Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

“МЕНИ ИЗДЕП ТАПСАҢ ЭКЕН ДЕЙМ, КАРАЛДЫМ”

№847 25-31-январь, 2019-жыл

Соттук билдирүү келди, “30-январга чейин үйдү бошотуп коюшуңуздарды талап кылабыз” деген. Телефон номурун таап, сот аткаруучуларга чалдым.

– Айланайын балам, мага билдирүү келиптир. Үйдү бошотуп кой дейби? Жаңылышып жиберип алган жоксуңарбы?

– Жок, ата. Дареги жазылган үй банкта күрөөгө коюлган экен. Насыя төлөнбөгөндүгүнө байланыштуу үйдү бошотушуңуздар керек.

– Балам, насыяны ким алыптыр?

– Каныбекова Эркайым. Бул иш менен мен алек болгонум үчүн бардык маалыматты эстеп калыптырмын.

Эркайым менин келиним. Анын аты аталганда эле иштин эмне болгонун түшүндүм. Муундарым бошоп, телефон колумдан түшүп, шалдырап отуруп калдым. 70 жашка келгенде мен кайда барам? Кимге “мени батырып алгылачы” деп жалдырайм? Келин сөрөй го, мейли. Тиги жалгыз уулумдун эмне кылганы? Жалгызым деп чаң жугузбай алаканыбызга салып бакпадык беле?.. Сөз тийгизбей көкөлөтпөдүк беле?.. Карыганда карааныбыз болот деп чоңойтподук беле?.. Эрмегим менин, ушул күндү көрсөтөрүңдү кайдан билиптирмин, каралдым. Үйдү сенин атыңа каттатып жатып кубанганымды эстедим. Сен үчүн бир иш жасасам азыр да жүрөгүм элжиреп кетет, ал үчүн сенин кубана турганыңды ойлогондо бактылуу боло берем.

– Эрмек, мына, үйдү сага каттаттым. Үй, мал-жан, жер, бар байлыгыбыздын баары башынан эле сеники экенин билесиң. Менин эми канча өмүрүм калды ким билсин. Апаң бизди таштап кеткенден кийин абалым жакшы болбой жүргөнүн деле көрүп турбайсыңбы,- деп сөзүмдү айткам.

Чынын айтканда, бул кадамым менен уулумду кубантып, келинимдин оңолушуна түрткү болом деп ойлогом. Келиним ичкиликти жакшы көрөт. Кээде уулум аны көчөдө жаткан жеринен көтөрүп келчү. Бирок турмуш тиричиликке тың, ак көңүл, жүрөгү таза адам болгондуктан Эрмек аны жакшы көрөт, ажырашкысы келбейт. Ичкиликтин айынан көп карыз болчу. Бирок үйдү күрөөгө койгондой ага эмне керек болду экен? Мен билбеген көп иш бар окшойт.

Кемпирим экөөбүз баш кошкондо ушул үйдү чогуу салганбыз. Экөөбүз тыпырап иштеп жүрүп курган элек. Бул там баламдай эле жүрөгүмө жакын да. Мында жашап жатканыбызга 50 жылдай болуп калды. Курулуп бүткөндө достор менен айлап майрамдап жууп жүрдүк эле. Анда тиги Таштан биз менен жүрө берип, аялынан тил укканычы. Аалыбек досум экөөбүз азыр да эстесек бир күлүп алабыз. Эх, ал жаштык кезди эстегенде кошунам Аалыкең экөөбүз жашарып калгандай болобуз. Бирок бул там бүтсүн деп чуркап иштеп жүрүп кемпирим Эрмектен кийин төрөй албай калбадыбы, ден соолугуна зыяны тийген экен. Үйүм менен коштошкон мага оор болот го.

А келиним менен балам болсо бир ай мурун сумкаларын чогултушуп, мага толук түшүндүрбөй Орусияга кетип калышкан. Ошондон бери мени менен байланыша элек. Мейли, аман жүрүшсө болду. Турмуш жаңылыштырып сабагын берет эмеспи. Бирок, уулум, ушундай кырдаал жаралып калса, кыштын кыраан чилдесинде карыган жаман чал кайда барып баш калкалайт деп бир жолу ойлонуп койдуң бекен? Келин экөөң карыздарыңардан качып Орусияга бет алганда эмне тууралуу ойлондуң экен? Ошол силердин артыңардан калбай издегендер мени да тоноп жеп, жадакалса көчөдө калтырышы мүмкүн экени эсиңе келди бекен? Эми мен кайда барам?

Жалгызым, сенин абалыңды ойлоп отурам. Бир канча көйгөйдү моюнуңа асып алып азыр канттиң экен? Эмне менен алек болуп, кандай күндө жашап жатасың? Курсагың токпу? Төшөгүң жылуубу? Менин жашым деле келип калды. Аз убакытта ичер суум түгөнсө, мени көмүшөт. Мени жерге берип, боз үйдүн кырында өкүрүп турган адам сен болосуңбу? Биз, эски адамдар артыбызда топурак салар адам болсо экен деп тилейбиз. Жер астында жатканда мүрзөмө келип өкүнүп ыйлашыңды каалабайм. Ошондуктан ага чейин кайда барсам да, мени издеп тапсаң экен дейм, каралдым.

Атаң Жыргалбек


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
29.01.2019. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сериал Только газетага чыгып калды. Мен 844-санын таппай калдым. Интернеттен Сериал күтпөй эле койгула...
29.01.2019. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ikitaidesu,каяктан окуйбуз???
29.01.2019. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
сериал окуш учун крга барыш керек болуп калды окшойт.
30.01.2019. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул атанын дарегин кантип тапсак болот?
30.01.2019. 08:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aipa,жомок да бул
01.02.2019. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aipa,Тууган бул жон гана чыгарма кееде турмушта мындайлар кездешет! Азаматсын сендейлер арабызда кооп болсун рахмат сага.
30.01.2019. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жозефина эмне болуп жатат. окуй албай калдыкго
31.01.2019. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tina-Tin, урматтуу окурман! Жарыяланып жаткан сериалдар АВТОРЛОРДУН ТАЛАБЫ менен мындан ары "Супер-Инфо" гезити аркылуу гана уланып, SUPER.KG порталына жарыяланбай турганын эскертебиз.
Чет жактан порталга кирген окурмандарга кантип окууга мүмкүн болорун жакында кабарлайбыз.
31.01.2019. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
tina-Tin,Жози Шумкарбек деген бизнесменден квартира алып толкундап журот.
31.01.2019. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Саламатсызбы админ? Мен да чет жерде элем((( Баштабай койбой же аягына чыкпай кызыгына жеткенде токтоп калганы жаман болду да(((( Мумкун болсо мага да купуя кат менен жонотуп койсонуз соооонун болот эле да)))) бай болгур. 8,9январдын чыгарылышын окуган боюнча окуй элекмин((
01.02.2019. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силерда айныдынар
02.02.2019. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы админ. Биз,чет жакта жургондор,сериалдарды калтырбай
окуучу элек, эми кайдан окуурду сунуштайсыздар???
03.02.2019. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын ушундай уул келинден
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо