АВАЗ АКИМОВ АЙДАНА ДЕКАНЫН КОЛУН СУРАДЫ

№850 15-21-февраль, 2019-жыл

Көп жылдык кыз-жигит мамилесин жакында гана ачыкка чыгарышкан ырчылар Аваз Акимов менен Айдана Дека үчүн сүйүүнүн дагы бир барагы ачылды. Тагыраагы, Сүйүү күнүндө келечектеги кош жылдыздар концерт уюштурушуп, Аваз сахнада сүйүктүүсүнүн колун сурап, мамилелерин дагы бир ирет бекемдешти.Убакыттан пайдаланып, таттуу түгөйлөр менен маектешкенге үлгүрдүк.

– Кандайсыңар, Аваз, Айдана? Негизи Сүйүү күнүн майрам катары белгилейсиңерби?

Аваз: – Рахмат, жакшы. Бул күндү сүйүктүүңдү гана эмес, ата-энеңди, бир туугандарыңды, элиңди, жаратылышты сүйүү күнү деп эсептейм. Бул күнү бардык адамдарга болгон сүйүүмдү күчөтүп майрамдайм, белектерди берем. 14-февралды көптөн бери күтүп жүргөм. Анткени Айдана экөөбүздүн концертибизде ага сюрприз кылып, сахнадан сүйүктүүмдүн колун сурадым.

– Бири-бириңерге кандай белек бергенди же алганды жактырасыңар?

Айдана: – Белек алганды да, бергенди да жакшы көрөм. Майрамдарда сөзсүз түрдө бир туугандарыма, ата-энеме, жакын адамдарыма белек берип көңүлүн көтөрөм. Авазга белек берсең сүйүнөт, бирок: “кереги деле жок болчу” деп коёт. Эмнеси түгөнүп калды, эмнеси жок экенин өзүм карап атыр, байпак, сакал алгыч сыяктуу белектерди берем. Өткөндө бир кызык окуя болду. Авазга белек кылайын деп наушник, саат буюртма кылгам. Алып келишсе өзүмө аябай жагып калды. Анан Авазга чалып “Мага белек бербей эле кой, өзүм колдоно берейинчи” деп сурандым (күлүп).

Аваз: – Белек алганды жактырбайм. Бирок жакындарыма белек берип, сюрприз кылгандан тажабайм. Өткөндө апама айтпай эле уктоочу бөлмөгө эмерек салып жибергем. Таксист үйгө алып барса, апамдардын жүрөгү түшүп калыптыр. “Бул нерсенин бизге кереги жок, тээтиги жакта бирөөлөр жаңы үйлөнүшкөн, ошол жакка алып бар” дептир. Таксист “Аваз Акимовдун үйү ушулбу?” дешсе, мага чалып жатышпайбы. “Мен салгам, сюрприз” десем кубанып калышты. Айданага болсо кечке эле майдалап белек бере бербейм. Көпкө чейин белек албай калса маанайы суз тартып, кабагы бүркөлө баштайт. Анан чогултуп туруп 1 жылда 1 чоң белек берип коём, ошону менен көпкө чейин үнү чыкпай калат (күлүп). Бирок эмне белек бергенимди эркек башым менен айтсам туура болбой калат го.

– Эң алгач жолукканда бири-бириң тууралуу эмне деп ойлодуңар эле?

Аваз: – Айданага жолукканда татынакай, корейлерге окшогон, кичинекей кыз экен деп ойлогом. Сүйлөшүп көрүп жөнөкөй, жакшы кыз экенин билдим.

Айдана: – Алгач байке, дос катары кабыл алгам. Кыз-жигит болуп сүйлөшүп баштаганда мүнөзүн башка жагынан карайт экенсиң. Авазчалык үй-бүлөсүнө күйгөн адамды көп көрбөйм. Ушунчалык күйүмдүү. Ошонусун жактыргам. Башка балдар бул жагынан Аваздан үлгү алышы керек деп ойлойм. Туугандарына, досторуна, мага аябай жакшы мамиле кылат. Абдан ак көңүл, колу ачык. Ушунчалык жакшы адамга жолугуп калганыма сүйүнөм.

Аваз: – Рахмат, рахмат (күлүп).

– Жаштар бирин-бири эркелеткенди жактырат эмеспи. Бири-бириңерди кантип эркелетесиңер?

Аваз: – Мен “күчүгүм” деп эркелетем.

Айдана: – Мен болсо “Мось” дейм.

– Сүйүү деген силер үчүн эмне?

Аваз: – “Сүйүү деген сүйүү эмес бетиңден,

Сүйүү деген сүзүп өтүү деңизден!” Мен ошентип ойлойм (күлүп).

Айдана: – Менимче, сүйүү этапка бөлүнөт. Кыз-жигит кездеги сүйүү өзүнчө бир сонун сезим. Анан үй-бүлө күткөндөгү сүйүү башка болсо керек. Ал кийинки этап. Анан бала-чакалуу болгондо балдарды сүйүү. Ар бир убактын сүйүүсү ар башка сезимдер, жакшы көз ирмемдер менен толгон деп ойлойм. Ошондуктан ар бир убактын сүйүүсүн сезип, даамын татып жашаш керек деп ойлойм.

– Азыркы учур менен жашап жүрө берип артта калып кетпейин деп тойго даярдыктарды баштадыңбы, Аваз?

Аваз: – Тойго мен даярданбайм, ата-энем даярданышат. Алар “Балам, биз даярбыз” дешсе эле болду. Бирок азырынча антип айтыша элек, тынч эле.

– Былтыр Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова баш кошкондо элден бата алып концерт уюштурушту. Бул “салтты” силер да улантасыңарбы?

Аваз: – Ооба, буюрса, биз да баш кошсок концерт уюштурабыз. Мындан ары Айдана экөөбүз дуэттерди жаздырып, чогуу иштейбиз.

– Кыз-жигиттерде кызыктуу окуялар көп болот эмеспи...

Аваз: – Кызыктуу окуялар көп эле болот. Кээде буга чалып “Жүр, кечки тамакка барып келели” десем кымбат ресторанга барып романтикалык кечки тамак жеп келебиз деп жасанып чыгып алат. Анан мен самсыга алып барам.

Айдана: – Же тескерисинче.

– Кыйын мүнөттөрдө бири-бириңерге кантип колдоо кыласыңар?

Аваз: – Кыйын мүнөттөрдө жылуу сөздөр, ишибиз менен колдоо кылабыз. Эркектер жинибиз келсе аял киши ар нерсени айтып кайра күчөтөт. Айдана болсо туура түшүнүп, жылуу сөздөрү менен колдоо көрсөтөт.

Айдана: – Ар кандай учурлар, көйгөйлөр болуп калат. Аваздын дагы бир жакшы жери “өтүп кетет, баары жакшы болот” деп тим болбой, баш-оту менен менин көйгөйлөрүмдү өзүнүн көйгөйү катары кабыл алып, чечкенге аракет кылат. Көп маселемди чечип берген.

Аваз: – Сенин көйгөйүң – менин көйгөйүм, менин көйгөйүм – өзүмдүн көйгөйүм (күлүп).

Айдана: – Мен буга чейин өзүнчө маек берчүмүн да. Эми Аваз экөөбүз чогуу берип, эмнегедир сезимдеримди айткандан тартынып турам. Бирок чынында эле менин таяна турган адамым азыркы учурда Аваз болуп калды. Буюрса, түбөлүккө да Аваз болот.

– Казан-аяк үй-бүлөдө эле эмес, кыз-жигит ортосунда деле кагышып кетет эмеспи? Андай учурлар болобу? Таарынычты жазуу үчүн ким биринчи кадам таштайт?

Аваз: – Бизде уруш деле болбойт. Кээде катуу сүйлөп койсом таарынып калат. Таарынышып кеткенде эркек катары мен биринчи кадам таштап коём. Кыздар кылыктанышат да. “Кечирип койчу” деп деле айтпайм. Барып, жолугуп, жакшы көргөн тамагын алып берип коём. Болду.

Айдана: – Кыздар кичинекей урушту чоңойтуп жибергенди жактырабыз го. “Ой, бул болбогон эле нерсе го, ушул жерден эмнени талашалы? Бул нерсе урушканга деле тема эмес” деп коёт. Анан “чын эле” деп мен да ойлонуп калам.

– Жиндилик кылып көрдүңөр беле?

Айдана: – Жайында Ысык-Көлдөн Авазга “Кел, экөөбүз кинодогу Ачи менен Бабидей болобуз” дедим. Анан экөөбүз ижарага скутер алып көлдүн ортосунда “Мен сени сүйөм” деп кыйкырып жүрөбүз (күлүп).

Аваз: – Негизи экөөбүз өзүнчө калсак жиндилик кыла беребиз, оюндарыбыз да жиндидей. Бул мени менен чогуу ойноп, жаш бала кылгысы келет. Анан мен эч ким жокто ойноп коём.

Айдана: – Аа, айткандай, дагы бир нерсени айтып берейин. Былтыр лыжа тепкени бардык. Мен 1-жолу баргам, Аваз деле көптөн бери теппей унутуп калыптыр. Бир аз үйрөндүк, анан “тоого чыгалы, үйрөндүм” дедим.

Аваз: – Бул бир аз ойлонбой иш кыла берет. “Чын эле тебе аласыңбы?” десем “ооба” деди. Үстүнө чыксак лыжа менен “аа-аа” деп кыйкырган боюнча төмөн көздөй кетти.

Айдана: – Бир нерсе болсо атайын кулап калам деп ойлогом. Ылдамдык күчтүү болгондо кулай да албай калат экенсиң. “Эми мени ким куткарат?” деп баратам. Бир кезде капталымдан “Айдана, Айдана” деп Аваз жан талашып келатат (күлүп). Ошентип мени куткарам деп Аваз лыжа тепкенди үйрөнүп кеткен.

– Сүйгөнүңдүн кайсы сапаты жакпайт? Эмнесин оңдош керек?

Аваз: – Адамды оңдой албайсың деп ойлойм. Айдананын кечиккен сапаты бар. Антейин десем досторумдун келинчектери, сүйлөшкөн кыздары деле кечигет.

Айдана: – Мурда мага чалып маекке чакырышчу да. Эми Авазга чалышат. Аваз болсо мага айтам деп унутуп калат. Анан 1 саат же жарым саат калганда “бүгүн эфирге бармакпыз” дейт. Мен андайга көнгөн эмесмин. Ошентип мен кечигем. Аваздын унутчаактыгы бар.

– Маегиңерге рахмат, тилегиңерге жеткиле!



Асхат Субанбеков
star@super.kg


Аваз Акимов, Айдана Дека: "Эч ким жокто жаш баладай ойнойбуз"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(33)
19.02.2019. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Экоо тен жакпайт. Кантип эркелеткендери кимге кызык булардын???
19.02.2019. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула,ичи таза адамдар окусан жаш баладай.
19.02.2019. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Толук окугуум деле келбеди зеригип кеттим. Откондо эле башкача суйлошкон.
19.02.2019. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азыр колун сураган жанылык эмес, ала качкан жанылык.
21.02.2019. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bond02,Жардыныз бирокчу)))))
19.02.2019. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик, бакыт тилеп коюш оорбу? Буюрса булар да уй було болгону жатышат. Ырчы болушса, анан гезит интервью алса, келип берген суроосуна жооп беришет да. Кызык эмеспи окубай койгула.
19.02.2019. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Декага чыдай албайм)))Жылдызчалар тойгозду
19.02.2019. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аваздын башына чыгып алган го. Авазга караганда, Айдананын коп суйлогону жаккан жок. Негизи Аваз жоош бала, озуно ылайыктуу кыз алса болмок. Айдананын эгоист экенин дагы бир жолу байкадым. Белек буйрутма берип, кайра озу алып алганы эмнеси. Жакында Авазды баш кылып, кайынжуртун тош кылып башына чай кайнатат го бул кыз. Нелядан улгу алса, жашап кетиши мумкун. Эмнеси болсо дагы бактылуу болушсун.
19.02.2019. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Авазга подарок алып алып мага подарок бербей эле кой озум иштете берейинчи дегени жакпады, Авазды чындап суйсон эчнерсеге карабай берет элен калп эле бир бээкылыксында, Авазга не пара, Аваз сыртына эле кызыгып калды окшойт,Аваз туура эмес тандадын омурлук жарды... Жасалма бээкылыктарды алып аласынар анан эртеси келише албай калдык деп отуруп каласынар,вапще не пара бул кыз сага, просто аллергия коз жетпейт алыска узашына.
19.02.2019. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура тандадыбы же туура эмесби баарын убакыт таразалайт,эртен эле баатыр эне болбосо да 3ту тороп бир жакшына аял болуп чыга келсе эмне дейсинер анда,чын журоктон бакыт каалап коелу,
Негатив созунорду ката тургула,али той боло элек бир нерсени баштабай))
19.02.2019. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Окуп буткучо нерв болуп кеттим. Школдо окуган жаш балдардын маеги болуптур.
19.02.2019. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Негизи экөөбүз өзүнчө калсак жиндилик кыла беребиз,
оюндарыбыз да жиндидей. Бул мени
менен чогуу ойноп, жаш бала
кылгысы келет. Анан мен эч ким
жокто ойноп коём
19.02.2019. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Булардын тою да эки ай болот окшойт. Инстаграмды дагы өчүрөт окшойм
19.02.2019. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Экоонун маегин окуган жокмун, туптуз тушуп келип аягында окурмандар жазган комментарийлерди окуп койдум. Аваз жакшы бала, Декасыны билбейм
20.02.2019. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биринчиден комментарий калтыруучуларга:

"Комментарий ээси сизсиз, super.kg сайты да маани-манызы учун колдонуучуну жоопту кылган. Кандай комментарий жазасыз ал оз эркиниз. Бирок шоу бизнес адамдары да кандай жашайт озу билет.
-Кимди алат,
-кимге тийет,
-кандай кийет,
-кандай журот,
-кандай кулгонуно чейин мурдубузду тыга беребиз. Алардын жашоосу албетте корормандарына кызыктуу, бирок аралашып, мазактап, кемсинткенди койсонор.
bekbolot_04 түзөттү 2019-02-20 00:57:05
20.02.2019. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жон гана бакыт тилебестен "Айдана сага татыбайт" деп, жазасыздар. Эмне озунуздор эле айдан тушкон перисиздерби?
21.02.2019. 05:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekbolot_04,Айдан тушкон Аккуубуз)) жакса жакты дешет жакпаса жакпайт дейт ар кимдин табити ар башка акты Ак караны кара деп ажыратып билиш кк жана ар Ким оз оюн жазат, коменттерге сен кароолсунго дейм)
20.02.2019. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактылуу болгула. Көз тийбесин! Бака майрыктыгын билбей жыланды ийри дептир болуп өзүбүздү билбей эле башкага асылганыбызды токтотсок өтө сонун болмок. Негативдүү ойлорду сөздөрдү канчалык көп колдонсок жашообузга да таасирин тийгизе берет ошол себептен жакшы ойлорду гана ойлосок жашообуз да жеңил болот
20.02.2019. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туштуктун балдарды кыйын болот!
21.02.2019. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айдана бир аз азыраак суйлоп токтолчу. Быдылдап журуп бир кун интервьюда балп этип Авазды да уят кылба . Болду эми уже чоноюп уй булоолуу болоюн деп калдынар ойдонуп интервью бер. Аваз ичинде кири жок золотой бала экени корунуп эле турат кадырын бил Айдана!
21.02.2019. 04:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Накта жаш бала го булар. 1классагы окуучулардан алган маеги болуптур.
21.02.2019. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула Аваз байке и Айдана
SUPER.KG видео
21.02.2019. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Baktyluu bolgula,,maga abdan jakty,,ech kachan konulunordu chokturbogulo,,kelechekte kop balaluu bolgula,,Aidana abdan suluu,nazik kyz eken..Avaz ar kim arnerse dep suiloi beret elge echkachan jakpaisyn,,koralbagandar Aidana andai eken myndai eken dese urushup jurbo,,Ali turmush kursanar el byljyrai beret,,ayalyndan korkosunbu andai myndai deship,,Anan Avaz oolugup ketpe,myndai ak konul kyzdy tappaisyn,abdan ak konul eken
SUPER.KG видео
21.02.2019. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба жаштар. Жаш баладай сүйлөшсун, эч нерсе болбойт. Экөө тең жагат. Экөө тең таланттуу. Баш кошушса, бактылуу болушат. Айдана жаш болсо да, ойлогону Аваздан өтөт, акылдуу. Бактылуу болгула
22.02.2019. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болсун ылайым!
Бирок атактуулардын бир ,,жаман оорусу" бар эле.,,Мен дүйнөдөгү эң мыкты адамды таптым"-дешет.Анан бат эле ажырашып,мен жаңылып калыпмын деп чыгышат.Дүйнөдөгү эң бактылуу үй бүлө болуп жашагыла,башка атактууларга үлгү болуп
...
22.02.2019. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула.
22.02.2019. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бири-бирин чын суйсо, акчага азгырылып джоллиге окшоп бай эркети эрчип кетпеселе бактылуу жашашат буйруса. Ананда,аял жакшы эр жакшы.
22.02.2019. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казан аяк кагышат,ери катын урушат дегендей иллибой уй-булоодо уруш болот,али силерди коптогон сыноолор кутуп турганы белгулуу. Ошондой кутулбогон окуяларда озунорду кармасанареле баары жайында болот. Силерге понята бергендей болбоюн коп суйлоп,силерге уй-булоолук бакыт каалайм деп Ош шаарынан Фарель
22.02.2019. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен силерди чын журогумон жактырам
23.02.2019. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алма тердик жүзүм тердик болуп кетиптир го
24.02.2019. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ит уро берет кербен журо берет Аваз эч кимге кулак салба эн башкысы бири-биринерге жаксанар болду.Мен ойлойм экоон парасынар.Айданы жогоруда жаман дешиптир жаман болсо кемчиликтерин сен толуктайсын а сеникин ал толуктайт дегендей.Менимче экообун тен журогу таза адамсынар.Бакыт каалайм чын журоктон
24.02.2019. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХ экоо тен.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-02-25 14:05:56
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо