№851 21-27-февраль, 2019-жыл
Айдоочулардын жоопкерчиликсиз мамилесинен күнүнө канчалаган адамдардын тагдыры талкаланып, өмүрлөрү кыйылууда. Жол кырсыктары жаңы ишке ашып жаткан «Коопсуз шаар» сыяктуу долбоорлордун жардамы менен азаят деген үмүтүбүз чоң. Бүгүнкү каарманыбыз 5 баланын апасы Айгүл Жумадылова 2 жыл мурун жол кырсыгынын айынан чырактай 2 жарым жаштагы уулунан айрылган. Ал эми 13 жаштагы кызы 9 жолу операция болгон.
«КЫЗЫМА 9 ЖОЛУ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛДЫ»
Айгүл Жумадылованы кызы Аянанын тагдыры көп ойлондурат. Жаш эне кызынын дени сак чоңоюшун, өзү кыялданган кесиптин ээси болуп эл катарында жүрүшүн гана тиленет:
– 2016-жылдын 12-июлунда 13 жаштагы кызым Аяна 2 жарым жаштагы уулум менен Чолпон-Ата шаарындагы эжемдин үйүнөн Чырпыкты айылында жашаган чоң ата-чоң энесинин үйүнө такси менен бара жаткан. Балдарымды чоң энеси тосуп алмак. Бир маалда кайненем кызыма чалса, телефонду бирөө алып, жол кырсыгы болгонун айтыптыр. Кайненем окуя болгон жерге барган. Тамчы менен Чок-Талдын ортосунан кызым отурган Ауди үлгүсүндөгү унаа менен каршы тараптан келе жаткан Мерседес үлгүсүндөгү унаа кагышып, Ауди оодарылып кеткен экен. Балдарымды Балыкчынын ооруканасына алып барышат. Бул кабарды укканда жолдошум экөөбүз Бишкектен дароо эле Балыкчыдагы ооруканага бардык. Биз мынчалык катуу жол кырсыгы болгонун ойлогон эмеспиз. Барсак, баламды операцияга алып кирип кетишкен экен. Уулум операциядан чыкпай калды (ыйлап). Кызым болсо 15 күн жандандыруу бөлүмүндө жатты. Анын эки колу, буту, жамбашы сынган. Дарыланып чыкты. Колу туура эмес салынып, аны кайра салдырды. Бир жылдан кийин 1 буту аксап баштады. Врачтарга көрсөтсөк, жамбаш сөөгүнүн башы эзилип кетиптир. Кайра операция жасалды. Бирок жыйынтык болгон жок. Ошондон бери кызыма 9 жолу операция жасалды. Врачтар жамбаш сөөгүнүн башын кесип, пластик салыш керек экендигин айтып жатышат. Ал операция 2,5 миң долларды талап кылат экен. Анткени ал үчүн колдонулган аппаратты чет жактан алып келиш керек экен. Андан тышкары дарылануусуна канча акча кетет азырынча белгисиз. Бизде анча каражат жок. Менин азыр 4 балам бар. Кичүүсү 10 айлык. Балдарым менен үйдөмүн. Жолдошум болсо базарда жүк ташуучу болуп иштейт. Тапкан акчасы күнүмдүк азык-түлүктөн артпайт. Өзүбүз батирде турабыз. Аяна былтыр 2-топтогу майыптык алган. Азыр 4 миң сом пенсия алат.Кызым мектепте жакшы окучу. Ооругандан бери сабактары аксап жатат. 8-классында мектепке бара албай, мугалимдер үйгө келип окутушту.
Күнүнө канча деген адамдар жол кырсыгынан каза болуп, ден соолугунан ажырап жатканын жаңылыктардан саат сайын окуп жатпайбызбы. Мендей болуп башкалар балдарын, ата-энесин, жакындарын жоготуп сыздабасын. Айдоочулардын жоопкерчиликти көбүрөөк сезишин каалайт элем.
«КЫЙНАЛГАНДА ЫЙЛАГЫМ КЕЛЕТ»
15 жаштагы Аяна Алымбекова кыйналган учурларын эстеп ыйлап да алды:
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |