КЕНЖЕ ДҮЙШЕЕВА МЕНЕН АЙЖАМАЛ КАБЫЛОВА ИНТЕРНЕТ АРКЫЛУУ УРУШТУ. Бир кездеги курбулардын чырынын сыры эмнеде?

№851 21-27-февраль, 2019-жыл

Эл көзүндө жүрүүнүн оорчулугу бир топ. Кылт эткениң алаканга салгандай көрүнүп калат эмеспи. «Кыз-Бурак» тобунун экс-солисттери Кенже Дүйшеева менен Айжамал Кабылованын ортосун кара мышык аралап, экөө тең агынан жарылышты. Чыр эмнеден башталды?


Айжамал Кабылова: «ИЧ КҮЙДҮЛҮК, КӨРӨ АЛБАСТЫК БОЛДУ»

Кечээ жакында ырчы Айжамал Кабылова жергиликтүү YouTube каналдарынын бирине маек берди. Анда ырчы кандайча сахнага келип калганы, чыгармачылык жолу, балалыгы, үй-бүлөсү тууралуу кенен баян курду. Сөз арасында көп жылдар бою чогуу иштеп, жакын курбу болуп келишкен ырчы Кенже Дүйшеева тууралуу да кеп салып, "душман болуп калабыз деп ойлогон эмесмин" деп, төмөнкүчө комментарий берди:

– Бүгүнкү күндө экөөбүздүн ортобузда мамиле жок. Себеби өзүңдүн коюнуңдан чыккан душмандардын кылгандары ушунчалык оор болот экен. Мен ал адамды бир тууганымдай көрчүмүн, анткени биз бир үйдө жашадык. Бир нанды бөлүшүп жеп, бир кеседен тамак ичип чоңойдук. Душман болуп калабыз деп эч качан ойлогон эмесмин. Бүгүнкү күнү мен аны жакыным да дебейм, душманым да дебейм, эжем да дебейм. Буга үй-бүлөмө киришкени себеп болду. Ич күйдүлүк, көрө албастык болду. Мен ушинтип айтам.


Кенже Дүйшеева: «ДУШМАНЧЫЛЫКТЫ МЕНДЕН ЭМЕС, ТЕГЕРЕГИҢДЕН ИЗДЕ!»

Айжамал Кабылованын бул билдирүүсү интернетте желдей тарап, кызуу талкууга түштү. Ысымы талкууда калган ырчы Кенже Дүйшеева социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу Айжамал Кабыловага жооп узатып, маселе эмнеден келип чыкканын кенен баяндады. Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн ырчынын жазгандарын толук берүүнү туура көрдүк.

  • – Эгерде сен жөнүндө каралоо, жамандоо токтобосо, демек, ал адамдын жан дүйнөсүндө сенин ордуң дагы деле бош бойдон экенин байкоого болот. Эгер чындап көңүл калса, мага окшоп анын ысымын атоого ооз барбайт эмеспи. Көрө албайт, ичи тар депсиң. Бул бүгүнкү же кечээги ойлор эмес. Көөдөнүңдө сары майдай сактап жүргөн ич күптүлүгүңдү айтып алыптырсың. Таң калган жокмун. Жыйырма жылдай чогуу жүргөн болсом, «мени булар көрө албайт, тиги көрө албайт» деген сөздөрүңдөн башка уккан жокмун! Кезек мага келиптир. Деги сен кимди көрө алдың? Өткөн күндүн баарын барактабай, бир-эки окуяны эсиңе сала кетейин:
  • «Жан-жан» менен элге жаңы тааныла баштаган учурда топтон качып кеттиң. Сенин топко кайра келишиңе көбү каршы чыгышса да, артыңдан мен барып алып келдим.
  • Мектепке ата-энелер чогулушуна менден башка сага ким барды? Мектепти аяктаган учуруңда алган бааларың "укмуш" болгондуктан, сенин келечегиң үчүн деп, бааларыңды калыбына келтирип, чуркаган ким эле? Мугалимдериң деле муну танбас.
  • ЖОЖго тапшырууңду ким багыттап, өксүп калбасын деп, жан далбастап кучагыма гүлдөрдөн толтуруп, алдыңдан менден башка ким тосуп чыкты эле?
  • Эфирге чыгууга эки сөздүн башын кошуп сүйлөй албаганыңдан суроолорду алдын ала алып, жообун өз колум менен жазып, таң атканча сага жаттаткан күндөрдү бир эстеп кой! Азыр ойду-тоону бир айтып сүйлөгөн сөз байлыгыңды өстүргөнгө түз салымым бар экенин эсте.
  • Турмушка чыктың. «Тамак жебей жатат, ооруп калды, кусуп жатат» деп айттырдың. Күнү болсо күнү, түнү болсо түнү барып, тамагыңды жедирип, ооруканага чогуу барып, уктабастан эртеси аэропортко учуп кеткен күндөрдү кантип жашырасың? Бул нерселер Кенженин сага милдети эмес, энеңден артык мамилеси деп түшүн. Эгер адамдык сапатың кичине калган болсо...
  • Жетекчилик үстүртөн башкарганы менен, топтун аткаруу иштери менин моюнумда эмес беле. Чынында сага басымды көбүрөөк жасаганымды бүгүнкү күнгө чейин кыздар айтып жүрүшөт. Москва шаарында жүргөнүңдө «ырдагым келип жатат» деп СМС жаздың. Сөзүн Нуркан Койчуманова жазган, өзүмө даярдап жүргөн "Бир өзүң бол" деген ырдын текстин сага жибердим. Себеби сахнадан алыстаганыңа жети жыл болуп калган эле. Клиптин идеясын да айтып бердим. Дал ошондой тартылды. Ичи тардык, көрө албастык болсо, сенин жолуңда мындай колдоолор болор беле?
  • "Үй-бүлөмө аралашты" дегениңе жол болсун! Мен "Жебе" тобу менен кезектеги гастролдук сапарда жүрсөм, сенден «бир нерсе болуп жатам» деген СМС келди. Дароо эле "мен барганча мээңди тазалап кой" деген сөздү жазып жөнөттүм. Бир жумада шаарга келдим. Түнкү саат бир жарымда Азамат (ред.: Айжамал Кабылованын мурунку күйөөсү) мага Москва шаарынан чалды. «Эже, сизге айтпасам болбой калды, сизден башка эч кимге айтпадым. Телефон чалсам албай жатат, бирок онлайн болуп турат» деди сени. Акыркы күндөрү чырылдашып жатканыңарды ошондо уктум. Азамат менен сүйлөшүп бүткөн соң чарчап келгениме карабай, сенин үйүңө бет алдым. Уккан кулагыма ишенбей бараттым. Үйүңдө өз апаң да бар экен. Кеч келгенимди таң калуу менен кабыл алдың, экөөбүз ашканада аябай ызылдаштык. Анан апаңды чакырып, Азамат айткан кептин баарын айтып бердим. Буларды жалганга чыгарбастырсың! Көп сөз болду! Кийин жолдошуң Москвадан келип, сен тараптан ал тарапка жазган СМСтерди көрсөткөндөн кийин мен сенин мындай кадамыңды абдан оор кабылдадым.
  • Жазгандарыңды өзүң моюнуңа алдың! Бул нерсе баарына чекит койду! Жан дили менен сенин чыгармачылыгыңды колдогон жолдошуңду түшүнө албаганыңа өкүндүм. Москвага кетериңде «үй-бүлөңдү сактап калсаң гана сени менен катташам» дедим. Мен сөзүмө турдум! Анткени мен ырыңдан да, сенин бактылуу үй-бүлөң менен болууңду маңыздуу, терең, баалуу деп эсептээр элем! Азыр деле кеч эмес, экөөңөр кайрадан жарашып мурдагыдай бактылуу болсоңор чын дилимден кубанам! Аллахымдан тиленем!
  • Ушул постту жазарда караңгыда шам жагып алып, ийне издегендей мага жасаган жакшылыктарыңды, ыраазычылыктарыңды, рахматтарыңды издедим. Таба албадым! Көрсө, сенин чыгармачылыктагы бешигиңди терметүү менен убара тарткан экенмин! Душманчылыкты менден эмес, тегерегиңден изде! Анткени «Орусияда болсо ырын жөнөтөсүң, учактан түшө электе салонду даярдайсың, студияларга чогуу барасың, клиптерин даярдайсың көптүрүп жатасың» деп учурунда мага айткандар азыр сенин жаныңда.
  • Бир учурда мага күйгөн адам болуп «ал киши менен катташпаңыз, сизди пайдаланды, жакшылыгыңызды баалабады» деп бириңден-бириң өтүп айттыңар эле. Бүгүн ал кишинин жанындасыңар. Бул өнөргө да калың бет керек.
  • Экөөбүздүн жолубуз сенин калпыс кадамдарыңдан эки айрылыш кетти. Бир нече жыл өттү. Дегеле мени унута албай койдуң. Өз турмушуң менен жаша. Күнөөлүүлөрдү сырттан издей бербей, өзүңдүн баскан-турганыңа, иштериңе, жоруктарыңа бир көз салып, катачылыктарыңды сыдыргыдан өткөрүп, моюнга алып, андан ары жашаганга, бирөөлөрдү айыптай бербегенге үйрөн. Бул менин эжелик бир кеңешим...


Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(29)
25.02.2019. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бул жерде Айжамал Кенжеге эркелеп дагы деле которот эркелигимди деп адашып суйлоп алды чамасы Айжамал туура эмес суйлоп алды же ачык айталбайт кайсы куноосу бар жасаган поступкаларын ачык айталбайт жон Гана эркелеп койду Кенжеге
25.02.2019. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Siren.ms, Айжамал ОЗУ тийишип Алды! Кенже бул теманы ебак еле жапкам деген бир интервьюсунда
25.02.2019. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Айжамалга жазылган ар бир коментарийге Гулшайыр эженин жооп жазып атканы,эженин эн чон катасы деп тушуном.Антип Кенжени экоолоп жамандабай Экоонун тен басып койсо болмок темирдей бекем тартип сактаган эжебиз. Канча жыл откондон кийин Айжамал Кенжени душманым чара мара дебей эле койсо бул тема жабык боюнча калмак .
25.02.2019. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Айжамалды Айжамал кылган Кенже,Кыз буракты кыз бурак кылган Кенже,азыркы заман-тамагын жеп табагын тепкендердин заманы.Айжамал дал ошондой адам экени айдан ачык.ХХХХХ адам. Миң жакшылык кылып,анан бир каалоосун кылбай койсоң душманга айландың да калдың. Кенжени дал ушундай кылып жатышат ХХХХ баш болуп Айжамалы төш болуп
Модератор admin_portal түзөттү 2019-02-25 13:50:44
25.02.2019. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Nanei, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
25.02.2019. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Sayragul, ksb, далилсиз маалыматтарды жазып, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
25.02.2019. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Менда Кенже эжени сыйлайм урматайм.
25.02.2019. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дагы эле уланып жатат, инстада
25.02.2019. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Карап турсаңар эмки жылы ушул маалда экөө өлө ынтымак болуп катташып жатып калышат. 3-4 жыл мурда Айжамал берген маегинде Гулшайыр эже менен такыр байланышпайм деп, Кенже эжесин өлө мактаган болчу. Кенже менен Гулнара деле өтө ынак болушуп Гулшайыр эже менен мамилени үзүшкөн. Кайра бир мезгилден кийин Гулнара менен Айжамал биригип, Гулшайыр эже менен кучакташып сүрөткө түшүп жатышкан. Эми ккийинки очередде Гулнара менен Сайкалды да кошуп алышат булар, бирөөсү баштайт айтышып.
25.02.2019. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Кенже сен озу бир создон каласынбы. Гулшайыр эже менен айтыштын эле мына озунун башына келди дагы эле тынбадын. Айжамалды сен адам кылсан сени ким адам кылганын унуттунбу. Озун эле Кенже болуп чыга келгенсип. Керек болсо экоонду тен ким ушу даражага алып келгенин унутупсунар.
26.02.2019. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
nazira..., 100% кошулам. Аябай жасандап чыккан эле. Уят ХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2019-02-26 14:43:18
25.02.2019. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Быдылдап коп суйлойсун. Аз суйлоп коп ырда. Алина Жетигенова, Г.Тойгонбаева,Г.Сатылганова, Г.Кахарова, Ж.Муратова эжелерди карачы зынкыйып ырдап гана коюшат. Сага окшоп актанып ар нерсени суйлой бербей. Тарбия коргон башка болот деген туура соз.
26.02.2019. 07:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул кыргыздын кече эле чыгып келген ырчыларына тан калам, Бек,Сыймык,Гулнур,Асанкалыйларга окшоп ырлары мн популярду болбой чырлары мн популярду болгонуна. Колундан келсе шоу бизнесте журбойсунорбу.
26.02.2019. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Убагында ХХХХХ жасандап чыкты эле. Ошондо мен ойлогом, ии разы болбогон ХХХХ экен деп! Кайсы Адам озу ичкен суусуна тукурот? Группада бир эки жыл дуруп ошентсе, макул дейсин. 20 жыл иштеп, эч кимдин коркутуусу менее эмес, оз калоосу менен журуп!
Модератор admin_portal түзөттү 2019-02-26 14:44:28
26.02.2019. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Уят.. Эми бири бирин чукулашпай эле койсо болмок. Айжамал ойлонуп сүйлөсө, Кенже эч нерсе дейбейт эле. Эми Айжамал өзү күйөөсүнүн, тамада жана аялынын жараатын кайра козготту. Алар эмне болот. Жарашкан күйөөсүнө кайра сөз тийгизип. Ойлонуп иш кылгыла
26.02.2019. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Айжамал озу куноолуу орок оро албаган орсок уй саайт деген макал Айжамал учун айтылгандай Кенже эже азаматсыз
26.02.2019. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Айжамал куйоосун жамандап чыккан эле бир кезде,анан кайын журтун жамандап,эми Кенжени .Негизи ар кимди жамандап жургон адамдын журогу таза болбойт.
26.02.2019. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Коомчулукта жарыя болбой оз алдынарча чечишпейсинерби.Кенже эже соз байлыгынызга баа бердим.Ошондой акылыныз менен урушунарды токтоткула.
26.02.2019. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кенже оозун укмуш кылып жабып коюптурго, Айжамал чын эле башкаларды куноологондон алыс болуп , озунчо болуп жашай бер да эми.
26.02.2019. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айжамал адашты ал унчукпаш керек эле. Кенже ушул кунго чейин унчукпай келе жататко.Анын дагы оз чындыгы барда
26.02.2019. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кенже актанып эмне кылат. Тенелбей кой бутту. Айжамал куйоосу менен ажырашканда, аябай кайгырдым эле. Корсо кептин баары Айжамалда жаткан турбайбы. Жакында бир таанышым Айжамалды тойго чакырам"-деп журчу. Ал дагы чакырбайм" деп калыптыр. Маалымат согушу деп ушуну айтат.
27.02.2019. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бирок Кенженин мээнети коп болгон кыз буракта эмнеле ага асыласынар.Ал озунун жашоосу менен туз журот андан коро озунордун жашоонорду жонго салып алгыла.
27.02.2019. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бирок кептин ачыгы Кенже кеткенден бери кыз буракта нормальный ыр жок нормальная кыз жок. Айжамал менен Гульнара эрге тийип кеткенде да Кенже кыз буракты кармап турган. Аты чыгып турат эле. Азыр только Сайкалды эле тааныйбыз он жылдан бери бир жарк деген ыры чыкбады. Эски эле ырлар болбосо жанысы жок. Айжамал аябай жакчу мага бирок озу козгоп алды кенже душман деп. Гулшайыр эженида кыйын кыйын десен вообще эле тошун кага бербей басып койбойбу экоонун тен пейлин билет.колунан чыкан кыздар
27.02.2019. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чын эле Айжамалдын ырдаганы гана болбосо акылы,билими,соз жагынан бир аз жакырдай сезилет.Кенженин созундо чындык бар.
27.02.2019. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Kenje maga jagat irchi katari jana adam katari ,a bul Aijamal kim Kenje menen karmashkandai jon ele jursonchu
27.02.2019. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айжамал түз эфирден качты го , теңелип келгенде экөө тең бири - биринин далай былыктарын чукушмак да
01.03.2019. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ сураныч. Канчанчы чыгарылышта эле, Айжамалдын, күйөөсүнүн берген маектери айтып коёзузбу.
01.03.2019. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
01.03.2019. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ рахмаат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо