АНЖЕЛИКАНЫН КЛИБИ КИМДЕН УУРДАЛГАН?

№852 28-февраль - 6-март, 2019-жыл

Жакында Анжелика советтик белгилүү “Аскер шаарда баратат” ("Идёт солдат по городу") деген ырды кыргызча “Жоокерге” деген аталышта ырдап, клибин чыгарды. Клип коомчулукка жайылары менен "уурдалганын" айтып чыккандар көбөйдү. Көрсө, ушундай эле кадрлар менен буга чейин Таттыгүл Токторованын “Чептен эрдин күчү бек” деген эмгеги элге тартууланган экен. Клиптерди салыштырып отурсаң, эки башка ыр, эки башка аткаруучу экендиги эле болбосо, экөөндө тең коёндой окшош кадрлар кездешет. Бул окуя тууралуу Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскердик институтунун кызматкери, клипке продюсерлик кылган Жумагүл Жолматова нааразычылык билдирди.

– "Чептен эрдин күчү бек" деген ырга тартылган клипти биздин институттун 2017-2018-жылкы бүтүрүүчүлөрү окуу жайдын 77 жылдыгына арнап тартышкан болчу. Клиптеги аскерлер менен ар бир маршты иштеп чыгуу, куралдарды, аскердик техникаларды колдонуу, окуу жайдын ичин тартуу иштерине даярдоо сыяктуу бардык иштер жетекчиликтин уруксаты менен тартылып, көп эмгекти талап кылган. Актёрлорду жалдоого каражат болбогондуктан тааныш-билиштерди, өзүбүздүн кызматкерлерди тартканбыз. Аягында шарларды көтөрүп чуркап, асманга учурган кичинекей кыз менин кызым. Кызым тартылган кадрдын башка клипке кошулуусуна уруксат бермек эмесмин. Ырчылар интернеттен көрүнгөн видеону көчүрүп алып клиптерине колдоно берсе боло береби?

Таттыгүл Токторова клипмейкер Баяман Осмонов ага чалып, клиптеги кадрларды колдоно берейин деп суранганын жана ал клипке колдонулбаган кадрдан 2 учурду гана алууга уруксат бергенин айтты. Ал эми Анжеликанын клибинде бир нече кадрлар колдонулуп жатат.

Биз Анжелика клипти интернеттен жана башка каналдардан алдыруусун талап кылабыз,- дейт Жолматова.

Бул окуя боюнча Анжеликанын менеджери: “Анжелика клипте ырчы катары гана тартылган. Калганын клипмейкер Баяман Осмонов тартып бүтүргөн. Клипмейкер кадрларды кайдан алып колдонду, кантип соңуна чыгарды, өзү жооп берсин",- деген пикирин билдирди.

Клипмейкер Баяман Осмонов учурда чет жакта жүргөндүктөн, аны менен байланышып, комментарий алуу мүмкүнчүлүгү болгон жок.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(10)
04.03.2019. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Негизи бироонун эмгегин сыйлоо керек,Анжелика бир ооз сурап койсо болмок бул кимдин клиби деп,ээсинен уруксат сурап.Ыр да озунуку эмес орусча ыр.Военный техникаларды уруксатсыз тартса болбойт деп уккам ,кыскасы апчем ар кимди нараазы кылып эле басып журот экен да.
04.03.2019. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
meni_kut,анча мынчаларды ыраазы кылат))))
04.03.2019. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
almanbetperm,))))))
04.03.2019. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ыр мага жаккан жок, аткаруусу, уну дагы эн томон даражада! Жоокерге арналган ыр кучтуу, энергиялуу, мыкты даражада болуш керек эле.(((
05.03.2019. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Голос жок,
05.03.2019. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Дагы суудан кургак чыгып кеттиби Анжелика, эмне клип тартылып монтаждалгандан кийин ырчыларга биринчи корсотуп корушот жакса анда дальше ТВлардан корсото башташат да. Анжеликанын актанганы такыр окшошпойт или элди келесо ойлойт
05.03.2019. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ырынан чыры коп да ушунун.
05.03.2019. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чептен эрдин күчү бектин клибин кайдан көрсөк болот?
05.03.2019. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
el9nora, саламатсызбы! Бул жактан көрсөңүз болот: https://www.super.kg/media/uservideo/243485
06.03.2019. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ХХХХ эле Анжелика. Айчуроктун ырын ырдап алып Айчурок ырдаганын уккан эмесмин деп жанын жеди эле. Эмичи? Бет деген жок экен го.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-03-06 14:41:05
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо