Тааный жүрүңүз: ИЛЬЯЗ АБДРАЗАКОВ

№184 12-18 май, 2006-ж.

– Ильяз, ыр дүйнөсүнө кандайча аралашып калгансың?
– Ыр дүйнөсүнө кызыгуу мага ата-энемден өткөн. Анткени, экөө тең музыкага жакын адамдар. Атам гитарада жакшы ойнойт, ал эми апам болсо убагында мектепте музыкадан сабак берген. Кичинемден негедир мага обондун өзү таасир берип, кыңылдап өз алдымча обон чыгарууга аракеттенчүмүн. Ошол кызыгуум түрткү болуп, 6-класстан баштап аранжировка жасаганга аралаша баштадым. Бир концертте мыкты аранжировщик Мирлан Ниязов менен таанышып калып, аны ээрчип шаарга келе бергем. Ошентип, аранжировка боюнча алгачкы сабактарды Мирландан алгам жана ал менен азыркыга чейин иштешип келүүдөмүн. Андан кийин Мирбек Атабеков, Азиз Жетигеновдор менен "Санат" тобунда иштеп, ырдап жүрдүм. Топко караганда жеке чыгуу оңой экенин байкап, азыр ар кимибиз өз алдыбызча иштеп жатабыз.
– Учурда сенин аткарууңдагы популярдуу "Арманым" деген ыр кандайча жаралган?
– Сөзү Руслан Мамасадыков деген досумдуку, ал эми обону меники. Негизи, бул ырдын обонунун жаралганына бир жыл болсо да ылайыктуу текст таппай жүргөм. Оюмда ырдын сөзү да обонго дал келсе, жакшы чыгарма жаралаарын сезчүмүн. Анан Русланга өзүм ушул обонго жакшы сөз жазып берчи деп кайрылгам. Ошентип, "Арманым" жаралып калган.

(Макаланын толук вариантын «Супер-Инфо» гезитинен окуңуздар).


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо