Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖАРЫМ ЖЫЛ КҮТТҮРГӨН БИЛДИРҮҮ

№849 8-14-февраль, 2019-жыл

– Сүрөттөгү киши ким?,- деген билдирүү келди WhatsApp’тан.

– Группалашым

– Бул сүрөттү профилиңден алып салчы, сураныч.

Жумуштан чарчап келип, телефонду ойлуу тиктеп жаткам. Маанайым жок болчу. Бул СМСти окуганда кадимкидей жандана түштүм. Бул менин сезимдеримдин жообу деп кабыл алып, көздөрүм жайнай түштү. Жанагы суз кебетем жаркырап, бактылуу жылмайып алдым. Ушул жерден тактоочу суроону беришим керек эле.

– Эмнеге алып салыш керек?

– Мен сени кызганам да.

Мына, сага! Мындай билдирүүнү мен жок эле дегенде жарым жыл күткөм. Сен экрандын артында эмне болуп жатканын көргөн жоксуң. Бирок бир билдирүүң менен мага көп күнгө жете турган энергия бердиң. Ордумдан туруп алып кадимкидей секирдим, каткырдым, күзгүдөн карап, өзүмө суктандым. Андан кийин музыканы катуу чыгарып алып бийледим. Бул башы гана болчу. Мен бир айдан бери көңүлүм тартпай жыйналбай турган үйүмдү түнкү саат бирде жыйнап баштадым. Кыңылдап ырдап коюп үй жыйнап бүткөндөн кийин да энергиям ашып-ташып, уктай албай башка жумуштарды кыла кеттим. Кызык, менин «ойгонушум» үчүн бир эле сөз керек болчу экен да. Эртеси эртеден кечке сенин билдирүүңдү күттүм. Кыялымда сени менен айга учуп кеткем. Кечинде дагы жаздың. Бул ирет билдирүү менен чектелген жоксуң. Жолугушууга чакырдың. Назданышым керек болчу. Бирок мен эки саат мурун эле боёнуп-жасанып алгам. Шыр эле макул болуп, күттүрбөй чуркап чыктым. Сенин да жасанганыңды көрүп алып жүрөгүм бат-баттан сого баштады. Мен кыялдангандай жолугушуу эмес эле. Сен 101 роза көтөрүп, капкара Гелендвагендин эшигин ачып мени отургузуп, эң кымбат ресторанга алып барган жоксуң. Бирок сенин уялганың, үтүктөлгөн аппак көйнөгүң менен жылтырата майланган бут кийимиң анын баарынан артык болду. Мен эми сендеги сезимдерге айттырбай эле ишендим. Бул ишенич мага көп жылдарга жете турган энергия бере аларына ишендим. Ушул эле учурда жарым жыл мурун таанышканыбызда сенин мага татыктуу эмес экениңди ойлогонумду эстедим. Анда силердин партия жергиликтүү кеңешке шайлануу үчүн ат салышып жаткан. Сен мен иштеген телеканалга келип маек бергенсиң. Түз эфир бүткөндөн кийин «жакшы алып бардың, азаматсың» деп бетимден өөп коштошконуңда эле уялып кызарып кеткем. Кийин сен социалдык тармактардан мени таап, ошондогу сүрөттөрдү жөнөтүп коюшумду сурандың. Баары ушундай баналдуу башталган. Шайлоо бүткөндөн кийин ортобуздагы байланыш үзүлүшү керек эле. Бирок жарым жылдан кийин минтип кайра жаздың да, жолугушууга чакырдың. Кызыгы, сенде мен өзүм үчүн түзүп алган идеалдуу эркектин бир да сапаты жок болчу. Боюң кичинекей, сары, жадакалса, мен эң эле жаман көргөн назиктик да сенде бар. Колдоруң меникинен да жумшак, пахтадай. Анан да, жолугушууга чакырып алып «кайда баралы?» деп менден сурадың. Адатта, мен мындай учурда шарт бурулуп кетип калам. А бүгүн идеалыма такыр төп келбеген адам менен баратканыма бактылуумун. Эртеси жумушта жаңы батарейка салып алгандай эле иштедим окшойт. Дагы СМС: «Сулуусуң».

Бул статуска койгон сүрөтүмө комментарий эле. Сөздүн жылуулугу денемди аралап өттү. Кызарып да чыктым. Демек, мен элесимде сенин келбетиңди чийип алып күндөрдү өткөрүп жатканда сен да ошол аракет менен алек болгон экенсиң. Мунун артынан дагы жүрөгүмдү жылытчу сөздөр жазылды. Бизге, айымдарга бакыт тартуулап, күч берүү үчүн ушул эле 1-2 ооз сөз эле жетиштүү. Жакшы сөз айтууну унутпагыла!..


Акылай


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(16)
12.02.2019. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+59
Супердин тургундары келгиле пикетке чыгабыз;))) биздин талап Сериалдарды чыгарышсын.
Чет жакта жургондор куурап буттуко:)
12.02.2019. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
aibars,менда кошулам пикетке)). Сериалдар келсин! Келсин!))
12.02.2019. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
aibars, мени да кошуп алгыла ))
12.02.2019. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Мен дагы Суперге таарынып журом.
12.02.2019. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-21
Snejana, pywechka, aibars, саламатсыздарбы! Сериалдарды электрондук форматта жарыялоого мүмкүн болору менен сиздерге жарыялайбыз.
12.02.2019. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
admin_portal,
Мумкунчулук болсо сайтка чыкпай калган жеринен баштайсыздарбы?
12.02.2019. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Emir.Elina, ооба.
12.02.2019. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Супер сериалдарды кайрып бергиле Биз жакта дукондордон деле сурасак сатпай калганбыз же калбай калды деп эле окубай калып жатабыз.
Чет жактагыларга гезит тем более жетпейт
12.02.2019. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
ATAIBEKBATURKAN, саламатсызбы! Жарыялоого мүмкүн болору менен сиздерге кабарлайбыз!
Модератор admin_portal түзөттү 2019-02-12 16:53:29
13.02.2019. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_portal магада жонотуп коюнуздарчы эки сериалды тен токтоп калган жеринен баштап,
13.02.2019. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Мен да бир кызга Ватсаптан сулуусуң деп жазсам,башты оорутпай жылчы деген жооп келген. Азыр ал менин келинчегим
13.02.2019. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tyty1990,
13.02.2019. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүйүп калсаң сулуу көрүнө берет
15.02.2019. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун жазылыптыр.
15.02.2019. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммдааа, суйуп калсан эч нерсеси козуно корунбойт. Туура бир эле жакшы созу ааламдай жакшы сезимдерди тартуулайт, жашагынды келтирет. Жакшы соз бекер эле го, аянбайлычы бирибирибизден...
15.02.2019. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эээхххх. ушу 2 ооз сөздү күтүп жүрүп эле далай күндөр, айлар, керек болсо жылдар өтүп атат эхх.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо