунда андан да орчундуу койгойлор толуп жатканда.
glucke45 түзөттү 2019-01-23 17:26:32
24.01.2019. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен сыйлаган ырчы)
25.01.2019. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Розанын ырлары аябай уккулуктуу ,уну да сонун ."Издеп журом"деген ырыны наушник мн угуп рахат алчумун Россияда иштеп жургондо.Ал эми когултур отко катышпаганына окунбо ,анткени ырларыны суйуп уккан куйормандарын бар.Ал эми ХХХХХХХ мн айтышканында байкадым .ХХХХ адам экенин .ХХХХ туурасын айтса ,(ойду айтса тоону суйлоп).Бир чон калдайган мекеменин жетекчиси болуп туруп ХХХХ тан калдым
Модератор admin_portal түзөттү 2019-01-25 17:13:42
25.01.2019. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurhan2702, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо