Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ОРУСИЯЛЫК ГУБЕРНАТОРДУ ТАШЫГАН УЧКУЧТУН БАЯНЫ

№851 21-27-февраль, 2019-жыл

Бүгүн учкучтар тууралуу сүйлөшөбүз. Ушунчалык чоң жоопкерчиликти моюндарына алып, учкучтук кесипти тандагандар мен үчүн дайыма кызык болуп келген. Учкучтар дүйнөсү сиз үчүн да табышмактуу аалам экенинен күмөнүм жок. Орусиядагы “Скол” авиакомпаниясынын учкучу 35 жаштагы Мирел Молдалиев бизди кызыктырган дүйнөдөгү жашоо тууралуу кеп курду.

“ЧОҢ АТАМ ЖЫЛКЫСЫН САТЫП, АТАМДЫН ДОСУ КОЙЛОРУН САТЫП ЖАТЫП ОКУТУШКАН”

Каарманым каражаттын айынан бир канча жолу окуудан чыгып калуу коркунучунда болгон. Ага карабастан асманда учуп жүрүү кыялына жеткен учкуч ал күндөрдү мындайча эскерет:

– Мен Бишкекте төрөлүп, чоңойдум. Кичине кезимде “Манас” аэропорту жактагы жер тилкебизге жер-жемиштерди өстүрчүбүз. Ошол жакта иштеп жүргөндө учуп бараткан учактарды көрүп алып, асманда учуп жүрө берсем деп кыялданчумун. 2002-жылы 11-классты бүтүрүп, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжине тапшырганга бардым. 200дөй балдар ден соолугуна байланыштуу өтпөй калышты. Көрсө, биздин иште ден соолуктун чың болушу өтө маанилүү экен. Иргелип отуруп, 4 гана адам окууга өткөнбүз. Анын бирөө орус тилинен кыйналып, окубай кетип калган. Ошентип бир тайпада 3 гана адам бүтүрүүчү болдук. Ал жылдар ата-энем үчүн кыйынга турду. Жылына 25 миң сомдун тегерегинде контракт төлөшчү. Кошумча тренажёрдук даярдык үчүн саатына 1000 сомдон төлөчүбүз, аэродромдук практикага керосинди өзүбүз куйчубуз. Анын тоннасы ошол кезде 700 АКШ доллары эле. Як-40 саатына 1,5 тонна керосин иштетет. Учкуч болуш үчүн ушунун баарына чыдаш керек болду. Бир ирет кыйналганда окууну таштайм десем, чоң атам жылкысын сатып жардам берген. Кийин дагы каражаттын жетишсиздигинен окууну таштайын дегем. Анда атамдын бир досу 10 коюн сатып жардам берген. Менин окуум үчүн атам насыя да алган. Ушинтип жүрүп 3 жыл колледжде окуп, кызыл диплом менен аяктадым.

Алгач “Кыргызстан аба жолдорунда” Ош-Бишкек багыты боюнча Як-40 учагын башкардым. Алгачкы жолу учканда инструктор менен учкандыктан коркунуч болгон эмес. Бирок, албетте, жоопкерчилик чоң. Борттогу элдин өмүрү биздин колдо. Ар кандай абалдан чыгуу үчүн тез ойлонуп, тез чечим кабыл алуу маанилүү. Мен учуп баратканда жерди карагым келе берет. Бирок ага жетишпейбиз да. Приборлорду караш керек.

Иштеп баштаганымда кичине кезимде элестеткендей жумуш эмес экенин көрдүм. Элесимдеги жыргал кесип чоң жоопкерчилик, бир катар оорчулуктар менен алмашты. Анан да мен эртең менен үйдөн учуп кетип, кайра кечинде үйгө учуп келсем деп кыялданчумун. Азыр жумалап, айлап үйдөн алыс жүрөм. Бир күндө бир канча шаарды, өлкөнү аралайбыз. Мисалы, эртең менен үйдөн учуп кетсем, түштө Москвада болуп, кечинде Шаржага конобуз. Ооба, эл, жер көрөбүз. Балким, кимдир бирөө үчүн бул романтика чыгар. Мен үчүн күнүмдүк жумуш.

“БИР ЖЫЛ УЧПАЙ КАЛЫП БУУЛУККАМ”

– Азыр Орусиянын Сургут шаарында жашайм. Бул жакка 2007-жылы келип, "ЮТэйр" авиакомпаниясына жумушка киргем. Ошол учурда Орусиядагы Ульяновск шаарындагы Жогорку авиациялык училищесине тапшырып, аны сырттан окудум.

2012-жылы Боинг-737 учагын башкарганды үйрөнүп, эл аралык авиакаттам менен жүргүнчүлөрдү ташып 2 жыл иштедим. Боингди башкарууну Францияда окуп үйрөндүм. Окуума “ЮТэйр” 1 миллион 500 миң рубль төлөдү. Мен үчүн советтик учактардан Боингге отурганда Жигулиден Лексуска отургандай сезим болгон. Боингди башкаруу башында кызыктуу болду. Ал компьютер менен башкарылат. Өзү учат, өзү конот. Кнопкаларды басып эле башкарасың, айлыгы да жакшы. Бирок ал учактарды башкарып жүрө берсең советтик учактардан алган тажрыйба унутулат экен. Советтик учактарды кол менен башкарып, өзүңдү учкуч сезесиң. Ал эми Боингде өзүмдү оператор гана сезгем. Чет өлкөлүк учкучтар көбүнчө автопилотко көнүшкөн. Техникага ишенип болбойт. Айрым учурда автопилот иштебей калат. Ошондо учкучтар ызы-чууга алдырып, штаттан тыш абал жаралды деп коно албай кыйналышат. Анткени кол менен башкаруу боюнча тажрыйбалары жок. Советтик учактарда учуп көнгөн бизге андай учурда маселе жаралбайт. Автопилот иштебей калса да, кол менен башкарып, учакты кондура алабыз.

2014-жылы “ЮТэйр” банкрот болуп, учкучтар кыскартылып, мен жумуштан чыгып калгам. Ошондо бир жылдай учпай жүрүп буулугуп, учканды аябай сагынгам. 2015-жылы Сургут шаардагы “Скол” авиакомпаниясына жумушка орноштум. Бул жакта иштеп жүрүп DHC-6 учагын да башкарганды үйрөндүм. Компания менин окуума 1 миллион 800 миң рубль төлөп окутту. Компанияга ал үчүн 3 жыл контракт менен иштедим. Азыр Як-40, DHC-6 башкарам. Як-40 VIP-жүргүнчүлөргө салон болуп жасалгаланган. Көбүнчө Ханты-Мансийск автономдуу округунун губернатору Наталья Комарованы кызматтык иш сапарларына ташыйбыз. Кээде “Газпром”, “Лукойл” компаниялары буюртма кылат.

“ЧАГЫЛГАНДУУ ЖААНДЫ АЙЛАНЫП ӨТКӨНБҮЗ”

– Учак кырсыктары тууралуу көрүп, угабыз. Бирок кырсык болот экен деп коркуп жүрө берген болбойт. Жерде басып баратып деле чалынып каза болуп калуу мүмкүн. Иш тажрыйбамда учуп баратканда олуттуу маселе жарала элек. Бир ирет метеолокатор жабыркап, андан түтүн чыгып, кабина түтөп кеткен. Кыш мезгили болчу. Кышында метеолокатордун көп ролу жок. Ошондуктан аны өчүрүп коюп жолубузду улантканбыз. Бир ирет Германиядан Тюменге учуп баратканда түндө чагылгандуу жаандын зонасына киргенбиз. Чагылгандын чыккан жерин локатордон карап, андан айланып өткөнбүз.

Өзүм сүйгөн кесип. Айына 120 миң рубль айлык алам. Үй-бүлөмдү кенен багууга жетет. Бирок Кыргызстан үчүн иштеп бергим келет. Жаңы учактар алынса сүйүнмөкмүн. Азыркы учактар эски. Алар Евробиримдиктин “кара тизмесине” кирген.

“ЖОЛДОШУМДУН ҮЙГӨ КЕЛГЕНИ БИЗ ҮЧҮН МАЙРАМ”

Мирел Молдалиевдин жубайы Сезим Өмүрбек кызы жолдошу жумушка кеткен сайын аман келишин тилеп, кайсы убакта келбесин, жайыл дасторкону менен тосуп аларын айтат:

– Жолдошум жумалап, айлап жумушка кетет. Ар бир кеткен сайын Кудайдан аман-эсен учуп келишин тилейм. Биз үчүн Мирелдин үйгө келгени майрам. Ал келерде үйдү тазалап, жакшы көргөн тамактарын жасап тосуп алам. Анткени мейманканада же учакта тамактанып жүрүп үйдүн тамагын, үйдүн маселелерин да сагынып келет. Үйгө келгенде эмне кааласак баарын аткарып калат.

Ойлондурган учурлар болбой койбойт. Рейс кечиксе бир жерде отура албай сарсанаа боло берем. Кандай болсо да жолдошум менен, анын кесиби менен сыймыктанам.

Жолдошум бат чечим кабыл алып, иштерди бат бүтүрөт. Бул кесибинин таасири болсо керек. Биз Мирел менен таанышкандан бир айдан кийин эле баш кошконбуз. Жолдошумдун учкуч экенин айтсам, апамдар күлүшкөн. Анткени айылда мындай кесип тууралуу укканыбыз менен, андай окууда окугандарды, учкучтарды көргөн эмеспиз да.


“Кыдырып көргөн өлкөлөрдүн ичинен мага Франция өзгөчө таасир калтырды. Луврдагы дүйнөлүк шедеврлерди көргөнүм үчүн өзүмө ыраазы болдум”.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(14)
25.02.2019. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Аии мынча сонун бактылуу болгула омурлук болгула
25.02.2019. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Демек Кыргызстан да евробиримдиктин кара тизмесине кирген учактар учат турбайбы
25.02.2019. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бат чечим кабыл алып бат бүтүрөт дейтко бат бүтүргөн жакшы эмес болбоду дегенде жарым саатта бүтүргөн жакшы)))))
25.02.2019. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Kamchybek-007, анекдот. Бир швеяга жумушка Жаны кыз кирсе,технологу жанынан кетпейт экен. Анда тигил кыз менин оюм тиккенде а сенин оюн ....... деген экен. Сеники туура келчудойго
25.02.2019. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азамат ишине ийгилиа
25.02.2019. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
молодец доске.Сургутта биз да турабыз
25.02.2019. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Аялы жонокой, карапайым кыргыздын кызы го, озу деле жонокой экен, бактылуу болгула эки дуйно.
25.02.2019. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Аии сонун тугойлор экен бактылуу болгула эн сонун кесип
25.02.2019. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азамат бактылуу бол бирок кыжаалат кылып койдунго биздин самалетторду кара тизмеге кирген деп дайыма учуп келетканда коркуп учуп келем .
27.02.2019. 08:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орустуку менен учкула ошон учун Кыргыз самолеттор аман болушсун совет маалындагы шалдыраган самолеттор...карапайым элге боло берет да Чондорубуз Россия Туркияныкы менен учушат
28.02.2019. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сургутта болсон жакын экенбиз.
28.02.2019. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Окуп жатып эс алдым.Ушундай кызыктуу кесип экенин да түшүндүм.Бактылуу болгула.Жолуңуз ар дайым ачык болсун!
01.03.2019. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздын сыймыгы болуп журо бер! Сыймыктанабыз!
02.03.2019. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын брат биз сен менен сыймыктанабыз! Биздин жаштарга улгу боло бер !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо