Эрлан Андашев, ырчы: «ШОУ ЭМНЕ ЭКЕНИН АКШдан КӨРДҮМ. БИЗДЕГИ КОНЦЕРТТЕР ШОУ ЭМЕС»

№847 25-31-январь, 2019-жыл

Бул жигиттин Инстаграм баракчасына кирсеңиз, дээрлик бардык сүрөтүн #КыргызстанKG хештеги алдында жүктөйт. Негизи эле чет жерде жүргөн адамда мекенине болгон сагыныч, келечекке үмүт кыйынчылыктарды жеңгенге күч берип, кайра кетем деген ой канат болсо керек. “Алыста жүргөнүңдө кыргыз музыкаларын уксаң, аз да болсо көксөөң сууп, сагынычың тарай түшөт” деген Эрлан Андашев АКШнын Огайо штатында жашап, иштеп, кыргыз обондорун океандын ары жагында созуп келет.

– АКШдагы мекендештерибизге Кыргыз жеринен салам. Сырттан караганда оңой көрүнгөнү менен, башка мамлекеттин эрежелерине көнүп кетүү, сиңирүү оор болсо керек...

– Бардыгыңыздарга салам. АКШга келгенибизге жазында 6 жыл болот. Бул убакыт оңой эле өтүп кеткен жок. Башында бөтөн жерде көптөгөн кыйынчылыктарга кабылдык, баарын сабыр, эмгек менен жеңгенге туура келди. Жумуштан жумуш алмаштырдым, заводдо, мейманканада иштеген күндөрүм болду. Кудайга шүгүр, баары турукташып, учурда оор жүк ташуучу унаа айдап иштейм. Бөтөн жерде тил билбеген да чоң маселе да, мага англис тилин өздөштүрүп, өзүмдүн оюмду кенен билдиргенге 6 жыл керектелди.

– 6 жыл аралыгында эки өлкөнү салыштырганга да убакыт кенен болсо керек. Эмнесинен үлгү алышыбыз керек экен? Тескерисинче, кайсы сапаттары, салттары көңүлүңүзгө туура келген жок?

– Бул жакка келген мүнөттөрдөн салыштырып баштаганбыз, салыштыруу токтобойт экен, азыркы учурга чейин “буларда мындай экен, бизде мындай го” деген салыштыруулар болот. Баары бир Кыргызстандыкы өйдө, ыйык сезиле берет, сагыныч сезими таштабайт негедир. Эмнесинен үлгү алыш керек десеңиз, мыйзамдуулугунан дейт элем. Бардык жарандар улуу-кичүү дебей мыйзамды сакташат, сыйлашат. Полиция кызматкерлери кандай сыйга ээ экенин көрүп “бизде да ушундай болсо” дейсиң. Мунун бардыгы паракорлуктан чыгып жаткан маселе да биздин өлкөдө. АКШ – коррупция жок жашаса болоруна үлгү мамлекет.

Салт деген нерсе жок. Кемчилиги оңою менен байкалбайт, адамдары меймандос келишет. Маанайы жок болсо тегерегиндегилердин да маанайын бузуп агрессияга алдырышпайт. Адамдар бири-бирин сыйлай билишет. Жалпысынан үлгү алчу жактары арбын эле.

– “АКШдан үй алып, айылдагы кызыбыз Раянаны өз колубузга алабыз” дедиңиз эле. Максатыңызга жеттиңизби?

– Азырынча үй ала элекпиз, батирде жашайбыз. Раянаны жаныбызга алганбыз, азыр 1-класста окуп жатат. Кичинекейлер губка сыяктуу бардык нерсени өзүнө бат сиңирип алат тура. Раяна да аракет кылып окуп жатат, бизге караганда тилди да бат өздөштүрүп кетти.

– АКШдагы жашоо шартка көнүп алып, “Кыргызстанга барганда эмне кылабыз?” деген ой болбойбу?

– Ой – күлүк да. Андай ойлор чет жакта иштеп жүргөн адамдардын баарында эле болсо керек. Анын үстүнө туруктуу жумуш таап, бир жерге көнүп алгандан кийин дароо кетип кала албай байланасың. Бирок туулган жердин топурагы алтын. Мекенге кайтуу максаты менен эле жашап келем. Биз жашаган Огайо штатындагы кыргыздар меймандос, ынтымактуу. Кыргызстандан жаңы келгендерге жардам берип, көнүп кетүүгө шарт түзүп беришет. Баарыбыз той-топурларда кезигип, чер жазышып турабыз.

– Эми чыгармачылыкка келсек, Ирина Шотт экөөңүздөр жаздырган “Жаным-жаным” дуэтинин Кыргызстанда күндөн-күнгө популярдуулугу артып баратат. Бул ыр АКШда угарман таба алдыбы?

– “Жаным-жанымдын” чыкканына 2-3 жума болуп калды. Кыска аралыкта ырыбыз өз угармандарын тапканына кубандык. Анын үстүнө интернет өнүгүп турган маалда чыгармачыл адамдарга оңой болот экен. Биздин ыр да социалдык тармактар аркылуу көпчүлүккө тарап кетти. Анын ичинде АКШдагы досторум, тааныштарым да угуп, Инстаграмдан жакшы пикирлерин жазып жатышат. Алыста жүргөндөр кыргыз ырларына суусап турушат да. Көптөн бери ырдабай жүрүп, жаңы ыр жаздырсаң, аны жылуу кабыл алышса, жагымдуу болот экен.

– Негизи эле кыргыз музыкасын дүйнөгө жайылтканга мүмкүнчүлүктөр барбы? Чет жердик музыканттар кыргыз ырларына, обондоруна кандай баа беришет?

– Мүмкүнчүлүк болсо керек, бирок оор. Анткени бул жакта музыканттарга талап абдан күчтүү. Аны менен кошо дүйнөнүн төрт бурчунан келген ырчылар болгондуктан атаандаштык да жогорку деңгээлде. Ар ким өз ордун сакташ үчүн тытынып эмгектенишет. Эң негизгиси, кыргыз музыкасын дүйнөгө жайылтыш үчүн көп каражат талап кылынат.

Ал эми биздин профессионал музыканттардын эмгектерин укканда таң калышат. Чоочун музыка, тил, стиль дегендей.

– АКШнын, Орусиянын “Голос” сынактарына катышсам деген тилегиңиз бар эле. Дагы деле аракет кылып жүрөсүзбү?

– Пландар бар. Буюрса, келечекте ошондой жогорку деңгээлдеги сынактардан мени көрүп каласыздар. Алдын ала сөз бербей турайын. Бирок ырларды тандап, кайсынысы ылайыктуу болот деп караштырып жүрөм. АКШга келгени жашоодо болобу, чыгармачылыктабы, чоң сабак алдым. Көп нерсеге оюм өзгөрдү. Кыргызстанда жүрсөм, ырларым балким, башка мааниде чыкмак. Алдыда жарыкка чыкчу ырларым мен үчүн такыр башка мааниде. Жакында көпчүлүгү жашоодон алынган чыгармаларыма күбө болосуздар. Ошол ырлар АКШда жүргөнүмдөн улам жаралды.

– Ал жакта концерттерге барып турасызбы? Кыргыз сахнасындагы ырчылардын концертинен эмнеси менен айырмаланат экен?

– Бош убакта, албетте, барып турабыз. Эң биринчи көзгө урунганы эле өнүккөн техника. Эгер шоу-концерт болот десе, чыныгы шоу программа көрсөтүлөт. Мен бул жакка келгени түшүндүм окшойт шоу кандай болорун. Бизде шоу-концерт десе эле бийчилер менен чыгып же артына экран коюп коюшат. Андыктан кыргыз ырчыларга да кайрылып кетет элем, эгер шоу көрсөткүң келсе, даярданып туруп чыныгы шоу тартуулаш керек. Чет өлкөлүк ырчылардын концерттерин көрүп үлгү алсак ашыкча болбос. Ал эми аракет кылып жаткандарга азамат гана дейм.

– Ата-энеңиз алыста жүргөн баласын зарыга күтүп жүрсө керек. Акыркы жолу качан көрүштүңүздөр?

– Жашоо шартка байланыштуу алыста жүргөнгө туура келип жатат. Бирок, Кудайга шүгүр, күн сайын көрүшпөсөк да, бир жылда бир көрүшкөнгө аракет кылабыз. Ата-энебизге АКШга виза ачып берип койгонбуз, сагынганда келип, эс алып кетишет.

– Маегиңизге рахмат! Ишиңизди ийгилик коштосун.


 

«Жубайым Перизат азыр иштебейт. Раянанын окуусун көзөмөлдөп үйдө».

Асыл Орозбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(20)
29.01.2019. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Иштерине ийгилик
29.01.2019. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Азаматтар! Бизге жаны формат алып келээр бекен? Азыркы коендой окшош ырлардан, клиптерден тажадык.
29.01.2019. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Саламатсызбы Эрлан байке! Акыркы Ирина м.н ырдаган дует жакшы чыгыптыр мындан ары да ийгилик каалаймын. Коменттерди окуйсуз билем, бир нерсе сурайын дегем. Виза боюнча. Кантип алдыныз эле? Акшга эч эле виза ала албай жатат жолдошум. Жол жобосун жазып койсонуз жакшы болмок. Посольстводо тааныш болуш керекпи же? Суранам жооп жазып коюнузчу!
29.01.2019. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Eliza1991, бул жерде башка сайтты рекламалоого эреже мага жол бербейт. Ошондуктан интернет айдыңында издесе көп түрү табылат. Мен да даярданып жүрөм. Айтор инеттен маалымат көп эле топтодум
29.01.2019. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Суперчилер, интервьюнарга ыракмат негизи, бирок дайыма бирдей суроо бере бербей, ал жакка кантип, ким аркылуу канча доллар сарптап кетти, жумушту кантип тапты? Уй-жай маселесинен ким жаржам берди?Биринчи барганда тилди уйронуп бардыбы?
Коншу-колондору кайсы улуттагылар? Башка улуттагыларга жергиликтуу бийликтин, полициянын мамилеси кандай,текшеруулор болобу? Депортация, чёрный список деген да барбы? ушулар жонундо да сурасанар дагы да кызыктуурак болмок экен.
29.01.2019. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Asyl10, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
31.01.2019. 06:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asyl10,
kanchalyk akchan kop bolso oshoncholuk viza aluuga jolun achylat, kopchuluk uchurda kyrgyzdar biri birine jardam kylyp ele ui jai maseleni chechip alyshat, til boiuncha aitsak tildi az bolso dagy bilip barsan joldo kalbaisyn, til adamdyn bailygy dei koiot go, pliciya boiuncha problemma jaralbait eger sen tuura joldo jurson, eger zakondu bussan alda promma jaralashy mumkun, rossiyadagydai polissiya emes, migranttardy toktotup kechke dokument teksherbeit.
29.01.2019. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Откон айда бир досум чет жакка ишке чакырып жатат, кулактандыруу кордум, Кыргызстанда иш жок кыйналып кеттим, ошолор аркылуу кетсемби деп ал фирмага чалса 500 доллардан 1000 долларга чейин толойсунор дептир, менин 1000 долларым болгондо байпак алып сатып тиричилик кылмакмын деп кала берди. АКШга канча менен доллар менен барып, айына канча таба алышат иштейм дегендер? Ким билсе жазып койгулачы. Эрландан ушул жонундо сурашпаптыр да
30.01.2019. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asyl10,
Барганга 2000-10000 $ Акча кетет жайгашып алганча. Айлык:
такси 5000-6000$
Трак (фура) 10000$(компания за иштесең), 15000-20000$ фура өзүнүкү болсо.
Башка иштер минимум 3-4 миң$ башталат. Иштегени баруу үчүн тааныштан мурун виза алуу маселеси бар. Виза алсаң анан интернет жардам сурасаң любой кыргыз жардам берет баштапкы маалда.
31.01.2019. 06:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asyl10,
andai aldamchylarga ishenbegile, alar akchany alyp viza alyp berishi kumon,kachyp ketishet, amerika baruu uchun kapchygynda akcha bolboso al jaka baram dep oilonushtun da kajeti jok, 1000dollar emne eken, jok degende 6000 dollar bank esebinde bolush kerek.
29.01.2019. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кантип эле чет жакка чыгып иштеп кетишет эч эле чечиле албай койдум. Тил деле билем..анан чын эле жогорудагылар жазгандай суроолорду берсенер болмок.
30.01.2019. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
balzaminka, ойчул ойлонгончо тобокелчи тоону ашат. Эмне кылабыз эми ичинизде коркунуч жашаса?
30.01.2019. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алыста жүргөн мекендештер ишиңерге ийгилик, күч кубат, аманчылык тилейм
30.01.2019. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мекенинен аман эсен келип алгыла
31.01.2019. 06:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul artister jonundo aitsak, chet olkogo chygam degen artisterge posolstva onoi ele viza avhyp berishet.
31.01.2019. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nora,Сиз Америкадасызбы
31.01.2019. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамаьтсыз ийгилик сизге. Дагы жакшы ырларды жаратып журо бериниз. "Жаным, Жаным" ырыныз элге аябай жакты. Анын ичинде ме да бармын. кунуго 10 эсе уксам да тажабайм. Кароче, вы супер )))
31.01.2019. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MKW.MYRZAiYM,ии кокуй, клавиатурадан кээ бир тамгалар басылбай кеткен тура.
01.02.2019. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо,админ.Бажарики киносундагы кайнатанын ролун ойногон кишиден интервью алгылачы сураныч.Жаш ырчылардын жанылыгын инстадан кундо коробуз, ушу кишиден алгылачы.Мурда жумасына суперди кутчубуз.Ийгилик каалайбыз
Модератор admin_portal түзөттү 2019-02-01 15:12:36
01.02.2019. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meni_kut, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо