Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДИЛШАТ КАНГЕЛДИЕВА “ТҮНДҮК ЭЛЕКТР” ИШКАНАСЫНЫН АЙЫБЫН АЧТЫБЫ?

№846 18-24-январь, 2019-жыл

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Дилшат Кангелдиева жашабаган үйүнө электр энергиясы үчүн 3982 сом эсеп дүмүрчөгү келгенин айтып “Түндүк электр” ААКсынын кызматкерлерине нааразы. Ырчы айым бул окуя боюнча төмөнкүлөргө токтолду:

– Биз Сокулук районундагы Ак-Жол айылында жайгашкан үйүбүзгө электр энергиясы үчүн буга чейин көп сумма төлөп келгенбиз. Электр кубаты 3 фазалуу болгондуктан ушундай көп чыгат турбайбы деп ойлочубуз. Мындан 3 жыл мурун кышында 3 айга деп 60 миң сомго дүмүрчөк келди. Мен эл адамы болгондон кийин калп айтмак белем? Бул жерден жетекчилердин күнөөсү деле жок болуш керек. Ал дүмүрчөктү алып келген көзөмөлчүнүн иши. Бизге олчойгон сумманы алып келген, анан сүйлөшүп, ошол сумманы өзүнө төлөгөнбүз. Ал болсо бул жакка башка сумманы жөнөткөн окшойт. Азыр сураштырсам ал жигит иштебейт экен. Мындай ортодон акча жасаган адамдар үчүн мен ортодо күйүп отурам.

Электр энергия үчүн октябрда биз 5300 сомду төлөп, бул жактан көп чыгым болот экен деп Бишкектеги бардык шарты бар батирибизге көчүп келгенбиз. Эми минтип жашабаган үйүбүзгө январь айында 3982 сомго дүмүрчөк келиптир,- дейт ырчы айым.

Ал эми “Түндүк электр” ААКсынын басма сөз катчысы Гуля Мураталиеванын айтымында, аларга аталган даректе 20-ноябрга чейин электр энергиясы колдонулган деген сигнал келген. Ошол суммага туум кошулуп отуруп аталган сумма келип чыккан. Акыркы 8 жылдык дүмүрчөктүн эсебин караганда расмий түрдө базага орточо Дилшат айым 10-12 миң сом гана төлөгөн деген маалымат бар.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
22.01.2019. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
СЧет келген соң, контролер эч качан өзүнө ала албайт, кичине апыртып ийгенге окшошуп турат.
23.01.2019. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
DNurgiza,ката кетириши мумкун,бизге да бир жылдары коп келир аткан ай сайын 1000 сом кошулуп апам барып урушкан эле кийинкисинде азайтып келишкен 150 сом кылып.
23.01.2019. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
miraidaaa, урушсак эле колдонгон сумманы азайтып ийгенге ишенбейм мен, ошондо калган сумманы контролер төлөп калабы. Негизи счетчик он жылдан соң же абоненттин эсебине, же өкмөттүн эсебине ичтеп калышы мүмкүн, б.а. бузулуп калат, ошондуктан ар кимди күнөөлөбөй счетчикти арыз жазып алмаштырышы керек.
23.01.2019. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эптеп унутулуп калганда эле бирдемени ойлоп гезит бетине чыга калышат.
23.01.2019. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ырчы айым үйлөрүм көп деп эле мактангысы келген го менимче ал жактан көп чыгым болуп бул жака көчүп келдик деп
28.01.2019. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул айым менин жердешим болот. Жаман соз жазбагыла! Ала-Букадан болот!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо