№850 15-21-февраль, 2019-жыл
9-февралда Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын кезексиз жыйыны болуп өттү. Анда федерациянын делегаттары Семетей Султановдун отставкасын кабыл алышып, ордуна жалгыз талапкер Канатбек Маматовду 4 жылдык мөөнөткө шайлашты.
Канатбек Маматов өз убагында өлкөбүздүн футбол боюнча Жогорку Лигасында "Алай" футболдук клубунда жана чет элдик футболдук клубдарда ойноп келген. Буга чейин ал федерациянын вице-президенти болуп эмгектенген. Ошондой эле 2014-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Футзал ассоциациясынын президенти.
Кубан Жумамидинов
sport@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |