Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДАЯРДЫГЫ ЖОК ӨКМӨТ, ЖООПКЕРЧИЛИКСИЗ ДЕПУТАТТАР. ӨЛКӨ МЫНДАЙ ШАРТТА КАНТИП ӨНҮГӨТ?

№847 25-31-январь, 2019-жыл

2019-жылдын 1-январынан тартып "Пробация жөнүндө" жана "Мунапыс жөнүндө" мыйзамдар, Кылмыш-жаза, Жазык-процессуалдык, Жазык-аткаруу, Жоруктар тууралуу жана Тартип бузуулар боюнча жаңы кодекстер иштей баштады. Бул күн менен катар, аталган кодекстер менен мыйзамда толук иштелип чыкпаган чала-чарпыт учурлар, коомчулуктун кескин нааразычылыгын пайда кылуучу жагдайлар бардыгы калкып чыгып, өкмөт алапайын таппай калды.

Жогорку Кеңеш мына ушул жаңы кодекстер менен мыйзамдар боюнча өкмөттүн маалыматын укту. Өкмөттүк курамды премьер Абылгазиев эмес, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектеп барды. Депутаттардын премьердин эмнеге келбегени боюнча суроолоруна вице-премьер-министр Жеңиш Разаков "премьер-министр ооруп жатат" деп жооп берди. Бул жоопко ишенбеген эл өкүлдөрү Абылгазиев оорубай эле, футбол көрүп отурганын айтып, өкмөт башчынын мындай мамилесин сынга алышты. Белгилей кетсек, 21-январь күнү футбол боюнча Кыргыз курама командасынын оюнун премьер-министр вице-премьерлер менен чогуу көрүп отурган сүрөт өкмөттүк маалымат кызматы тарабынан интернетке жарыяланган эле. Өкмөт башчы бул маселе талкууланган экинчи күнү дагы парламенттик жыйынга келген жок. Бул Абылгазиев өзүн бул кызматка сунуштап, добуш берген парламентти тоготпой калды же өкмөттүн акыркы учурдагы иштери боюнча айтарга кеби, актанарга айласы калбады деп кабыл алынды.

Депутат Зиядин Жамалдинов жаңы кодекстер менен мыйзамдар учурунда президенттик администрациядан келген тапшырмадан улам шашылыш кабыл алынганын эске салып, буга чейин да "президент айтты" деп бир топ мыйзамдар кабыл алынганын белгиледи.

"Президент айтты" деп 5 кодексти бир күндө кабыл алып бергенбиз, эми "туура эмес" деп талкуулап жатабыз. Кабыл ала электе ушинтип эки күн талкуулаганда болмок. Азыр бири-бирибизге шылтап, уят болуп жатабыз. Бир учурда 3 окууда кабыл алабыз. "Эмне болду?" десе "президент айтты" дейбиз,- дейт депутат.

Бийлик Кыргыз Республикасын парламенттик өлкө деп канчалык жар салбасын, иш жүзүндө президенттик башкаруудагы өлкө бойдон калганын буга окшогон окуялар көрсөтүп келе жатат. Жогорку Кеңеште өз пикири бар, принциптерди бекем кармаган депутаттардын өтө аздыгы, баары Ак үйдүн жетинчи кабатын карап, ошол жактагы маанайга жараша добуш берери азыркы күндө, жаңы президенттин тушунда деле көрүнүүдө. Саясатчы Адахан Мадумаров айткандай, Жогорку Кеңешке бийлик “ушул кыйын кадр, бизге керек, шайлап бергиле” десе, баары бирдей макул деп добуш берип, 2 айдан соң бийлик “жок, жакпай калды, начар экен” десе, ошончо депутат кайра эле колдоп, кызматтан бошотуп берүүдө. Мындай “кнопка басуулардын” кесепети түкүрүк үчүн 5500 сомдук айып пул өңдөнүп карапайым элдин көйгөйүнө айланууда.

2 күнгө созулган талкуунун жыйынтыгында өкмөткө март айына чейин жаңы кодекстердеги кемчиликтерди оңдоп чыгуу тапшырмасы берилди.

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо