Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Сайкал Садыбакасова, "2018-жылдын супер ырчы айымы": «МАКСАТ КЕЛИШИМ МЕНЕН ҮЙЛӨНДҮ ДЕГЕН – УШАК»

№851 21-27-февраль, 2019-жыл

Гезитибиздин өткөн сандарында телеалпаруучу Максат Довранов жубайы, ырчы Сайкал Садыбакасова менен ажырашканын ачыктаган. Египеттеги эс алуудан кайткан ырчы айым да бул маалыматты тастыктап өттү.

– Салам, Сайкал! Жакында эле Египеттен келдиң, эс алуу кандай өттү? Чыгармачылыгыңда эмне жаңылыктар бар?

– Кандайсыздар? Ооба, 80ге жакын киши Египетке барып 10 күн сонун эс алып келдик. Египет аябай жакты, дагы бир жолу апамды, инимди алып баргым келет. Чыгармачылыгымды улантып жатам. Шаңдуу 2 ыр жаздырдым, жакында күбө болосуздар. Концерттерде катарынан жай ыргактагы ырларды ырдай берип өзүм да ыңгайсыз боло берчүмүн. Шаңдуу ырларды ошол үчүн, экинчиден, тойлорго ырдайын деп жаздырдым. Ачыгын айтканда, азыр ырчылар тойлордон эле каражат таап калбадыкпы. Андан сырткары, буюрса, “Кыз-Бурак” тобуна атайын имарат курууга аракет көрүп жатабыз. Продюсердик борбор ачалы деген жакшы максаттар бар. Ал жерден ырчыларга тиешелүү бардык кызматтарды көрсөтсөк дейбиз. Муну менен “Кыз-Бурактын” кыздарына да жакшы шарт түзүлөт. Дагы бир жаңылык, кайра “Кыз-Бурак” тобунун курамында ырдайын деп чечтим. Буюрса, ушул жылы топтун 40 жылдык юбилейин белгилөөгө даярданып жаткан чагыбыз.

– “Кыргыз ырчылары артына 4 бийчи бийлетип коюп концерт бере беришет. Шоу жасаганды билбейт” деп сын айткандар көп. Шоу жасоо үчүн эмне керек? Акчабы же изденүүбү?

– Биздин улуттук колоритибиз бар, аны эч качан жоготпой, кыргыз кайрыктары менен дүйнөнү багынтып, башкалар бизди туураш керек деп ойлойм. Мисалы, коңшу өзбек, казак ырчылары эч качан батышты туурабайт. Мен да мурун батыштын ырларын угуп, аларды туураганга аракеттенчүмүн. Эми оюм өзгөрдү. Мисалы, биздин шоу чөйрөдө чыныгы ырчылар көп. Алар аябай эмгектенишет, изденишет. Ар бир эмгек бааланса туура болмок. 4 бийчини бийлетип койсоң дагы сахнада 5 адам эмгектенип жатат да. Бирок биз өнүгүшүбүз керек. Болгону бизде колдоо жана жетиштүү каражат, атайын курулган концерттик зал жок. Концерттик мекемелерде жандуу ырдаш үчүн жогорку сапаттагы аппаратура коюлса, биз деле жандуу ырдап, жандуу концерт бергибиз келет.

– Гезитибиздин өткөн сандарында мурунку жолдошуң Максат Довранов маек куруп, ажырашып кеткениңерди ачыктады...

– Ооба, Максат экөөбүз чындап эле эки жолго кеттик. Тагдыр экен. Эч ким маңдайына эмне жазылганын билбейт тура. Биз деле аракет кылып көрдүк. Максат кичи пейил, ак көңүл, жакшы адам. Болгону экөөбүздүн жылдызыбыз, көз караштарыбыз, мүнөзүбүз же кызыкчылыктарыбыз, кыялдарыбыз келишпей калды. Экөөбүздүн дүйнө таанымыбыз эки башка болуп туруп алды. Балким, достугубуз, жакшы көрүү сезимибиз чыныгы сүйүүгө айланбай калгандыр. Сый боюнча калдык, эч кандай уруш-талаш болгон жок. Азыр деле чалышып, сүйлөшүп, бири-бирибизге жардам керек болсо кол сунуп турабыз. Ал азыр тамадалык кыла баштабадыбы. Ажырашып кетсек деле ал мени тойлорго чакырат. Барып ырдап кетем.

Бирок экөөбүз тууралуу ар кандай сөздөр болууда. Элдер эч нерсени билбей туруп жүрөктү оорута турган сөздөрдү жазып жатышат. Мисалы, “Сайкал Максатты колдонду” же “Максат келишим менен үйлөнгөн” деген сөздөр чыкты. Максат келишим менен үйлөнгүдөй акылсыз адам беле? Анын дагы эркектик намысы бар. Максат унаасын да, үйүнө каражатты да ак эмгеги, маңдай тери менен тапкан. Мен келишим менен күйөөгө тийгидей эч ким албай койгон кыз белем?! Эч кандай ортодо келишим деген болгон эмес. Экөөбүз бири-бирибизди жактырчубуз, баш кошуу экөөбүздүн гана чечимибиз болгон. “Биз баш кошобуз” деп апама айтсак, ал өзү нес абалда калган. Апаларыбыздын алдынан өтүп, батасын алып баш коштук. Жакшы тилектерибиз бар эле, бирок жашоо ушундай экен. Ажырашуу мен үчүн да аябай оор болду. Бирок тагдырдын жазмышына баш ийебиз да. Буюрса, жакшы күндөр алдыда.

– Ажырашууңар апаңарга да оор тийген чыгар.

– Ажырашканыбыз апама да, кайненеме да, жакындарыбызга да оор тийди, дагы деле өздөрүнө келе албай жүрүшөт. Кайра жараштырганга болгон аракеттерин жумшашты. Болгону бешенеге жазганды Жараткандан башка эч ким өзгөртө албайт экен. Бул Максат экөөбүздүн биргелешкен чечимибиз болду.

– Сага үйлөнгөндөн тарта Максат шоу чөйрөсүндө активдүү эмгектенип, алпаруучулуктан тышкары менеджерлик, тамадалык да кыла баштады.

– Негизи эле Максат уюштуруучулук жагынан аябай кыйын. Мисалы, көп жылдан бери телеалпаруучулукту аркалап жүрөт. Сөзгө чечен. Ошондуктан тамадалыкты да өздөштүрүп алды. Балким, экөөбүздүн баш кошконубуз же ажырашканыбыз аны таасирленткендир. Жаңы үйлөнгөндө “тамада эле болбойлубу, азыр тамадалар жакшы табышат” деп тамашалашып, кыялданып калар элек. Ошол пландар ишке ашты.

– Мурунку маегиңде толуп кеткениңди айттың эле. Азыр арыктап калыптырсың, диета кармап жатасыңбы?

– Мен 4-5 ай катуу оорудум. Ооруган учурда мага дарыгерлер жазып берген гормоналдык дары-дармектерди ичип улам катуу толуп кеткем. Андан кийин ажырашуу стрессине кабылдым.

– Комментарийлер катуу капа кылып жаткан окшойт?

– Негизи комментарийлерге терикпейм деле. Бирок ушундай жүрөктү ооруткан сөздөрдү жазышат. Каяктан андай ушактарды таап чыгышат билбейм. Бирок 1 жалган комментарийди 10 адам окуса, 5өөсү ишениши мүмкүн да. “Бирөөнүн үй-бүлөсү – чытырман токой” деген кепке кошулам. Кимдин жашоосунда эмне болуп жатканын билбей туруп айтып коюш оңой. Кээде апамды да кошуп, ар нерсени жазып жатышат. Апамды элдин баары жакшы билет. Аябай тартипти бекем кармаган, каада-салт, үрп-адаттарды аздектеген, акыл-эстүү, чынчыл аялзаты. Ал аялдын баласы болуу да жеңил эмес. 330 кызды тарбиялап, уядан учуруп, кыргыз элинин урмат-сыйына татыган апамды уят кылбаш менин негизги милдетим деп эсептейм. Апама эч кимдин сөз тийгизгенге акысы жок. Бул менин жашоом, менин тандоом, тагдырдын буйругу!

– Маегиңе ыраазычылык! Алдыда жакшылыктар көп болсун!

"Максат экөөбүз сый боюнча калдык, эч кандай уруш-талаш болгон жок".
"Эс алуудан көз ирмем. Буюрса, жакшы күндөр алдыда".

Асхат Субанбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(35)
25.02.2019. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Бир ай эле жашадыбы Бир айда билинеби мунозу дал келеби келбейби кобураак убакыт жашап корушсо болмок экоо бири бирин тааныш учун,ХХХХХ.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-02-25 14:02:39
25.02.2019. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
Siren.ms, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
25.02.2019. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+68
Гульшайыр эжени "тартипти темирдей кармаган аял" деп айтпай эле коюшса. Кордук ко акырккы жылдары кандай тартиптуу экенинерди
25.02.2019. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ооба Сайыкалдын себепчи болсо кк.Тенелбейм,эркектин эркектей болгону жакшы деп жаздылего.инстаграмга
25.02.2019. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
010288,ким кимге тенелбейм дедиле
25.02.2019. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Мин жолу озунду актасан да баары бир эл ишенбейт.ХХХХХ баарыле билет.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-02-25 14:01:26
25.02.2019. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+46
Сайкал эми Максаттай жолдошту эч жерден жолуктура албайт.Кыска ойлуулук кылды окшойт.Максат бактылуу Болсун ылайым.буйруса сени .апанды сыйлаган кызды табасын деп ишенем .Сайкалга соз жок.уй булону кармаганга аракет кылыш керек эле Гулшайыр эже башка кызды тарбиялай Берген экен темирдей тартип кылып ,окунучтуу озунун кызын тарбиялабаптыр да .
25.02.2019. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Мумкун откон жашоон себеп болгондур...Мисалы ХХХХХ бекеринен ызылдабагандыр
Модератор admin_portal түзөттү 2019-02-25 14:20:40
25.02.2019. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
ХХХХХ баш кошсо тан калбайбыз.Шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт...
Модератор admin_portal түзөттү 2019-02-25 15:15:07
25.02.2019. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Баарына сама виновата,Сакуля. Эми элди ушакчы девей эле кой
25.02.2019. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Аялдык бакыт каалайм. Сонун кызсың Сайкал. Эл агылган суу бир көрө албас бир сөз айтса ал эки сөз болуп уланып кете берет. Сынчылар четинен чыгат. Аларга кулак салбай башыңды бийик көтөр. Максат менен үйлөнгөнүңөрдө сүйүндүм эле ажырашты дегенде капа болдум от души. Мен сени жакшы көрөм сиңдим. Алга жана ийгилик
25.02.2019. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+35
Али таанышканга улгурбой ажырашканынарды, эми Мери Шакулиндин куйоосунотийсе тан калбагыла
26.02.2019. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Абийирин жабыш үчүн шашылыш тийип кеттиң,алды артыңды карабай.Бирок окшошпой калды,силер апаң экөөң түзгөн сценарий.Эми бактыңды таап бактылуу бол
26.02.2019. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
КЫЗ БУРАК тобунда ырдабай эле койбойсузбу жашыңызда бир топко барып калган канчалаган жаш кыздар бар таланттуу ошолордон караңыз издеңиз...
26.02.2019. 07:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир бирибиз мн акылдашып эле ажыраштык деп Максат дагы Сайкал дагы жакшы эле жооп бердинер болбосо силерди дагы сериал кылып салмак. Бирок эртен дагы СуперИнфо айтат неге акылдашып ажыраштынар мунун себеби , сыры эмнеде деп.
26.02.2019. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылдызы келишпесе ажырашканы эле жакшы. Себеби, Кыргызстанда канча аялдар чыдап жашап келип жатышат. Аял заты кучтуу болсо экен дейм. Кой уят, элдер эмне дейт деп арманын жутуп жашагандар аз болсо экен.
26.02.2019. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Алар эмне кичинекей секелек кыздар бекен аларга мындай де андай кыл денендей! Чон келиндер болсо, Гульшайыр эжеге эмне?
26.02.2019. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Сайкал ырдап, жер кыдырып, ар кандай кечелерге барып, тааныш достору менен сайраңдап жүргүсү келди. 1,2 ай жашап семейный жашоого чыдабады окшойт. Эми Максаттай баланы, анын апасындай кайненени таппайсың
26.02.2019. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Неси болсода экоо тен шоунун балдарыда. Бири бирин каралабай Максат Сайкалды мактап Сайкал Максаты мактап интервью бериптир. Молодцы
26.02.2019. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
ХХХХХ себепкер эмеспи ажырашуунарга?
Модератор admin_portal түзөттү 27.02.2019 13:21
26.02.2019. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардык эле үй бүлөлөрдө болсо к.к мындай көрүнүш. Сүйлөшүп жүргөндө кыз да жигит да чыныгы жүзүн жашырып, болушуняа жагынып, жакшы жактарын көрсөтүп, анан үйлөнүшөт. Турмуш курган соң 24саат "маскасын" кийип жүрө алышпайт. Ортодо кайчы пикир жаралат. Чыдаса көнүшүп, осурагы сиңишип жашап кетмек. Баардык үй бүлөдө эле болот мындай.
26.02.2019. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тан калдым коментарийчилерге,силерге Эмне болду анча,силердин уй-булоонордо бары укмушпу?Жайына койгула Ким Ким мн журот,кимге тиет катуу талкуулапсынарго,баарынын башы бош оз каалагандарын кылышсын,тарбия бербептир дейсинер чоноюп калганда оз жашоосун озу туптойтда
01.03.2019. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Luna15,тим коебуз дечи бирок булар эл алдында журушотго артында кумирлери бар дегендей эртенки жаш улан кыздарга бир ай жашап ажырашып бири бирин мактап койсо болот экен деп мээсине синише берет бара бара анан турса кызын боводу деп. Азыркы заманда кыныр иш кырк жылга жетпейле билинет. Эскертип жатам тарбия деген болот причем эл алдында журсо.
26.02.2019. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Эч нерсе эмес Сайкал муну менен жашоо токтоп калбайт.. Өз түгөйүңдү табасың
26.02.2019. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыз чыкпай калды да каап бузуку жашоо талкалайт жаш үй - бүлөөлөрдү.
26.02.2019. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Буйруса Максатка ыймандуу кыз жолугуп да бактылуу болсун.ал эми Сайкалдын артынан коп соз ээрчийт.иши кылып бактысын тапсында
27.02.2019. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Сайкал сен башында турмушка чыгып жатканда мен эримдин айтканын кылам ырда десе ырдайм ырдаба десе ырдабай отурганга кудиретим жетет дебедин беле эми мынтип чыгыпсын каалоолорубуз тандоолорубуз эки башка болуп чыкты деп барынанда уй булону сактап калышын керек эле отто окунучту
27.02.2019. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
suluubiikech,тамашалап койгон го?)))Максат жоош да,Гулшайыр кыйыыыын озучу)
27.02.2019. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
тойдогу видеосун коруп Сайкал не по любви тийип атат деп ойлодум эле
28.02.2019. 06:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Семия кутуп бала тороп эле отурган га не жетсин, кочодо темселеп эри жок тоймо той концертме концерт журсон ошол жакшыбы? Жашын 30га барып калды 1чи очурет ге уйбулону койушун кк эле! Гулшайыр эже жакшы адам, просто жузуну жер каратпа башка!!! Сенин жаштыгын калдыбы? Артис болуудан семя артык эле, кийин арман кыласын го
28.02.2019. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Контракт болбосо дагы жакшы ниет менен баш коштурду эле да Гулшайыр эжебиз. Жылдызы келишпей турмуш болбой калды. Коздорундо суйуу жок эле ошондо эле Максат экоонун тен.
01.03.2019. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы Айжамал менен Азамат биринчи куйоосуно окшоп,бири биринин абийрин ачпай ажырашыптыр.Тенинерди таап бактылуу болгула эми!
03.03.2019. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ушакчылар толуп алыпсыңарго,ушак айткан чоң күнөө болот,бирөөнүн жашоосун билип билбей ар нерсе жазып койуш оңой,ар ким өзү билетта жашайбы,ажырашабы.
04.03.2019. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Максаттан ката кетсе сразу айтмак.Сайкал жашагысы келбегенда
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо