ХАЙП ЖЕ АТЫҢ ЧЫКПАСА ЖЕР ӨРТТӨ

№852 28-февраль - 6-март, 2019-жыл

Хайп деген сөз учурда абдан популярдуу. «Тигил хайп жаратты», «бул хайп кылды» деген сөздөр лексиконубузга кирип калгандай. Бул ирет биз көпчүлүктөн өзгөчөлөнүп, хайп жарата алгандарды тизмелеп өттүк.

Хайп (hype) сөзү англис тилинен которгондо тажатма жарнама, чуу дегенди түшүндүрөт. Интернет тармагында, массалык маалымат каражаттарында, медиа жаатында чуу жаратуу. Ошондой эле пиарлоо, бирөөнү же бир нерсени популярдуу кылуу, көбүртүп-жабыртуу.

ХАЙПТЫН АТАСЫ – PSY
2012-жылы жарыкка чыккан түштүк кореялык рэп ырчысы PSY`дын «Гангнам стайл» ырына тартылган клип Ютуб каналына жүктөлгөндө кароолор чектен ашып, учурда 3 жарым миллиард ирет каралган. Ырдын терең мааниси болбосо да клип бат эле вирустай дүйнөгө тарап, бала-бакыра, жаш-карыга карабай сүйгөн ырга айланды. Мындай көрсөткүч атактуу болгусу келгендердин кулагына күмүш сырга болуп, андан кийин бат кабыл алынган ыр, клипке басым жасагандар арбыды.

Азамат Исмаилов, Азимхан Рахатов, «КЕЛИН КЕЛГЕНСКИЙ»

2014-жылы тамашоучулар Азамат Исмаилов менен Азимхан Рахатов «Келин келгенский» деген той ырын чыгарышкан. Ырды кезинде жеңил деп сындагандар болду, ошол эле учурда тойлор аталган ырсыз өтпөй калган. Азамат ыр тууралуу буларды айтты:

– Үйлөнүү тоюмда Азимхан бизге бул ырды арнап аткарып берген. Ырды жактырып, кийинчерээк Азимханга жолугуп башкача кылып чыгаралы деп сүйлөштүк. Кайырмасы ошол боюнча калды, обонун, сөзүн өзгөртүп, аранжировкасын чыгыш стилинде жасаттык. Экөөбүз тең юмор чөйрөсүндө жүргөндүктөн элге позитивдүү маанай тартуулайлы деп ырды чыгарганбыз. Бирок популярдуу болот деп күткөн эмеспиз. Ырды эл жакшы кабыл алып, «2014-жылдын хит ыры» деген наамга татыды. Арадан жылдар өтсө деле азыркыга чейин «Келин келгенский» аттуу ырыңарды ырдап бергилечи» деп суранышат.


Кубаныч Курманбеков, «КҮН ЫСЫККЫ»

2015-жылы Кубаныч Курманбековдун “Күн ысыккы” деген ыры “прикол” болуп кетти. Бирөөсү “күн ысыккы десе”, экинчиси сөзсүз “абдан ысыккы” деп улачу. Элдин оозунан түшпөй калган ыр саптарын Кубаныч атайын отуруп деле жазган эмес:
– “Браво” тасмасына тартылып жатканда режиссёр «бир нерселерди кыңылдап койчу» деген. Күн чынында ысык болчу, ошого карата ырдаган элем. Тасма элге көрсөтүлгөндөн кийин ыр саптары тарап, популярдуу болуп кетти,- дейт Кубаныч.


МС Doncha, «СЛЁЗЫ ТЕКЛИ ВВЕРХ...»

2016-жылы бир түндө МС Doncha деген ысым бүткүл интернет желесин каптаган. Айылдык жигиттин образын жаратып, орусча тамашалуу рэп айткан вайнер Данияр Токтомаметовдун «слёзы текли вверх, слёзы текли вниз...» деген саптары бар ырын рэп ырчылары Тимати, Jah Khalib жана «А-Студио» тобунун солисти Кэти Топурия, шоумен Михаил Галустян Инстаграм баракчаларына бөлүшүп, Даниярга 1 күнгө жетпеген аралыкта 50 миң окурман кошулган. Албетте, Данияр жаштарга ырдын жагарын билсе да, саналуу сааттарда популярдуу болуп кетери түшүнө кирген эмес. Бул ырдын артынан ал орусиялык «Мейли, айта беришсин!» шоу-программасына да конок катары катышып келген.


Зияш, «АРЫКТАЧЫ»

«Тамашоу» долбоорунун «KG77» командасынан чыккан Зияштын «Арыктачы» деген тамашалуу ыры да 2016-жылда «хит» болду. Бул ыры үчүн аны каргап-шилегендер да көп болгон экен.

– Көп кыздар менен интернеттен таанышып, жолуга келгенде алар сүрөттөгүдөй арыкчырай эмес, бир аз толугураак болуп калчу. Мындайга мырзалардын көпчүлүгү туш болот, ушундан улам ыр жазуу тууралуу ой келген. Сөзүн жазып, Алтынбек Сооров деген музыкант досума идеямды айтсам ал жактырып, 3 саатка жетпей музыкасын, үнүмдү түшүрүп берген. Мен студиядан үйгө келгичекти ыр WhatsApp аркылуу тарап кетиптир. Ыр бат тараганга байланыштуу жакшы клип тартканга жетишпей калдым. Бирок шайлоо учурунда ырдын артынан жакшы каражат тапкам. «Арыктачынын» тамашалуу рэп экенин билбегендер ар кайсы сөздөр менен каргап СМС-билдирүү жазышчу.

«АЛБАРСТЫ МЕНИ БАСТЫ, АНАН МЕН АНЫ БАСТЫМ...»

2017-жылы «албарсты мени басты, анан мен аны бастым...» деп ырдаган 3 «албарсты» чыкты. «Булар эмне болгон кыздар?» «албарстыны кантип басышат экен?» деген суроо менен жаштар бири-бирине көрсөтүп отуруп, ролик бат тарады. Режиссёрдун максаты да ушул болчу. «Албарсты» тасмасынын режиссёру Бакыт Асылбек уулу тасманы пиар кылууга акча жетпей ушул ыкманы колдонушканын айткан. Андан кийин үч кыз кыргыздын "ВИАГра" тобун ачат элек деп белсенип, бирок "духтары" жетпей койду окшойт, тынчып калышты.

Кыргыздарды ойготуп хайп жараткан ГҮЛЗАТ

Былтыркы жылдан баштап «тур, турагой, кыргызым» деп элди ойготкон Гүлзат Мамытбек дагы деле эл оозунда. Ал "хайп жаратпасам да элдин талкуусуна түшөрүмдү билгем" дейт.

– Мен негизи жакшылап даярданып, ырдап чыгам деп пландап жүргөм. «Турагой» деген видеом элге хайп жаратат деп күткөн эмесмин. Бирок сөз болорумду билгем.

«Ак-өргө city» командасы, «ДЫК-КЫН-ДЫШ»

Учурда “Дык-кын-дыш” ыры эл арасында популярдуу, “Ак-Өргө City” командасынын жигиттерин туурап челленж тарткандар көбөйүүдө. Жаңы хайп ырдын жаралышы тууралуу Самат Эркинбеков төмөнкүлөргө токтолду.

– «Дык-кын-дыш» деген ырды, ага тартылган клипти «Жер тоголок» тасмасынын жарнамасы деп билиңиздер. «Кандай кылганда кино жакшы жайылат?» деп ушул вирус катары тараган версияга токтолдук. Куба, Рүстөм үчөөбүз ойлонуп Адилет Эркинбековго барып, анын командасы менен ырды бүтүрдүк. Ырга кичинекей кезибиздеги оюндарды эскерип, жаттаганга оңой сөздөрдү колдонгонбуз. Азыр балдардын баары телефонду колунан түшүрбөй үйдө отуруп калбадыбы. Көчөдө ойногондор дээрлик жок. Биздин ырды уккандан кийин кичинекейлер «ал кандай оюн?» деп кызыгып жүрүшөт. Демек, таасирлүү ыр болду.

«Ырдын сөздөрүнүн мааниси жок» деп бизге комментарий жазгандар болуп жатат. Эгер маанисине көңүл бөлүп, уйкашкан ырларды жазсак, анда азыркыдай популярдуу болмок эмес. Анткени андай ырлар абдан көп. Терең маанилүү ырларды ырчылар аткара беришсин. Биз юмор жаатында жүргөн балдарбыз, биздин максат – элге позитив тартуулоо.


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg


Хайп - же атың чыкпаса жер өрттө

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(6)
04.03.2019. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир жылмаюу жаратат баары
06.03.2019. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ака ука дегенда ыр чыктыго
06.03.2019. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Зияштын Арыктачы дегени качан хайп жаратып жүрөт, дегеле укпаптырмын го
06.03.2019. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
"Ак чучту"кошуп койбойт беленер?
06.03.2019. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми туалетке бардым бомба таштадым деп ыр жазышса деле хайп болуп кетет окшойт
08.03.2019. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кайрат Кыргызды неге кошподунар!? ("Жаааштык кез, жаштык кез")
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо