Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АКЫЛСЫЗ ЖҮРӨК, ЖҮРӨГҮ ЖОК АКЫЛ...

№852 28-февраль - 6-март, 2019-жыл

Акыл менен жүрөк. Жүрөк менен акыл. Экөөнүн мүдөөсү дал келбей калган учурда ички дүйнөдө чыныгы согуш башталат тура. Сезимдер бири-бирине каршы келгенде, бир чечимге келе албай калганда, эки аралжы болуу кандай адам болбосун чарчатат, жүдөтөт, чаалыктырат. Жүрөк сенин жаныңда болууну самап турса да, акыл кайра токтотот. Мен бош эмесмин. “Эми ал сеники эмес, аны коё беришиң керек” деп канча жолу акыл акылдыгын кылат же муну жүрөк уксачы? Сага арбалып бара жатканда акыл кайда жүрдү экен? Жүрөк эмнеге сен үчүн мынча эшигин ачып салды? Эми ал өзү эле кыйналып жатат. Менин дүйнөмдө сезимдердин согушу...

Экөөбүз бир толкундагы кайык өңдүү тил табыша алганыбыз, көз карашыбыздын дал келгендиги жакындатпай коё алган жок. Экөөбүздүн жүрөктөрүбүз сүйлөшчү. Ошон үчүн бири-бирибизге сөз сүйлөбөй эле кучакташып калганыбыз эле жетиштүү болчу.

– Тажадым. Тагдырыбыз бир эмес,- дедиң...

Экөөбүздүн тагдырыбыздагы жиптер бири-бирине байланып баштаганда эле ойлонуу керек эле. Эми карасаң, чиеленип байланып калыптыр. Аны толугу менен чечүүгө да убакыт керек. Деги чечилет болду бекен?

“Өзүмчүл болбо” деген сөздөрүң мени кармап калды. Сен да бакыт үчүн күрөшөсүң. Мен сенин бакытың боло албагандан кийин өзүмдү токтотууга, жүрөктүн кулпусун бекемдеп, аз да болсо акылды иштетүүгө аракет кылдым. Бирок мен сени өзүмдөн башкадан көрө албайт экенмин.

Бул тирештин аягы барбы, жокпу, качан бүтөрүн ким билет? Убакыт өткөндөн кийин гана бул согушта жеңүүчү жок экендигин түшүнөт окшойм. Убакыт таразалайт, убакыт дарылайт дешет. Анда бул жаралган боштукту ким толтурат?

Менин дүйнөмдө сен ар дайым болосуң. Жашай бересиң дагы... А согуш улана берет...

Сенин кандай экениңди билем. Экөөбүздүн ортобузда канча сырлар айтылып, чер жазыша сүйлөшкөн учурларыбыз болду. Сакталуу бойдон канча сырларыбыз калды?..

Кызык, башка бирөө менен да ушинтип сүйлөшөр бекенсиң? Ушул нерсе мээме келген сайын итатайым тутулуп кетет. Кызганыч мени жеп кирет. Ооба, кадимкидей эле жейт. Ар бир клеткамдан баштап... Андай учурда Стивен Кингдин лангольерлери убакытты жегени эске түшөт. Кызганычты мен ошолорго окшотуп сүрөттөйм. "Канчалык кызгансаң, сезимдериң ошончолук күчтүү" деп айтышат. Анда мен сени эң алгач көргөндөн тарта эле акырындан кызгана баштагам.

Букет гүл берген жокмун, гитара алып серенада ырдап берген жокмун. Сага эмне кыла алдым? Жакшы мамиле кыла алдымбы? Жок дегенде тажрыйба боло алдымбы?

Сенин да кыялың чорт, меники дагы. Бирок экөөбүз бири-бирибизди түшүнө алабыз. Балким, бири-бирибизден коркобуз? Сен эле коркуп кал. Сыртыңдан күчтүү көрүнгөнүң менен, ичиңде назик гүл экениңди билем. Мен корком. Маанайыңды түшүрүп, таарынтып алуудан, туура эмес сүйлөп алуудан. Көп суроолоруңа унчукпай кутулам. Башка аргам жок. Ошондой учурда сага татыктуу боло албаганым байкалат. Башымды жерге салып туруп берем. Кайра “Сени кантип коё берем?” деп кучактайсың... Бул экөөбүздүн жинди дүйнөбүз.

Ичиңде кандайсың, сыртыңда кандай, кыялдарыңдын ар бирине чейин изилдеп чыктым окшойт. Мага ишендиң. Мен сени биле алдым. Кандай болсоң, ошол бойдон жакшы көрдүм. Жакшы көрөм.

Билесиңби, сен менде жашайсың. Ар бир адамдын ичинде ички туйгусу бар. Мага кандай кыйынчылык жаралып калбасын, көңүлүм түшкөн учурда дароо сени эстеп турам. Сен өзүң эстеттиресиң. Ичимден түрткүлөйсүң да. Эмне үчүн сени кечке эстей берем дегендин жообу да ушул. Сен эбак менден орун таап алгансың. Сен менин бир бөлүгүмсүң...

Бекдан


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(16)
04.03.2019. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура жазылган
04.03.2019. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жүрөк чиркин акылга да баш ийбеген учурлар болот экен...
04.03.2019. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жозефина не болду супер
04.03.2019. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
гей окшойт бул
05.03.2019. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эх,негедир бир кездер эске тушту.Сенда дал ушундай дегенсин.Бирок ушул убакка чейин эстебедим эле сени,бул создорду окуп отуруп айткандарын эсиме келди.Ушундай мааниде айькансын ичиндегини.Мен азыр бактылуумун.Сагада бакыт каалагам чын журоктон.
05.03.2019. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сериалдарды качан жазып баштайсынар? админ жооп берип койгулачы
05.03.2019. 04:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эххх жүрөк. Бирок менин жүрөгүмдү акыл женип кеткен.
05.03.2019. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Админдер сериалдар качан чыгат?????????
05.03.2019. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aliya2015, Aitush9595, саламатсыздарбы! Мүмкүн болору менен окурмандарга бул тууралуу жарыялайбыз.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-03-05 14:31:08
05.03.2019. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сериалдарды кошсоңор болмок. Өлүмдүн үч түсүн күтүп, саат качан тогуз болот деп жумушубузду таштап коюп окучу элек, андан кийин башка макалаларга кирип. Азыр болсо эстесең киресиң эстебесең жок.
05.03.2019. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сериааал качан!
05.03.2019. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сериалдар чыкса жакшы болмок
09.03.2019. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылга баш ийсең жеңиш сен тарапта болот
09.03.2019. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын,журогун баш бербей калганда озун да билбей каласын
11.03.2019. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
серилды батыраааак чыгарыныздар... болбосо болбойт деп эле айтып койгула да...куттурбой(
22.03.2019. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бир кезди эстедим, бирок азыр бактылуумун дегендер толук бактылуу эмес экенинер билинип турат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо