Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

№851 21-27-февраль, 2019-жыл

ЖЫЛКЫ ЭТИ АЗ КАНДУУЛУККА ДАБА

  1. Ммм... Чучук, казы-карта, жылкынын этинен жасалган бешбармак... Шилекей актыбы? Өзгөчө кыштын ызгаардуу күндөрүндө булардан кыя кесип жесең ток да, демдүү-күчтүү да жүрөсүң. Жылкы эти башка эттерден эмнеси менен айырмаланат? Кимдерге пайдалуу да, кимдерге жегенге болбойт? Бул тууралуу КММАнын терапия кафедрасынын доценти, гастроэнтеролог Абдубакир Ибраимов жана элдик дарыгер Ташбү Жамилова айтып беришти.

  2. ЖЫЛКЫ ЭТИНИН ПАЙДАСЫ

    • Жылкынын этинде холестерин аз. Андыктан ашыкча салмактан жабыркагандар үчүн пайдалуу азык. Булчуңдарды чыңдап, өттүн жакшы иштешин шарттайт. Боордун жабыркаган ткандарын калыпка келтирет.
    • Жылкынын эти калий, натрий, фосфор, темир, магнийге, А, В, Е витаминдерине бай. Андыктан жүрөк-кан тамыр оорулары, аз кандуулук, атеросклероз менен ооругандар жаңы союлган жылкынын этин кайнатып жесе пайдалуу. Мындан сырткары алсыроону, чарчоону жазат, эркектин бел кубатын көтөрөт.
    • Уй этине салыштырмалуу жылкы этинде органикалык кычкылдар көп жана сиңимдүү. Ал зат алмашууну, тамак сиңирүүнү жакшыртат.
  3. ЗЫЯНЫ

    • Жылкынын туздалып, сүрсүтүлгөн эти, майлуу эти, чучугу кан басымды көтөрөт. Андыктан кант диабети, геппатит, боордун циррозу, холецистит менен жабыркагандар, өтү жоктор жылкынын сүрсүгөн этин жана майын жегенден баш тарткандары оң. Булар өнөкөт ооруларды козгойт жана курчутат.
    • 12 жашка чейинки балдарга сунушталбайт. Анткени жаш балдардын организми жылкынын этин жакшы сиңире албайт. Мындан сырткары ашказан-ичеги, панкреатит, гипертония, псориаз, дерматит, богок, катаракта, глаукома оорусу барларга, инсультка, инфарктка чалдыккандарга сунушталбайт. Оорусу күчөп кетиши мүмкүн.

    ЭЛДИК МЕДИЦИНАДА

    Жылкынын этинде холестерин аз. Андыктан жаңы союлган жылкынын этин кан басымы жогорулар, кант диабети менен жабыркагандар жесе болот. Албетте, майлуу этин, чучугун жегенге болбойт. Негизи эле малдын майы гепатоз, семиздиктен жапа чеккендерге, кан басымы жогоруларга сунушталбайт.

  4. КАРЫН БҮРМӨ

    Даярдоо ыкмасы:

    1. Жылкынын ичегисин таза жууп, туздуу сууга 30-40 мүнөт чылап коёбуз.
    2. Жашылчалардын баарын аарчып, тазалап, жууп, чоң-чоң туурап алабыз.
    3. Эт да чоң-чоң тууралат.
    4. Тууралган жашылчалар менен этти чоң идишке салып, үстүнө татымына жараша туз, мурч себелеп аралаштырабыз.
    5. Ичегини муздак сууга бир сыйра чайкап, ичине этти жана жашылчаларды салып, оозун бекем тигип бекитебиз. Эгер чучук болсо аны кошо салсаңыз болот.
    6. Даяр болгон карын бүрмөнү муздак сууга салып кайнатабыз. Кайнап чыгары менен чий көбүгүн алып, сапырып, карын күрмөнүн 3-4 жеринен тешип коюуну унутпаңыз. Бул анын жарылып кетүүсүнүн алдын алат. Андан соң жай отто 2,5-3 саат кайнатып бышырып алабыз.
    7. Бышкан соң шорпосуна үлпүлдөтө жайылган камырдан салып бышырып, үстүнө карын бүрмөнү салып, жара кесип, табакты дасторконго койсоңуз болот. Шорпосуна сүзмө, айран, кымыз катыктап ак серке жасап ичүүгө болот.

    Ак серке – кыргыздын улуттук тамактарынын бири. Шорпого кесме салып бышырып, сүзүп алабыз. Андан соң кесме бышырылган шорпону сапырып, ага кымыз, айран же эзилген сүзмө, курут катыктоо менен даярдалат. Эттин шору, кесменин маңызы, катыктын ачкылы – үчөө кошулган ак серке ток жана даамдуу болот. Ак серке тамакты сиңирүү үчүн суусундук катары бешбармактан кийин ичилет.

    Аладөң – жаш малдын этинин жылуу нак шорпосуна теңме-тең айран катыкталган шорпо. Ал суусунду кандыруу менен жеген тамакты жакшы сиңирет.

    Кара дөң – шорподон жасалган суусундук түрү. Нак шорпого чактап муздак суу (1 литр шорпого 300 миллилитр муздак суу) кошулат. Ал жеген тамакты жакшы сиңирүү үчүн эттен кийин ичилет.

  5. ЖЫЛКЫ ЭТИНЕН КУУРДАК

    Даярдоо ыкмасы:

    1. Этти диаметрин 5 сантиметрден кылып туурап алабыз.
    2. Пиязды аарчып, жарым тегерек формада туурайбыз
    3. Казанда ысып турган майга этти салып 10 мүнөттөй кууруйбуз да, пиязды салып аралаштырабыз. Татымына жараша туз, мурч салынат. Эт менен пиязды 5 мүнөттөй кууруган соң үстүнө сууну куюп, казандын капкагын жаап, жай отто 50-60 мүнөт демдеп бышырабыз. Ширелүү куурдак даяр!
    4. Бир баш пиязды шакекче түрүндө туурап, ачуусун чыгарыш үчүн жылуу сууга жууп алабыз. Андан соң туз, мурч, бир аз өсүмдүк майын кошуп аралаштырып, куурдактын үстүнө салып берсек болот.

  6. ШИРЕЛҮҮ ЖЫЛКЫ ЭТИ

    Даярдоо ыкмасы:

    1. Курч бычак менен эттин ар жерин тилип-тилип алабыз да, үстүнө татымына жараша туз, мурч, калемпир себелеп, сүртүп чыгабыз.
    2. Сарымсакты аарчып, жука кылып туурайбыз да, эттин тилинген жерлерине киргизип чыгабыз.
    3. Эми этти кулинардык баштыкчага салып, оозун бекем байлайбыз да, 180-200 градуста ысып турган электр мешине 1,5- 2 саатка салып коёбуз. Кулинардык баштыкчадан буу чыкпагандыктан эт өз ширесинде ширелүү болуп бышат.
    4. Бышкан этке гарнир катары сууга бышырылган күрүч, макарон жашылча салатын берсеңиз болот.

    Дамира Арстанова
    kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(5)
25.02.2019. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мммммммм
26.02.2019. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карын бурмо жетинчи пунктка келгенде карын курмо болуп эле кеткени болбосо рецептер жакшы экен :))))
28.02.2019. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылкынын этин жей алгандар жейт да,мен көтөрө албайм.башым ооруп чыгат
02.03.2019. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чучуктун кандай жасаларын да айтып кетпептир.
09.03.2023. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылкынын эти бронхиалдык аллергиясы барларга болобу? Ошону билейин дедим эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо