Бакыт Аалиев, «Сейф бизнес» компаниясынын жетекчиси: «СЕЙФ БИЗНЕС» КАРАПАЙЫМ АДАМДАРГА ЫҢГАЙЛУУ»

№851 21-27-февраль, 2019-жыл

Каарман тууралуу
Туулган жылы, күнү, айы
– 1992-жыл, 11-август
Туулган жери – Нарын облусунун Ат-Башы району
Билими – Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган
Таасирленген адамдары – Дональд Трамп, Роберт Кийосаки, Аскар Салымбеков


– Бакыт, саламатсызбы? Учурда тармактык бизнестер көбөйүп кетти. Сиздердин компания эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

– Саламатчылык. Туура айтасыз, учурда тармактык бизнес Кыргыз өлкөсүндө эле эмес, дүйнө жүзүндө өнүгүп жатат. Албетте, Кыргыз өлкөсүндө да мындай багыттагы компаниялар көп. Бөлөк компаниялар адатта башка мамлекеттерден келет. Ал эми "Сейф бизнестин" өзгөчөлүгү – Кыргыз өлкөсүндө ачылгандыгы. Кээ бир компанияларды бир нече адамдар негиздешсе, биздики бир адамдын жеке компаниясы. Ошондой эле "Сейф бизнес" компаниясындагы товарлар адал деген сертификатка ээ. Косметикалардын курамында синтетика, гормон, химикат жана башка зыяндуу заттар жок. Продуктуларыбыз Кыргыз өлкөсүнүн атынан чыгат. Мисалы, «Элес», «Айгүл», «Ысык-Көл» деген аталыштагы парфюмдар бар.

– Компания качан пайда болду? Кандай ийгиликтерге жетише алдыңыздар?

– "Сейф бизнести" кыргызчага которгондо «коопсуз бизнес» дегенди түшүндүрөт. 2017-жылы 25-январда документти колго алып, 3-февралда иш баштаганбыз. Кыска мөөнөттүн ичинде Кыргыз өлкөсүнөн миңдеген кардарларды таптык. Бизнести 4 продуктудан баштасак, азыр продуктунун саны 20дан ашты. Мурун бир кеңсебиз болсо, азыр мекенибиздин булуң-бурчунда кеңселерибиз ачылды. Бир нече жолу компаниянын өкүлдөрүн чет өлкөлөргө чыгарып, эс алдырып, ишеним арттырып келе жатабыз.

– Өзүңүз бул тармакта иштегениңизге канча болду? Ийгилигиңиздин сыры менен бөлүшө кетсеңиз.

– Менин бул тармакта жүргөнүмө 10-15 жыл болду. Эң алгач шведдик косметикалык компаниясында иштеп баштагам. Качан гана бул тармакты иликтеп, изилдеп окуп чыкканда ийгиликтерге жетишип баштадым. Андыктан ар бир ийгиликтин артында билим болот демекмин.

– Жакында компания лидерлери Египетке барып эс алып келишти. Чет өлкөгө чыгып эс алуу үчүн кандай аракеттер керек?

– Февраль айында уюштурулган промоушнга (товар айлантуу) 80ге жакын өкүлдөр Египетке барып эс алып келишти. Алардын 70 чактысы мага окшогон карапайым жарандар, 10 чактысы маданият чөйрөсүндө жүргөн адамдар. Компанияда атайын шарттар коюлат, ошону аткаргандар компаниянын эсебинен чет жактарга эс алууга мүмкүнчүлүк алышат.

– Тармактык бизнести көпчүлүк туруктуу жумуш деп кабыл албайт. Сиздерде туруктуулук барбы?

– Негизи, жашоодо туруктуулук жок. Мисалы, мен юрист болуп иштесем, мага эч ким кесип менен 10-20 жыл иштейсиң деп кепилдик бере албайт. Эгер тынбай команда чогултуп, берилип иштесең жыйынтык жакшы болот. Тармактык бизнесте туруктуулук жок, мен ошол үчүн бул бизнеске келгем. Анткени алгач бул жаатта иштегенимде айына 150 сом алчумун. Эгер туруктуу жумушум болсо мен дагы деле ошол айлыкты алып жүрө бермекмин. Тармактык бизнестин артыкчылыгы – бир күнү 150 сом алсаң, кийинки күнү 300 сом же андан көп алышың мүмкүн. Бизнесте иштеген адам гана тиштейт. Эгер өзүңө-өзүң кепилдик бере алсаң, анда иш ийгиликтүү болот.

– Тармактык маркетинг, акчалай пирамидалардан карапайым адамдар алданып калган учурлар бар. Айрымдар акыркы малын же акчасын салып, куру жалак калып жатышат. Сиздерде андай коркунуч жокпу? Күтүлбөгөн жерден жоголуп кетпейсиздерби?

– Тармактык бизнестин кадимки бизнестен айырмачылыгы – биз көпчүлүк менен иштейбиз. Өзүңдүн 100% энергияңды колдонгондун ордуна 100 адамдын 1% энергиясын алсак, ошол эле ийгилик келип чыгат. Андыктан тармактык бизнесте команданын жардамы менен көтөрүлөбүз.

Тармактык бизнеске аралашып жатканда алгач продуктулар барбы, ошону билүү зарыл. Эч качан акыркы малын же акчасын салбаш керек. Тармактык бизнес карапайым адамдарга ыңгайлаштырылган. Бизге катталуу үчүн андай чоң сумманын кереги жок. Болгону 1000 сомго катталып, өзү же жакындарына компаниядан 15 миң сомдук товар алыш керек деген шарт бар. Эгер иштебей, кардар эле болом десе, мажбурлабайбыз. 15 миң сомго 60 күндүн ичинде бөлүп товар алса болот. Товарлар ошентип айланып, дистрибьюторлорго акча түшөт.

Туура айтасыз, учурда бизде тармактык бизнестер көбөйүп кетти. Акчалай пирамидалардын бизден айырмасы – аларда товар жок, акча салып койсоң эле киреше келе берет дешет. Бул нерсе туура эмес, мындай нерсени мен туура көрбөйм жана ишенбейм. Анткени тармактык бизнесте жатып алып акча алуу деген жок. Мындай нерсе тарыхта деле болгон эмес. Ошондуктан ал нерсеге ишенбеш керек. Андай болсо мен деле окубай эле 5 жыл мурун компанияга акча салып коюп жата бербейт белем? «Сейф бизнес» компаниясында самын, тиш жуугуч паста сыяктуу күнүмдүк жашоодо колдонулуучу базалык косметика, товар болгондуктан товарды колдонуп жашоону өзгөртсө болот деген принципте иштейбиз. Менден «элдин баары жазылып алса эмне болот?» деп көп сурашат, анда эч нерсе болбойт. Элдин баары жазылса, бир ай болобу, эки ай болобу, товар түгөнөт, кайра алат. Демек, товар айланат, товар айланса, бизге акча болот. Компания ар бир товар айлануудан дистрибьюторлорго акча төлөп берет.

– Эми акыркы суроону берейин, Кыргыз өлкөсү сиз үчүн эмне?

– Кыргыз өлкөсү менин туулган жерим, жүрөгүм жана келечегим!

– Маегиңизге рахмат. Мындан ары да өсүп-өнө бериңиздер!

Гүлжамал Абылкасымова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(12)
25.02.2019. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
ХХХХ болот жатып алып акча алсан.Бирок башында команда тузуп иштеп,авторская права дегенге чыксан болот.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-02-25 13:57:08
25.02.2019. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Ат БАШЫЛЫКТАР кыйын негизи жердешим ишине ийгилик каалайм
25.02.2019. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Мурдагы санында эле чыкты элего булардын баары калп деп
26.02.2019. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Калпты оло ышкыртыптырго,10 жашынан иштеп баштаганбы не?Канча адамдардан угуп журом,15000 сом менен кирип 15 сомду чыгара албайтабыз деп.
26.02.2019. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ооба мен да тууган туушкан,кайын журт болуп жазылып алып ,эшектин тезеги да жок отуруп калдык ,окундук аябай олло алдайт да барган адамдарды,баардык адамдар жазылып алса товарлары тугонуп кайра алат дейт ,келесоо эле экенсин жигит, шампуньун башты какачтатып кургатып ит кылды башка товарды айтпай эле коеюн.
27.02.2019. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Койчааай Эми эле 27ге чыгыпсын,иштеп баштаганына 10 15жыл болсо,укмуш экенсин,,
27.02.2019. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бакыт менин группалашым. 10 жылдан бери иштейм деп туура эле айтып жатат. Илгери 9-классты бутуп, колледжде окуп жургондо эле орифлейм, эйвон ушул сыяктуу компанияларда иштеп журчу. Тыпылдаган аракетчил-оратор бала болчу ошондо эле) Эмнеси болсо да максатына, коздогонуно жетиптир...
28.02.2019. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эмне дейбиз,ийгилик!Бирок ушул 15000сомдук өзү үчүн алабы,кырзыздар?Же мен азыр кой үйүмү бүтүрөйүн,балдарды чоңойтоюн деп тытынгангабыыы,азыр 15 миңдик эмес 1500дүк араңдан зорго алам,косметикаларды.Биздин карапайым элге бир аз кымбатыраак эмеспи?
28.02.2019. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
сетевой маркетинг арам деп журот го ислам дининде ал жагы кандай болот анан?????????
03.03.2019. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tattusha,арам үчүнчү адамдан акча түшсө ошол арам
28.02.2019. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Откондо прикол кылып сайкалдын инстасына жаза калсам 2 секунд отпой чалды, кетти корочи лапшаларды илип 1 жылда мени миллионер кылып ийсе ))))))))))
03.03.2019. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да бир пирамида ачсамбы, эл озуле бир бирин шарить этип акча тушо берет турбайбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо