Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Максат Довранов, телеалпаруучу: «САЙКАЛ ЭКӨӨБҮЗ АЖЫРАШТЫК. БИРИ-БИРИБИЗДИ КЫЙНАГЫБЫЗ КЕЛГЕН ЖОК»

№849 8-14-февраль, 2019-жыл

2017-жылдын 14-ноябрында кыргыз шоу-бизнесинде жылдыздардан үй-бүлө куралып, өлкөбүздөгү үй-бүлөлөрдүн саны бирге көбөйгөн. Телеалпаруучу Максат Довранов ырчы Сайкал Садыбакасовага үйлөнгөн. Бирок түгөйлөрдүн түбөлүгү бир болгон жок. Анда кеп башынан болсун. Апта каарманы болгон Максат Довранов жеке жашоосу тууралуу айтып берет.

– Максат, саламатсыңбы? Эл арасында силерди «ажырашып кетти» деген кептер буга чейин айтылып келди эле, эми өзүң чындыкты айтканы турасың...

– Тагдыр экен, ажыраштык. Ошентип акырындан кайра бойдокчулукка көнүп жатабыз. Өзүм тамак жасап, өзүм кийимдеримди даярдап дегендей. Акыркы кезде социалдык тармактарда биздин ажырашканыбызды кеп кылгандар көбөйдү. Чынында Сайкал экөөбүздүн эки жолго түшкөнүбүзгө көп эле болуп калды. Бул чечимди мен же Сайкал чыгарды деп айта албайм. Биз бири-бирибиз менен акылдашып, жаман-жакшы айтышпай, түшүнүшүп ушул чечимге келдик. Мындай алып караганда, экөөбүз тең чоң адамдарбыз. Бири-бирибизди кыйнагыбыз келген жок. Өз алдынча жашайлы дедик. Чынында экөөбүз тең жашап кетели деп аракет кылдык, бирок болгон жок. Ажырашуу тууралуу кепти алгач мен баштадым, Сайкал оюмду толуктады. «Үйлөнүптүр» дегенге караганда «ажырашыптыр» деген жаман угулат, албетте. Биз көпкө чейин ойлонуп, «элге кантип айтабыз?» деп жүрдүк. «Эл айта берет» деген менен, эл алдында жүргөн адам үчүн оор болот экен. Сөзсүз түрдө эл менен эсептешип, элдин оюн укканга туура келет. Сайкал кичинесинен сахнада жүрөт, бүтүндөй кыргыз эли тааныйт. Бул маселеде Сайкал көбүрөөк түйшөлдү. Ажырашканыбызга көп болсо да айтпай келгенибиздин себеби ушунда.

Акыркы кездери Сайкалдын, менин намысыма тийип, жеке адамдык сапатыбызга чейин асылгандар болду. Ошондон улам ачык айтып коюуну чечтим. Окурмандар экиге бөлүнүп алып, бири Сайкал тарап, экинчиси мен тарап болуп ар кандай сөздөрдү жазышты. Биздин мындай чечимге Сайкалды, же өзүмдү, же башка бирөөнү күнөөлөй албайм. Ажырашканыбыз, албетте, апаларыбызга өтө оор тийди. Эч бир ата-эне баласынын ажырашканын каалабайт да. Апаларыбыз бизден жаман түйшөлүштү. Апаларыбыз үчүн, эл үчүн деп жашай берсек болмок, бирок биз кыйналмакпыз. Мен Сайкалга бакыт тилейм, ал бактылуу болууга татыктуу. Ушунча жылдан бери кыргыз элине талантын көрсөтүп, «Кыз-Бурак» тобунун өсүшүнө салымын кошуп келе жатат. Элдин алдында чоңойгон кыз.

– «Эгер жашай берсек экөөбүз кыйналмакпыз» деп жатасың, кантип кыйналышыңар мүмкүн эле?

– Экөөбүздүн оюбуз, түшүнүгүбүз, жашоого көз карашыбыз эки башка экен, ал убакыттын өтүшү менен билинет турбайбы. Ал нерсени сүйлөшүп жүргөндө байкаган эмеспиз. Ошондон улам көп маселеде оюбуз эки бөлөк экени билинип жатты. Азыр мамилебиз үйлөнгөнгө чейинкиден да жакшы. Дос бойдон калдык. Андан бери бир топ тойлордо чогуу болдук. Мен тамада болсом, ал келип ырдап жүрдү. Кез-кезде телефон аркылуу сүйлөшүп турабыз. Буга чейин ажырашканыбызди билбегендер тойго барганда Сайкалды сурап калышса «баары жакшы» деп койчумун. Акыркы кезде тууган-урук деле шекшип, «жашап кетсеңер болмок. Эмне, ушундай болдубу?» дей башташты. Бирок тагдыр экен. Ал ортодо мени кандайдыр бир келишимдин негизинде үйлөнгөн деп да чыгышты. Эгер андай болгондо биз ажырашканыбызды жеңил кабыл алмакпыз. Эки бөлөк кетүү экөөбүздүн чечим болгону менен, экөөбүз тең жаман болдук. Ажырашуу чыгармачыл инсандардын ишине терс таасирин тийгизиши, кыз кишиге карата сөздөр айтылышы мүмкүн. Сайкалдын чыгармачылыгы токтобойт, дагы да өсөт деп ойлойм. Анын ойлору, максаттары башкача, ошонун баарынын орундалышын каалайм.

– Кеп нугун алып баруучулук кесибиңе буралы, жаңы долбоорлордон көрө алабызбы сени?

– Теле тармагында адабий, музыкалык чоң долбоор алып чыкканы жатам. Азыр ошонун үстүндө эмгектенүүдөбүз. 2019-жылды өзүм үчүн иштерман жылы деп жарыяладым. Болгон убактымды, оюмду ишке арнайын деп чечтим. Ошон үчүн быйыл чыгармачылыкта көп жаңылыктар болот деп ишенем. Тамадалык кесибимди дагы өнүктүрөйүн, жакшы иштерди кылайын деген пландарым бар.

– ЭлТР телеканалында иштегениңе 10 жылдан ашты окшойт, борборго келип иштейин деген ой жокпу?

– 2-3 жыл мурун Бишкекке келип, улуттук телеканалда иштесем деген ойлор келген. Мындай карасам, эки каналдын ортосундагы чоң айырмачылыкты деле көргөн жокмун. Экинчиден, «кайсы жерде өзүңдү бактылуу сезсең, ошол жерде жаша» деп коюшат эмеспи. Мен Ошто өзүмдү бактылуу, ээн-эркин сезем. Ошондуктан таштап кете алган жокмун.

– Тамадалыкка киришкениңе 4-5 эле ай болду окшойт. Оор кесип бекен?

– Негизи 4-5 жыл мурун тамада болгом. Ошондогу аура жаккан эмес. Эфирди, концертти алып барып жатканда элдин баары мени угуп отургандай туюлчу. Той алып барганымда мени эч ким укпай жаткандай кыйналгам. «Эмнеге мени эч ким укпай жатат?» деп маанайым түшүп, ошондон кийин таштап салгам. Көрсө, тойдун аурасы ошондой экен.

– Оштогу тамадалар сени атаандаш катары кабыл алыштыбы?

– Атаандаш катары көрүштүбү, жокпу билбейм. Той алып бара баштаганымда белгилүү тамадалар телефон чалышып, «Азаматсың, мурун эле чыгышың керек болчу. Бизден жардам керек болсо айт» деп акыл, кеңештерин айтышты. Ырчы досторум да «тамада болбойсуңбу» деп айта беришчү. Ойлонуп көрсөм, эч ким ырчы, тамада же актёр болуп төрөлбөйт экен. Баарына адам аракет менен жетерине көзүм жетти. Башында той алып барганы жөнөп жатканда тойго эмес, согушка кетип бараткандай сезим болчу. Той боло турган күн жакындаганда тамадалыктан баш тарткым келип жүрөгүм ооруп, маанайым жок кыйналчумун. Бир жумушту кайра-кайра жасай берсең көнөт окшойсуң. Буюрса, ал коркунуч артта калды.

– Рахмат маегиңе. Чыгармачылык ийгилик каалайм. Бактылуу бол!

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Максат Довранов: "Сайкал экөөбүз ажыраштык. Бул чечим апаларыбызга катуу тийди"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(61)
12.02.2019. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Гулшайыр апабыздын тактикасынын бир болугу))) Артын да ойлоно билет, кызы учун эмне кылбайт адам?
12.02.2019. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Байкуш бала жон жерден "жертва" болду да
12.02.2019. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Суроого өз орду менен жооп бериптир, азамат тарбия көргөн бала көрүнөт.
12.02.2019. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аябай көөп жашаган үй бүлөөлөрдөй айтыптыг го, көпкө ойлондук деп...... баары жалгандай, жазылган текстти эле оку?
13.02.2019. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эл дурт сураныч мага деле айьып койгулачы Майкал эмне болду эле Максатка тийерден мурун мен билбейт экенмин баары эле айтып атышат мага да айтып койгулачы сураааааныыыч
14.02.2019. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
lusia,аны не кыласынар аз билсен жакшы уктайсын тиричилигинди кыл андан кору
SUPER.KG видео
13.02.2019. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болду, Экооно тен бакыт каалайм!!!
13.02.2019. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Колдонуп кетти Гүлшайыр эже, алтындай баланын тагдыры мн ойноп.
Мындан аркысынан бак айтсын.
13.02.2019. 07:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Баланы алдап койду Гулшайыр эже
13.02.2019. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ЭЛ эмне дебейт эшек эмне жебейт, бул жерде ар нерсени жаза бербегиле жашоо бумеранг бир күн силердин башыңарга да түшүшү мүмкүн.
13.02.2019. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Железный айым эле Сакунун жолун ачып койду окшойт да Максатка куйоого берип.
13.02.2019. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Сындап коюш оңой мүмкүн максаттан да кеткендир, ким эле жаакшы күйөөдөн ажырагысы келсин. Кетем дегенделе кетирип коюп азамат экенсин.
13.02.2019. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
karona12, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
13.02.2019. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
турмуш деген оной эмес экоо бири бирине окшош келишкен жубайлардан болмоксунар ,ким билет турмуш деген арабаны эл алдында жургондор алып кетиши кыйынго аял киши уйдо олтурбаса,ичим аябай атышты экоо жашап калса жакшы болот эле Сайкал бактылуу бол
13.02.2019. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Максат жонокой,жакшы бала! Буйруса багын ачылып,бактылуу бол!!! Мм, даа, кээде мен да ошол кептердин оозун бууш учун жасалма тойбу деп да ойлойм да,шамал болбосо чоптун башы кыбырабайт.....????
13.02.2019. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суротундо еле билинип турат коздорундо еч кандай суйуу сезим сен болбосон башкасы дегендей екоонор тен тугойунорду таап бактылуу болгула
13.02.2019. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коздорундо суйуу жок
13.02.2019. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алгач той кылбай эле үйлөнүп жашап көрүү керек экен деп ойлоп калдым.Антбесе тойго канча акча кетти ,канча адам убара болду дегендей...
14.02.2019. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
pero5184,ал эл козунода
14.02.2019. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башка жолу жок беле ээ?
14.02.2019. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эриң таксист аялың артист болбосу деген кеп барго
14.02.2019. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сайкал тоготпой кетти окшойт эрди эр кылган да аял ,жер кылган да аял деген соз барго . эркеке баш ийип жашаш кк ошондо бактылуулук орномок .
14.02.2019. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Максат тарбиялуу, жонокой, журогу таза адам экени корунуп турат. Максаттарына жет, келечекте чоон уй-булонун ээси, мээримдуу тугой, камкорлуу ата бол! Иштерине ийгилик!!!
14.02.2019. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
өз бактыларын таап кетишсин эми. башка эмне дейбиз?
SUPER.KG видео
15.02.2019. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Saikaldy bir bala mn jashait dep chykty ele,anyn ayaly dagy super infogo chygyp jaman boldu bolchu,oshol chyn okshoit,,Saikal esin bolso uibulosu bar adam mn mamile kurba,,Baikush Maksatka tyigen adam bolup ,chyndap ele bul balany paidalanyp koidu okshoit,,Baikush Maksattyn apasy toido oto suiundu bolchu,,Maksat apandy jakshy karap mamile kyl,,
15.02.2019. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Билем Максат сага оор болуп жатат. Сага кеңешим "Никенин биринчи түнү" аталышындагы китепти окуп чыксаң азыркы сени кыйнап жаткан суроолорго жооп таап аласың. Анан жаңыча жашоо баштайсын ал сени жашоодогу кээ бир түшүнбөгөн суроолоруңа жооп берет. Жашоо токтоп калбайт и жашоо сыноосуз болбойт. Ийгилик адамгерчилигиң мамилең жакшы кыргыздын идеалдуу мырзаларынан элесин. Сарвар досуң.
15.02.2019. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akzi, гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
15.02.2019. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоонуздор ажырашпай жашасанар болмок, эн сонун бактылуу жаштар болчунар. Экоонорго дагы бакыт каалайм
17.02.2019. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чымчыктын да уясы бузулбасын!
17.02.2019. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Максатка Сайкал татыктуу кыз эмес эле деп ойлойм. Максатка жөнөкөй акылдуу түшүнүктүү кыз керек.
Себеби артист артистигин кылат, Максатты пайдаланып кетти деп ойлойм.
18.02.2019. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албаш керек болчу Сайкалды. Ошончо созду угуп алып уйлонгон Максатта да ХХХХХ.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-02-18 17:15:54
18.02.2019. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiman1983, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо