Кенже Дүйшеева, ырчы: “УШУНУ МЕНЕН ЧЫРГА ЧЕКИТ КОЙДУМ”

№852 28-февраль - 6-март, 2019-жыл

Эки аптадан бери кыргыз шоу-бизнесинин көрүнүктүү өкүлдөрү Кенже Дүйшеева менен Айжамал Кабылованын ортосундагы мамиле,чыр коомчулуктун талкуусунда.Талкуунун күчөшүнө Айжамал Кабылованын социалдык баракчасына жазган узун билдирүүсү себеп болду. Өзүнүн дарегине айтылган нааразычылыктардан улам Кенже Дүйшеева "чырга биротоло чекит коёлу,бүткүл кыргыз элинин алдында, түз эфирде сүйлөшөлү, кел" деп Айжамал Кабылованы түз эфирге чакырды эле,ал баш тартты. Кенже Дүйшеева бул чырга чекит койгонун жана алдыдагы максаттарын айтып, биздин гезитке маек курду.

– Кенже айым, акыркы учурдагы окуялар сизди бир топ эле түйшөлттү болуш керек? Айжамал Кабылова тарабынан сиздин дарегиңизге айтылган сөздөрдү жалган деп билдирдиңиз? Кайсынысы жалган, кайсынысы чын, өз оозуңуздан уксак...

– Акылмандар “сөз түшүнбөгөн инсандын жанында китеп сымал үнсүз бол” дешкен тура. Бир нече күндөн бери мени өзгөчө “жакшы көргөн" адамдар тарабынан мен тууралуу узун сабак кептер айтылып, каалабасам да элдин талкуусуна түштүм. Ар бир сөзгө чындыкка негизделген жообун берип отура берсем, кайым айтышуу улана берчүдөй. Бул нерсе Кудайга жакпаган иш болот. Андай адат мага түк жарашпайт. Мен ириде элимди, күйөрмандарымды ушундай жагымсыз талкууга күбө кылгандыгым үчүн кейидим. Жашоодо "ящик Пандоры" деген түшүнүк бар. Ал "Кара куту" ачылса, анын бороон-чапкыны баарынын ит акмагын чыгарып коёру анык. Акылы бар адамдар ал кутуну ачпай эле коёт.

Айжамал Кабылованы түз эфирде беттешем деп чакырдыңыз эле, ал баш тартты. Аны менен бетме-бет жолукканда эмнелерди айтайын дедиңиз эле?

– Чындыкка туруштук бериш оңой иш эмес да. Түз эфирге чакырсам “келбейм” деди. Ага калың эл күбө болду. Мага карата токуп жазган апыртмалары үчүн өзү менен өзү калганда Кудай алдында кечирим сурап жаткандыр, балким. Түз эфирге келген жок, көп нерсени айтайын дегем. Чындык дайыма бетке айтылышы керек. Жүзмө-жүз. Ал айткан ар бир сөзүн тастыктап берүүсүн күткөм. Келген жок, демек, жазган кебинин баары мени каралоо аракети болгонун өзү көрсөтүп койду. Мен турмушка чыгып, топтон кеткенде дал ушундай жамандоо гезит бетине жарыя болгон эле. Ошол нерсени кайра кайталап жазышты. Мындан улам бул каралоонун артында ким турганын, ким кызыкдар экенин чындап түшүндүм.

– Сиздин мындан кийинки кадамдарыңыз кандай болмокчу?

– "Кыз-Бурактан" кеткениме быйыл 10 жыл болуптур. Эгерде менде акмакчылык, абийирсиз кылыктар болсо, анда топтун аткаруучу директору кылбайт эле. 17 жыл мени ал жерде кармамак эмес, башка кыздардай эле жолго салмак. Эгерде жаман кылыктарым болсо, элге ошол учурда эле таркамак. Ага караганда бул жерде барандуу эмгек, аншлаг менен өткөн концерттер, байма-бай ырлардын жаралышы эң чоң эмгек жыттанып турат. Бүгүнкү күндө топтун алсыз болуп турганы да менин эмгегимдин күбөсү болуш керек. 17 жылдык өмүрүмдү арнаган топтун эң жаманы мен болсом, мени кеп-сөз кылгандан көрө, ошол топтун ишин илгерилетүүгө күч жумшашсын.

Мага карата сын айткандан көрө, ал кишинин жанындагы анын акылына муктаж адамдарды жөнгө салса дурус болмок. Мени жайыма койсун! Мен аларды эчак унуткандай мени да унутуп коюшсун. Ийгилик, амандык гана каалайм! Ошончо жылдык турмуштук тажрыйба, сыноо, сабак үчүн Жаратканга ыраазымын! Алар эмгекти баалабаган пенделер болсо да, дайыма көтөрүп кете турган калкымдын сүйүүсүн таптым. Элиме "колдооңуздарга рахмат" деп ыраазычылык айткым келет. Максатым – бирөөгө жагынуу эмес, Кудайга жаксак ошол жетет. Бизге канча өмүр берилди, эч кимибиз билбейбиз. Андыктан мен өмүрдү жаман сөздөргө эмес, пайдалуу нерсеге жумшайм деп чечтим. Анын ар бир күнүн, ар бир саатын өзүм чексиз сүйгөн үй-бүлөмө, жакындарыма, чыгармачылыкка, жакшы иштерге арнайын деген ниетим бар. Бар бололу. Сөз баккан инсандар түшүнүп алышар. Бул чырга чекит койдум!

– Иш билгилик кылып бул чырга чекит коюптурсуз, эми чыгармачылык тууралуу кепке өтсөк. "Жебе" тобун жаңылоо үчүн кастинг жарыяладыңыз...

– “Жебе” тобу негизделип жатканда жигиттер менен келишим түзгөнбүз. Ошол келишим ийгиликтүү аяктады. Мындан ары топтун жигиттери өз алдынча кетишет, жеке ырчы болушат. Албетте, чыгармачылыкта ар дайым колдоп жардам берип турам. Ошол себептен жаңы курамды тандоо үчүн кастинг өткөрүп жатабыз. Кастингге 120 адам катышты. Жаңы курамды эки-үч тур менен шашпай тандайбыз. Анткени музыканы сүйгөн, сахнага умтулган мыкты таланттар келиши керек.

– Жигиттер менен ийгиликтүү иштештиңиз, эми кыздар тобун чыгаруу максатыңыз барбы?

– Кастинг жүрүп жатканда кыздар да келишти. Негизи эле интернет булактарынан эмнегедир кыздардан көп кат келет. Сынакка кыздар келип алышкан экен, бирок эркек балдарга жарыялангандыктан, кыздар кабыл алынган жок. Бирок келечекте кыздар тобун ачсам деген жакшы ниетим бар. "Кыздардан топ ачпайсыңбы" деген сунуштар мени жаңы ойлорго, жаңы кадамдарга түртүп жатат. Бул нерсени азыр терең ойлонуп жатам.

– Ырчылык жана үй-бүлө. Эки нерсени бири-биринен өксүтпөй алып кетүү оңой болбосо керек?

– Албетте, бирине көңүл бурсаң, экинчиси калып кетмейи бар. Айтышка оңой болгону менен, бир нукка түшүп алмайынча оор болот. Турмушка чыккандан кийин кайра чыгармачылыкка кайтышыма түздөн-түз үй-бүлөмдүн салымы чоң. Эгерде бардык нерсеге жоопкерчилик менен карасаң, эки тарапты тең алып кетүү колуңдан келе турган нерсе. Күйөөнү күйөөдөй, баланы баладай, талантты таланттай кармай билиш керек. Сырттагы атмосфераны үйгө киргизбей, бейпилдикти сактай алсаң, туура багытта иш алып кетсең ийгиликке жетишесиң. Дагы бир жагдай бар, жолдошуңдун колдоосу да чоң мааниге ээ. Шүгүр, менде баары өз жолунда бара жатат.

– Ырчылык жол татаал экенине өзүңүз деле күбө болуп жатпайсызбы, эгерде кызыңыз "ырчы болом" десе эмне кыласыз?

– Өтө татаал жол. Кызым "ырчы болом" десе деген вариантты терең ойлонуп көрө элекмин. Бирок атасынын бул нерсеге каалоосу жок. Башка кесиптин ээси болушун чын дилинен каалайт. “Бешиктеги баланын бек болорун ким билет?” дегендей азыр эч нерсе билине элек. Кызымдын чыгармачылыкка шыгы бар экенин байкайм. Бийлеп, ырдап калат. Азырынча билимге катуу басым жасап жатабыз.

– Азыркы муунду биздин ата-энелерибиз тарбиялаган ыкмага салып тарбиялоо мүмкүн эмес болуп калбадыбы. Сиз кызыңызды кандай тарбиялайсыз, "ушул нерсеге такыр уруксат бербейм" деген чектөө барбы?

– Биз башкача тарбияланганбыз. Ата-энебиздин айтканы мыйзам болчу. Алар чийген чийинден чыкпай жүрчүбүз да. Мектепте окуп жүргөндө көп нерсени билүүгө ынтызар элем. Бирок ар бир саатым, убактым ченелүү болчу. Азыр болсо балдар бизге караганда эркин, башкача ойлонушат. Мен кызымдан убакытка так болуусун талап кылам, китепке, билимге көп көңүл бурушун каалайм. Телевизор менен телефонду чектейм. Эң негизги талабым – жалган айтпоо. Атасы да жалган айтканды жаман көрөт. Ошондуктан кызыбызга ушул нерсени көп айтабыз.

– Сизге чыгармачылык ийгилик, кызыңызга бактылуу балалык каалайбыз.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(30)
04.03.2019. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Кенже азаматсын.
04.03.2019. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Талантынызды баалайм. Бар болунуз, аман болунуз, дайыма кулуп жайнап бизге жаны чыгармаларды арнап журо бериниз
04.03.2019. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Азамат,Кенжедей болуш ото кыйын,биз жакшы баалаган кыз.ийгилик сага!
04.03.2019. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Акылдуу аял ушундай болот соз жок.Бактылуу болунуз.
04.03.2019. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Азаматсыз.Тарс тарс суйлоп темирдей бекемдигиниз жагат
04.03.2019. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
Убагыда сиз дагы чыктыныз эле мага Садыбакасова сеп бербеди деп. Тоюмду откорду деп айтсаныз болмок экен ошондо. Баарын жазып Айжамал билинди. Ким кандай Адам. Сизди байлап игтетишкен эмес, озунуз конулунуз менен иштеп, анан куйоого тийип жамандап чыккансыз газетага! Адам баласы раазы болуш керек! Эрге тийдим Садыбакасова начар деп олукпай. Сизге Рахмат деп эле алыстап кетсе болот эледа! Уят чон эле эжесиз!
04.03.2019. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Miya,алыстап кетсе Айжамал аркылуу соз ыргытып атышатко кайрале
04.03.2019. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Негизи контракт боюнча иштешкен да.Озунун ата-энеси жок болсо,анан 17жыл иштесе ,тоюн откоргонго милдеттуу да.3-5жыл иштегендерге машина алперип,жеке концертин коюп беришет экен контракт боюнча...
05.03.2019. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
mela,обязан эмес эч ким. Конулунуз менен откоосо болот. Анан откоосо раазы болуш керекта. Сеп кана дебей. Азыркы убакытта даже оз ата-энеси той бербейт.
04.03.2019. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nazgul90, далилсиз маалыматтарды жазууга, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Түбөлүк БАН!
04.03.2019. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Кенже эжеге боорум ооруйт кээде ,ата энеси жаш кезинде отуп кетсе,экинчи апасы мынтип атса.Эже сиз эгер ырчы болбогонузда сизде мыкты орган кызматкери чыкмак.Себеби характериниз тарс турс бетке айтмай,эркекче журосуз.Эки дуйно бактылуу болунуз.
04.03.2019. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Кыз бурак тообу Кенже кеткенден бери кыз бурак аты очту
04.03.2019. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Кыз бурак тообу Кенже кеткенден кийин кыз бурак атты очту
04.03.2019. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
17жылда 17 батирге иштейт эле бир той откоруп бир машина берип эмдеп койгону туура эмес....Кенже эже азаматсыз
05.03.2019. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
erkeleim,
Ошону айтсан только Гулшаир абжемин чонтогуно кеткенкенда
04.03.2019. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кечинде келемин сага деген ыры керемет!!!
05.03.2019. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Молодец Кенже эже талантынызды сыйлаймын,кордунорбу Айжамалды бетме бет суйлошуп чечишели деп чакырды,Айжамал коркуп келбеди,Айжамалдын создору чын болгондо ойлонбой келмек.
05.03.2019. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Айжамал Сенин Бир тал чачына тен келе албайт алга
05.03.2019. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
17 жыл иштеп инилеримди уйлодум, синдилерим куйоого чыкты. Кыз бурактан тапкан акчама атамдын уйун ремонттодум. Машина уй алдым деп айткан болчу. Кийин куйоого тийип эч нерсем жок деп даттанат. Анда Кызбуракта эмнеге журлун.
05.03.2019. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Супер инфо укмушсуңар го. Сизди тиги антиптир го минтиптир го, кийинки кадамыңыз кандай болот деп.
05.03.2019. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кенже иштерине ийгилик каалайм. Айжамал туура эмес кылды, оз жашоосуна ар ким озу жооп бериш керек да
05.03.2019. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Учоонун айтканын окуп, эч кммисине тартпайм, но Айжамал анкоолук, Гулшайыр эже куулук, Кенже чын суйлогондой сезилди. Эми баарын бир Аллах билет
05.03.2019. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
karona12, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
05.03.2019. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Kenje eje bul akilsiz adamga ten kelbei ele koiunuz Ak iyilet birok sinbait degendei el bilet kimdin kim ekenin
06.03.2019. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кенже эже бетке суйлойм деп мактанасыз инстаграмдан комментарийими очуруп блоктоп койупсуз.Мен Айжамал да сиз тарапта эмесмин калыс созуму жазган болчумун.
06.03.2019. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Dinakg,Айжамал мени блоктоп салды))мага экоо тен жагат,калыс соз эле жазгам
06.03.2019. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бир жолу суу ичкен кудугуна мин жолу таазим кыл деген соз бар го. Гулшайыр эжеге бир жолу да рахмат айтпайсыз,ооба сизди Кудай колдоп ушул даражага жеттиниз,а устатыныз себепчи болду да.
Айжамал бир тал чачына тен келбейт деп жазыптыр жогоруда бироо адамды антип салыштырбагыла. Кенже акылдуу уюштургуч болсо Айжамал талантту ото сонун ырдайт
Birimdik5555 түзөттү 2019-03-06 01:27:55
07.03.2019. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимисине ишенеримди билбейм?
08.03.2019. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенже айымдын тушунда топ гулдоп турган. Топтун аты аталганда созсуз Кенже гулнара айжамал эске келет. Айжамалдын аркы жээк берки жээкке чуркап эки тоонун чобун энсеген кийик болгонуна конул болбой козунуздун астына кысып, кулагыныздын сыртынан кетирет деп ойлогом.Бирок...бо.ту тебелесен озуно жабышат дейт акылы тайыз адамга анын акмак экенин тушундуруу эн кыйын нерсе. Сиз ага тенлбей бутту кылганыныз жакшы болуптур.Чындык сиз тарапта экенине 100%ишенем.Мен сизди сыйлайм,урматтайм бар болунуз.
09.03.2019. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кенже эжеша. Билбейм. Мен сиз мага жагасыз. Барибир сизди сыйлайбыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо