«КЫЗ-БУРАКТЫН» ЭКС-ЫРЧЫЛАРЫНЫН ЧЫРЫ УЛАНУУДА

№852 28-февраль - 6-март, 2019-жыл

Калың эл күбө болуп жаткан Кенже Дүйшеева менен Айжамал Кабылованын социалдык тармактарда кайым айтышканы бул жума да уланды. Эми Айжамал Кабылова Кенже Дүйшеевага жооп кайтарды. Сөз арасында топтун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын аты көп аталды. Чыр эки ырчыга аброй алып келбешин айтып эки жакты тең жоошуткан күйөрмандар, отко май чачкан сыңары тутантып коюп отургандар да жок эмес. Төмөндө Айжамал Кабылованын билдирүүсү кыскартылып, урунттуу жерлери берилди.


«СИЗГЕ ТЕҢЕЛБЕЙМ, ПОСТ ЖАЗБАЙМ ДЕГЕМ»

– Бир жумада сиз менин эле душманым эмес, жалпы «Кыз-Бурак» тобунун 330 кызынын жана устатыбыз Гүлшайыр Садыбакасованын душманы экениңизди далилдедиңиз. «Мен сизге теңелбейм, пост жазбайм» деп айткан элем, жазганга туура келди. Анда кеп учугун баштайлы. Сиз мени унуткам дедиңиз. Жок, унута албаптырсыз! Жолуккан жерде каарыңызды, заарыңызды чачып, ары-бери түртүп, микрофон талашып, сөгүнүп жүрдүңүз.

Баса, мени мектепте катуу тарбиялап, аябай жардам берип, жогорку окуу жайда окутуп, күйөөгө өзүңүз берип жибериптирсиз. Мени Оштогу Карл Маркс мектебине Гүлшайыр Садыбакасова сүйлөшүп киргизген. Орус класс болгондуктан, мен башында орусча окуй албай аябай кыйналгам. 9-11-класста гана кыргыз класска которушкан. Мугалимдердин жакшылыгынан окууну эң жакшы бүтүргөм. ОшМУнун музыка факультетине өз күчүм менен өтүп, ийгиликтүү аяктадым.

Ысык-Көлдөгү гастролдо ачка калган күндөрдү айтпай эле коёюн. Ал өзүнчө бир китеп болот. Баарыбызды урушуп, тилдеп, тажатып, ачка калтырганыңыз үчүн сизди көргөнгө көзүбүз калган эмес. Баса, эсиңизде калбаган окуянын чын-төгүнүн айта кетейин. Мен топтон качканда жалгыз мен эле эмес, «Кыз-Бурактын» 5 кызы да качып кеткен.

«АГК» тобун түзүүнү биз эмес, сиз сунуштагансыз. Себеби сизге акча суудай керек болчу. Куулугуңузду билбептирбиз. «Кыз-Бурак» деген атыбыз менен затыбызды пайдаланып акча табуу жолун тапкан экенсиз.

Үй-бүлөмө аралашканыңыз чын, Кенже эже. Эгерде менин таламымды талашып, күйүп-жанып, бир туугандай болгонуңузда үй-бүлөм бузулбайт эле. Мен үй-бүлөмдү сактап калыш үчүн, балдарымды атасыз калтырбаш үчүн мен жасабаган нерселерди да жасадым деп моюнга алганым чын. Аны тана албайм. Сиз Азаматка кайра-кайра «Айжамалды көптүрдүң. Жылда чет өлкөгө алып барасың, үйдү, машинаны сат, акча салба» деп сайрап жатып менин үй-бүлөмө киришкенсиз. Азамат сиздин сөзүңүзгө кирип баарын сатып, эки балам менен көчөгө таштап койгону эсиңиздедир.

Сиздин тоскоолдугуңузга карабай Гүлнара эже Гүлшайыр эже менен таптакыр байланышын үзгөн жок. А мен болсо сизди таарынтып, капалантып албайын деп, көңүлүңүздү карап, жолдошум Азаматтын «Сен Кенже эже тарапта болушуң керек» дегенин угуп эже менен катташа албаганым ырас. Сиздин бетиңизге караганда, биздин бетибизде «уят» деген сезим жашайт, Кенже эже! «Кыз-Буракты» сиз эле «Кыз-Бурак» кылгандай тантырай бербеңиз. «Кыз-Бурак» 1976-жылы сиз 2 жашта экениңизде түзүлгөн. Пейилиңиздин жамандыгынан «Кыз-Бурактын» бир кызы менен катышпай калганыңыз өтө өкүнүчтүү. Бул дүйнөдө сиз үчүн мындан артык катуу жаза болбосо керек!


Гүлшайыр Садыбакасова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти:
«ТОКТОТКУЛА, АКЫЛГА САЛГЫЛА ДЕП ТЫЙЫП ЖАТАМ»

Бул чырда аты улам аталып жаткан адам кандай пикирде? Биз «Кыз-Бурактын» жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасовага кайрылып, төмөндөгүдөй пикирин билдик:

– Өзүм социалдык тармакка аз кирем. Мен экөөнүн урушуп жатканын элден уктум. Үйгө келип, Айжамалдын интервьюсун көрүп, андан кийин Кенженин жазгандарын окудум. Чындап эле Айжамал олдоксон сөз айтып коюптур. Кенже атаандашып жеке баракчасына жазыптыр. Мен өмүр бою буларга какшап келгем. «Бириңди-бириң жамандабагыла, урушсаңар ырбап кетет. Бириңди-бириң чукусаң өзүңөргө эле эмес, «Кыз-Буракка», мага сөз тиет» дечүмүн. 42 жылдан бери мындай ызы-чууну көргөн эмесмин. Кенже деле жашы улуу адам, Айжамалдын өзүнө эле телефон чалып «сен ушуну туура эмес кылыптырсың, сага эмне болду?» деп сүйлөшүп алса болмок. Айжамалдын «Кенже – менин душманым» дегени туура эмес болуптур. Кенже бир том кылып «мектепке бардым, гүл көтөрүп бардым» дегенге чейин майдаланыптыр. Бул уят иш. «Бул чырды минтип уланта берсеңер, чындыкты эч ким таппайт» деп Айжамалдын жазганын чыгартпай бир жума кармап отурдум. «Кенже постун алып салсын» деп аттуу-баштуу адамдардын бир тобунан айттырдым. «Аралашпагыла, ишиңер болбосун» деп коюптур.

Кийин Айжамалдын посту чыгыптыр. Мен ага чалып «эмнеге чыгардың десем, «Эже, баканы бассаң деле «бак» деп үн чыгат. Мени ар тараптан каралап жамандап шыбап жазып жатышат, ызаланып чыгардым» деп жооп берди. Мен дароо эле «Элди удургутпай, коомчулукту дүрбөтпөй алып сал постуңду» деп Айжамалга айттым. Ал болсо «анда Кенже эже дагы алсын» деди. Азыркылар баары эле акылдуу. Тим эле Кыргызстанды, «Кыз-Буракты» бутуна тургузуп койгондой сүйлөшөт. Топтун кашыктап жыйнаган намысын чөмүчтөп төгүштү. Мен ачык эле айтайын, эми дагы уланта беришсе, мындан да жаман абийирлери кетет. Кенже «кара куту» деп жазыптыр. Ошол куту ачылганда экөө тең жаман болот. Ошого жеткирбей элдешип, же менин, же «Кыз-Бурактын» абийирин сактап экөө тең токтоп калышы керек. Экөөнүн уяты, абийири, намысы болсо токтоп калышар. Ачууга алдырбай, тең салмактуулукка келип, бул жаңжалды токтотуш керек. Буга аксакалдар бардык аракетибизди көрүп жатабыз.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(58)
04.03.2019. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Турмуштан кеткен жазмышты озундон кеткен кылмыштан кор деп айткан экен акылмандар.эч качан озундун турмушундагы жанылыштыкты бироодон корбо Айжамал мунун баарына озун Гана куноолусун коомчулукка жарыя кылган Кенже эже эн сонун айым ошол айымдан улгу алгын андан коро
05.03.2019. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Чын эле Кенже Эже топтоп кеткенден бери нормальный Кыз-Бурак жок.Кыз-Бурак тобунун сыйы кетти.
05.03.2019. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Кенже жок нормальный кыз бурак жок.аны элдин баары билет.
05.03.2019. 05:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Булар кимдер??
05.03.2019. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
KaGaH,Катыбачы калп эле.
05.03.2019. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
KaGaH,олумуш болбо
07.03.2019. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
KaGaH,куудул булар
05.03.2019. 05:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Гулшайыр эже акылдуу аял.Назарынан калбагыла,Кенже дагы эрге эми жеткенсип ,,жезденер''деп чоёктой берет го.Айжамал да кечээги интервьюсунда чоёктоптур.Адам бир калыпта болсо,Гулшайыр эже болбогондо экоонор тен журмоксунор бирин шалы отоп,бирин дарбыз эгип..)))
06.03.2019. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Skarlett-Skarlett, хахаааа тупатуура айттын
05.03.2019. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Катын эрин күтө албай элден көрөт, казанын жууй албай эрден көрөт дейт кыргыз макалы. ХХХХХ! Болду эми бүтүргүлө нары сериал болбой. Эмне сени Кенже эже ХХХХХ жазыш дедиби? Эркек көңүл калса басып эле кетет. Ал ошол үчүн эркек. Бузгандардан ону келсе да сен мыкты аял болсоң жаныңдан жарым карыш жылбайт болчу. Өз күнөөңдү мойнуңа алсаң.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-03-06 14:53:17
05.03.2019. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Если дүйнөдө жаман аялдар жок болгондо ушак деле болбойт эле деп ойлойм.жакшы аялдар көп болсун а жамандары тозокко жоголсун ушак пушактары менен,баарын уруштурган да и жок кылган да жаман аялдар. Только сайрашты билишет колдорунан бок да келбейт. Отургула нары диванный критик боло бербей үйдө тамак жасап, бала карап и күйөөңор иштен келгенче намаз окуп. Силерге балээ барбы баары бир эч нерсени чече албагандан кийин. Баары бир алардай атактуу боло албайсыңар. Алар из калтырган жетет.
05.03.2019. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
nazarnew,азыр аялдар эмес эле эркектер ушакчы , аялдар силердин чанынарда калат ушак боюнча
10.03.2019. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nazarnew,Элдин алдында эмнеге жарыя болушат,бизге эмне шылдындап ,,ала куш"деп отура беребиз)))
05.03.2019. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Алардын личные алардыкы силерге не касается.
05.03.2019. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бир нерсе дейин дедим эле, бирок эркек аралаша турган иш эмес экен. Аялдарча чечишип алгыла.
05.03.2019. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Создун ток этээр жери экоонун урушуна ушу Гулшайыр эже туртку болгон, анткени Айжамалды ортого салып айтчусун айттырып койду!
Бирок калп чыны аралаш созунорду Кенже эже бетинерге коюп берет, аны озунор билесинер и Кенжеден сезденип турасынар!!!
Анан ортонордо кыпчылып Гулнара чырынарды ырбатып турат.
Акылы аз Айжамал бокко малынып журо берет
05.03.2019. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сен мага тийишпе мен сага тийишпейм а эгерде тийшсен жон койбойм деген соз ошондо 3 айымдын кимисине тиешелуу болот ошондо.Сага тандоого туура келсе копчулук болгон жакта бол деген экеен.
07.03.2019. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Daru, тандоого туура келсе акылсыздар "эл дарбыса эшек дарбыйт" болуп копчулукту ээрчип жонойт, жардан секиришсе ал да секирип...

Акылдуу адам чындык каякта болсо, ошол жакты тандайт, азчылык болобу, копчулук болобу иргебей......
05.03.2019. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
akili az Aijamaldin korunup ele turat Kenje eje akilduu ayal molodes men sizdi koldoim Ak iyilet birok sinbait degen soz bar Kenje eje akilsiz adamdarga tenelbeniz
06.03.2019. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кенже эже мыктысыз!!! Жездебиз менен бактылуу болунуздар!
06.03.2019. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уят эле, Кыз бурак мындай болсо. Тиги ресторанда эки ырчы кыз чачташса. Эмне эле болуп жатат булар ырчылар.
06.03.2019. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Nanei, эскертилгенине карабай кайрадан кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирип, далилсиз маалыматтарды жазгандыгы жана эскертүү сызыгы толгондугу үчүн Түбөлүк БАН!
Модератор admin_portal түзөттү 2019-03-06 11:57:11
06.03.2019. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул маданияттууларбыз дегендердин маданиятсыз уруштары бутподу го
06.03.2019. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул ырчыларды анча-мынча тааныйм.Сен минткенсин,анан тигинткенсин деп базардагы аялдардай эле урушуп жатышат,маданияттын адамдары маданияттуу суйлогонду билбеген билими тайкы экени корунуп турат.
06.03.2019. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Кенженер ошонсо акылдуу кыйын болсо эмнеге эн жакын деген адамдар менен урушуп журот , мен ойлойм бул аял эгоист жана ичи таар болуш керек деп
06.03.2019. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кенже эже дагы Айжамал эжеге дагы кошулбайм Аяш энеме кошулам))))))))
07.03.2019. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куноолору барбы жокбу бирин бири коомчулука жамандагандарга мамлекеттик сыйлык бербеш керек себеби жеке урушу менен кийинки муунга туура эмес тарбия берип жатышат.
07.03.2019. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыз-Бурак тобунун шермендесин чыгарып, баркын кетире турган болушту ажылдашкан эки айымча.Мындай "разборкаларын" бир жерге отуруп эле суйлошуп алышпайбы, базарные бабки болуп бирин бирин соц.сеттерде шыбабай.Буга окшогон ажылдактарды той-тамашага чакырып ырдаткандан коро, театр менен ресторанды, турдуу азем-саамалыктарды 20 километр айланып от деп туруп, мамлекеттик сыйлыктарын алып салыш керек. Маданият кызматкерлеринин акыбалдары ушул.Эсинер барда этегинерди жапкыла- эсин жеген эки а
07.03.2019. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен негизи Гулшайыр, Кенже жана Айжамалдын 10 жыл илгери башталган чырынын чоо-жайынан кабарым жок. Бирок акыркы убак катуу талкууга айланган бул тема боюнча оз коз караш, ойлорумду ортого салып ото берейин...

"Кыз-буракты" 43 жылдан бери "Кыз-бурак" кылып келген Гулшайыр чынында, аны моюнга алуу керек. Кенжеге чейин да "Кыз-бурак" аты чыгып эл оозуна алынып келген. Бирок "Кыз-Бурактагы" Кенженин эмгегин да баалоо керек.
07.03.2019. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгер Кенже "Кыз-буракта" 1992-2009-жж. эмгектенген болсо, демек ал жылдары "Кыз-бурак" жаман болгон эмес. Ал убактар азыркыга салыштырмалуу "Кыз-бурак" тобунун жакшы болушу узурлуу талыкпаган эмгек-мээнеттин, изденуулордун акыбети, жалгыз Гулшайыр же Кенженин мээнети эмес, экоонун биргеликте кылган эмгектеринин узуру. Ал эми учурдагы "Кыз-бурактын" абалына мышык ыйлайт. Гулшайырдын кызы Сайкал топту ойлоого, кам корууго убактысы да, чама-чаркы да жетпейт э
Chagylgan2 түзөттү 2019-03-07 20:29:53
07.03.2019. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кенже топтон кеткенден бери озу топ тузгон менен ал тобу андай деле эл оозуна алынып кеткен жери жок. Бирок кантсе да Айжамалга окшоп элге шылдын болбой оз жолунда...

Айжамал болсо акылы тайкылыгын далилдеп уят болуп отурат. Шамал болбосо чоптун башы кыймыллабайт демекчи, бир канча жыл илгери куйоосу анын абийрин айрандай тогуп бар баркын жер менен бир кылган. Аны менен Айжамалдын куйоосу начар экенин далилдеген, озу чече турган нерсени коомчулукка жарыялап...
07.03.2019. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анан ошонун баары ушак, жалган жалаа, каралоо болгон деп койгон болбойт го. Айжамалдын кайсы бир денгээлде катасы болгон. Ал да болсо Айжаиалдын женил ойлуулугу. Айжамал бугун ошол катасын кайталап отурат, Гулшайырдын колунда курал болуп...

Гулшайыр болсо соц.тармакка аз кирем, элден уктум, элдештиргенге аракет кылып жатам дегендери баары калп. Айжамалды кокутуп артында турган Гулшайыр. Гулшайыр Кенжени коюп оз кызы Сайкалга туура тарбия берип алса жакшы болмок...
09.03.2019. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
2оонтеси. Сый урматтарын кетирип алды. Биз сыймыктанат болчук. Бул эки ырчыдан. Кичипейилдик кылып айжамал унчукпай койсо болок. Ит уро берет кербен журо береттен болуп. Билбейм сот аркылуу чечишкилечи. Адам башын айлантпай
09.03.2019. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ар бир ырчынын дүркүрөп турган учуру болгон сыяктуу эле Кыз бурактын дүркүрөп ьурган мезгили ошол кезге туш болуптур да,Ага Кенже мактанбаса да болчуудай
11.03.2019. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эмнее кечигип чыгарып жатасынарбы жаны санын
11.03.2019. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
28 ден 6 март деп турабы андан беркиси качан чыгат
11.03.2019. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кичине сабыр кылсанар,озунор эле уят болдунар коомго
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо