Гүлзат Матисакова, феминист: “ГЕРМАНИЯГА КЕТИШИМЕ КЫРГЫЗДА АЯЛДАРГА КАРАТА НАЧАР МАМИЛЕ СЕБЕП БОЛДУ”

№852 28-февраль - 6-март, 2019-жыл

Каарманым Гүлзат Матисакова учурда Германияда жашап, иштейт. Европанын көпчүлүк өлкөлөрүн кыдырып көргөн мекендешибиз менен кыргыз аялдарынын жашоосу тууралуу маек курдук. Ал биздин аялдар коомдогу көпчүлүк түйшүктү моюндарына асып алышып, күчтүү болууга аргасыз, укугунун корголушуна муктаж экендиги тууралуу кеп салды.

“КЫРГЫЗ КЕЛИНДЕРДИН АЗАПТУУ ЖАШООСУ ТУУРАЛУУ ТАСМА ТАРТЫП БАШТАДЫМ”

– Мен 1989-жылы Ош шаарында туулгам. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин котормочулук факультетине тапшыргам. Бирок бүтүргөн жокмун. Окуп жүргөндө АКШнын ЮГРАД студенттерди алмашуу программасы менен АКШда бир жыл окуп келдим. Келгенден кийин БААУнун журналистика факультетине которулдум. Жогорку окуу жайды бүтүргөндөн кийин өкмөттүк эмес уюмда иштеп жүрдүм. Ал учурда Евробиримдик тарабынан түзүлгөн “Erasmus Mundus” программасы менен даректүү кино тартуу боюнча магистратурага тапшырдым. Анда Португалия, Венгрия жана Бельгияда бекер окудук. Эки жылдын ичинде 12 кыска метраждуу тасма тартып, фестивалдарга катыштык. Окууну бүткөндөн кийин ошол эле "Erasmus Mundus" программасы менен Германиянын Гамбург шаарында бир жыл стажировкадан өттүм. Андан кийин атайын санатчыларга арналган виза алып, кайра эле Гамбургда жашап, иштеп жатам. Бул виза менен Германияда өзүмдүн тармагым боюнча фрилансер болуп иштесем болот. Азыр түнкү клубда, тойдо, саясий митингдерде, концерттерде сүрөт жана видео тартып, аны монтаждап иштеп жатам. Мектеп окуучуларына кино тартуу боюнча сабак берем. Муну менен катар кыргыз келиндердин азаптуу жашоосу тууралуу тасма тартып баштагам.

“ГЕРМАНИЯДА ИЛИМ-БИЛИМ, МАДАНИЯТКА КӨП КӨҢҮЛ БУРУЛАТ”

– Кыргызстанда экономикалык абал жүрөктү оорутарлык экени эч кимге сыр эмес. Адамдар көп иштеп, аз акча табышат. Мамлекет жарандарын социалдык жардамдар менен камсыздабайт. Германия жарандарына ар түрдүү социалдык жардам берет. Мисалы, иши, үйү жок балалуу аялдарга жөлөк пул төлөнөт. Мага жакканы, илим-билим, маданиятка чоң маани берилет. Кээде бизде бийликтегилерге элдин билимсиздиги ыңгайлуу болсо керек деп ойлоп кетем. “Үй-бүлөлүк баалуулуктарды өнүктүрүш керек” деген сөздү мен мамлекет пенсионерлерге жетиштүү пенсия төлөөнүн ордуна, карыган ата-энелерди балдары багыш керек деген түшүнүктү сиңирип, жоопкерчиликти өз моюнунан алып, элдин моюнуна илип коюу деп түшүнөм.

Биздин өлкөнүн адамдары жөнөкөй. Алар менен тил табышуу жеңил. Бирок Кыргызстанда эл адамдын жеке чөйрөсүн сыйлабагандыгы жагымсыз. Мисалы, сурабасаң деле жеке жашооң тууралуу кеңештерди бергенди жакшы көрүшөт. Мына, ушундай маанайдагы чөйрөдөн келип, Европа өлкөлөрүндө өзүмдү эркин сездим.

“КӨПЧҮЛҮК УЧУРДА АТАЛАР БАЛДАРЫНА ЖООПКЕРЧИЛИК АЛБАГАНЫНА КҮБӨ БОЛДУМ”

– Кыргыз аялдары алтын. Коомдо болгон түйшүктүн көпчүлүк пайызын аялдар көтөрөт. Алардын жашоосу татаал. Мен Кыргызстанда майып балдарга жардам берген уюмда иштеп калдым. Анда бардык облустарга барып тренингдерди өткөрчүмүн. Ошондо көпчүлүк аталар майып балдарына жоопкерчилик албай, мындай маселе башына түшсө үй-бүлөсүн таштап кетип калышарын байкадым. Энелер жалгыз калса да, мамлекеттен эч кандай жардам сурабай, бардык көйгөй менен өздөрү күрөшөт. Суукта базарда иштеп, балдарын да багып, коомго да пайдалуу иштерди жасагандар бар. Ал эми эркектердин арасында жоопкерчиликти моюндарына албаганы аз келгенсип, аялдарга, жаш балдарга кол көтөргөндөрү бар. “Жаш кыздарды чет өлкөгө чыгарбайлы. Алар башка жакта кор болуп калышат” деп айтып калышат. Бирок биздин кыздар зордук-зомбулукту эң алгач кыргыз эркектеринен көрүп жатышат. Аталары, агалары кичинекей кыздарды зордуктап, өлтүрүп, күйөөлөрү аялдарын сабап, өлтүргөнү тууралуу жаңылыктарды күн сайын окуп жатпайбызбы.

“КЫЗДАРГА ЭРТЕ КҮЙӨӨГӨ ЧЫГУУ ЭМЕС, БИЛИМ КЕРЕК”

– Менин чет өлкөгө көчүп кеткениме коомдун аялдарга болгон начар мамилеси себеп болду. Мен кичинемден эле өзүмдүн туугандарым, биздин коомдун аялдарындай жашагым келген эмес. Мен көргөн аялдардын баарынын жашоолору кыйын эле. Алыс кетпей, өз эжелеримди алсам, алардын айрымдарын ала качып турмушка чыкканга мажбурлап, зордукталгандарын билем. Минтип турмушка чыгып, эртеден кечке күйөөлөрүнүн үй-бүлөсүнө кызмат кылгандарын көрүп боорум ооручу. Бир үй-бүлөдө 10 чоң киши жашаса, алардын баарына тамак жасаган, идиш-аягын, кирин жууган, үйүн тазалаган жалгыз келин болорун айтпасам деле билесиздер. Эжелеримдин күйөөлөрү иштебегени аз келгенсип, үй ишинде жардам беришпей, балдарын тарбиялаганга катышпайт эле. Анан да көңүлдөш күтүп алышып, аларга аялдары тапкан акчаны сарпташканы ичиңди ачыштырат. Кыздарга кырк үйдөн тыюу, ал эми эркектерге эркиндик. Мени да ушундай келечек күтүп турабы деп суроо салып, коркчумун. Дагы бир мисал, кыз зордукталса, зордуктаган адамды эмес, зордук көргөн кызды күнөөлөгөндөр кездешет. Бул көрүнүштөргө азыр да таң калам.

Бизде кыздарды эрте күйөөгө беришет. 11-классты аяктабай күйөөгө тийгендер бар. Жаш кезибизден келин болууга үйрөтүшөт. 1-2 жыл мурун Коомдук биринчи каналда келин болууну үйрөткөн реалити-шоу көрсөтүлгөнү дале эсимде. Биздин кыздарга үйдү кантип тазалап, кайненеге кантип баш ийүүнү үйрөтүүнүн ордуна башка бирөөдөн көз карандысыз болуусуна шарттарды түзүү пайдалуу. Кыздарга кайсы бир кесиптин ээси болууга, хоббилерин өнүктүрүүгө, өздөрүнө болгон ишенимин өстүрүүгө көмөкчү болушубуз керек. Ошондо аялдардын да аң-сезими өсөт, коомго татыктуу балдарды тарбиялап өстүрүп берет. Ата-энелер кыздарынын келечегин ойлошсо, аларга бутуна турууга жардам бериши керек деп ойлойм. Анткени жаш кезинде күйөөгө тийген кыздар алсыз, бирөөгө көз каранды болуп калышат. Ал эми келин институту – бул, менимче, заманбап кулчулук. Ушул сыяктуу көрүнүштөргө каршы туруу үчүн феминисттик көз карашты жактап келем. Феминизм – бул аялдардын укугун коргоо боюнча кыймыл. Анын эч кандай терс мааниси жок. Учурда Гамбургда расизм жана сексизмге каршы саясий топтун мүчөсүмүн.

Кыздарыбызга эрте күйөөгө чыгуу эмес, билим керек. Биздин өлкөгө аялдардын укуктарын коргогон мыйзамдар, ал мыйзамдарды аткарган өкмөт керек. Европада аял-эркектин ортосунда сый мамиле бар экенин байкадым. Эркек болгонум үчүн аялды башкарышым керек деп эч ким ойлонбойт. Эркектер бала кароодо, жумуш кылууда аялдарына жардам берет.

“БАШКА АДАМДАРДЫН КӨЗ КАРАШЫНА ТӨП КЕЛҮҮ АРАКЕТИ МЕНЕН ЖАШАГЫМ КЕЛБЕЙТ”

– Биз жашоого бир гана жолу келебиз. Ошондуктан мен башка бирөөлөрдүн көз караштарына төп келүү аракети менен жашагым келбейт. Өзүмдүн жашоомо өзүм ээ болуп, өз дүйнөмдөгү жашоону үйрөнгүм келет. Өзүм кызыккан иш менен алек болсом, саякаттасам, жакын адамдарым менен көбүрөөк бирге убакыт өткөрсөм, мен үчүн ошол бакыт.

Күйөөгө тийүү – менин жашоомдун негизги максаты эмес. Бирок эмоционалдык жактан жетилген, түшүнүктүү, башка адам менен сый мамиле кура билген, жоопкерчиликтүү, менин жашоого болгон көз карашымды бөлүшө алган адамдын жанымда болушун каалайм.

"Будапештте кичине кезинде ата-энесинин колу бошобой, күнү бою телевизор көрүп чоңойгон аял тууралуу тасма тарткам".
"Сирия, Ооганстан, Ирактан келген мигранттар жана качкындар менен чогуу бир топ түзүп, сайт ачканбыз. Ал топ менен ар кандай иш-чараларга барып видео тартып сайтыбызга жүктөйбүз".

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(80)
05.03.2019. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Чындыкты айтыптыр, азаматсыз. Бизде озгочо айыл жергесинде аялдарга басым коп жасалат, уй тиричилигинин баары аялдын колунда. Кыздарды зордоп эле куйоого берип салышат. Ала качуу деген нерсе жок болсо канчалаган кыздарыбыз бактылуу болушат беле....
05.03.2019. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Aijanar17,туура айтасынар жон Гана Кыз кишинин баркы жок.
05.03.2019. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Боптур да
05.03.2019. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
КР туулуп алып суусун ичип алып болок жака кеткенден кийин жамандай бериш керекби жакбаса КР келбе
05.03.2019. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Эң туура ,,100%эмес200% кошулам,чындыкты айткан.Мен бул жерде кыргызды жамандаган жерин көрбөдүм.Айрым эркектер минус басышыптыр,чындык ошондой чычалатат,туура кабыл алып моюнга алганды да билүү керек.Туура ,кыз баланы күйөөгө тийүүгө шаштырбай ,билим алуусуна интелектин өстүрүүгө жардам берүү керек.
05.03.2019. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Биздин эркектерге жазсаң деле жетпейт, бекер эле кайран сөзүң кайран убактың.
05.03.2019. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жалан эркектер жулундашып комментчилер
05.03.2019. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
Кыргызстанга кайтып келбе, сураныч! Башына топтогон вирусный ойлорунду жайылтып жаткан ХХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2019-03-05 16:21:33
05.03.2019. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Ырас эле кетипсин.
05.03.2019. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Феминизм бул жалган теория, феминизмге баш ийген Европа олколорундо жылдан жылга бала тороо азайып калктын саны азайып жатат. Дагы 40-50 жылдан сон европа мигранттардын олкосуно айланат. Мен Кыргызстан андай олкого айланып мекеними мигрант кытайлар басып кетишине каршымын. Негизи Кыз кыздай болуп озунун табийгат жактан жуктолгон бала тороо милдетин унутпаса экен дейм.
05.03.2019. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудайга шугур. Беш кол тен эмес. Кимге кандай..., мисалы мага озумдун жашоом жагат, бала тороп, жакшы тарбияласан жашоонун бакыты ошол эмеспи. Баардык аялдарды байкуш, кул кылып салганы туура эмес. Ошондой эле кыйын экенсин, Курманжан Даткадай болуп аялдарды корго. Озун Европага качып кетпей. Курманжан Датка канчалаган Кыргыздарды акылдуу, сабырдуу болуп сактап калган.
05.03.2019. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Туурасын айткан. Бирок бир беткей болуп калыптыр. Жакшы, бактылуу жашап жаткандар да жок эмес.
05.03.2019. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Menin kainejem dele jurot 40tan awty,chet olkodo iwteit.Kuioogo tyiyniz dese,siler kuioodon jyrgap jatasynarby deit.Kyrgyzdar negizi aialga memile kylgandy bilbeit,Kolhozsunar dep koiot da.
06.03.2019. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Гулзатт Мамытбек, Зере, уланткыла.
06.03.2019. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Мен муну суротунон коруп 59 жылкы деп ойлопмун как бутто 20 жыл жашап кыргызстанда кыйналгансып жазатко ар бир адам бактулуулука озу кадам койот мен бактысызмын мен бактысызмын дей берсен конечно периштелер омин деп койот анан бактысыз журо бересин шугур кыл элибизде ыйман ислам дини бар ошол жетиштуу
06.03.2019. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ulanbeku47,менин эжекемли 17 жашынан ала качып кетишкен. Күйөөсү алкаш болуп чыкты. Эч кандай кесиби жок же. Бишкекте бир училищеде окуучу эле.Кайненеси окуусун бүтүрөбүз деп туруп бүтүрбөй коюшту. Же кыйратып иштеп үй бүлөсүн бакпайт экен алкаш киши. Кайненеси менен чогуу турчу. Кайненеси баласынын мээсине айлантып жатып эдекемли канча саатты. Эки балалуу болуп ажырашып тынышты. Алп качып кыздардын жашоосун пландаганга мүмкүнчүлүк бербеген учурлар дагы болуп жатпайбы!
06.03.2019. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эн туура айтыптыр.
06.03.2019. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Макул акылы жоктор чет элге тие бергиле каарыганынарда карылар үйүнө түшүп калганын өзүңөр билбей каласынар башканын баласы башка орустарга окшоп карыганда жалгыздык менен кете бересиңер ошол
07.03.2019. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
100% туура. Ошондуктан кыргыздын жигиттери аял затын сыйлаганды уйронгуло!
07.03.2019. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sajakat14, жеке айтышууларга жол берилбейт, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
07.03.2019. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул кыз студент кезде атеистмин дечү
07.03.2019. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гулзат Мамытбек 2
08.03.2019. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Чындык ушундай ачуу болот.
Эркектерде жоопкерчилик жоголду.
Жонокой мисал швеяда иштеген эжем айтат он швеянын алтоосунун куйоосу иштебейт экен.Балдарын карайт,баласы жогу ылайыктуу жумуш таба албайт экен оор жумушка жарабайт имиш.За то аялы беременная 9 айга чейин баланын башын кысып отуруп иштейт.Таза эмес жерден анан оорукчан балдар торолот.Туну менен уктабай азабын тарткан дагы эле баягы аялдар.
Анан эле аялдарды жаманатты кылганын койушпайт.Азыр дагы катындар мн ажылдашып
08.03.2019. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Атанын созу ок"- дечу эле.Комментарийлердеги жигиттерге тан калдым.
Мылжындабай,эркектик намысынына шек келтирбей маанилуу бир соз айт болду да.


08.03.2019. 08:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уй тиричиликтин туйшугу эркекке деле жуктолот. Мен чыныгы эркекмин деген куйоо болсо, озу тартат негизги жукту. Жаш кезде экооно тен туйшук тушот. Болгону бизде ошондой система тузулуп калган, озгортуш керек албетте бирок ал жаш келиндендин эмес чон ата энелердин колунан келет. Кыздарыбыз билим алыш керек, бизде аял кишининин туйшугу коп, ага кошулам, ал абалды ондогонго эркек катары салымымы кошуп да келем. Бирок бир тараптуу жыйынтык чыгарган туура эмес. Жалпы тенденцияны туура байкап айтыптыр
08.03.2019. 08:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеке озу боюнча азырынча тийе электе, алдын ала мен да кор болом деген туура болбой калат
10.03.2019. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Феминисттер торобосо, турмуш курбаса озу билет бирок карыганда карылар уйуно барабы деген ой...
10.03.2019. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиги интервьюдан да комментарийлер кызык го
10.03.2019. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеке менин оюм бир четинен биз эркектер эркектик касиетибизден айрылып баратабыз.балдарыбызды да ошондой тарбиялап жатабыз .бул кыз гулзат буга окшоп ар нерсени суйлоп оозу менен орок оргондор болуп келген Жана боло берет ал нерсеге капа болбогула Жана жалпы аял заты эгер куйоонор лох болуп калса башка эркектер ди андай ойлобогула же аялдардын баары окшошпу .мен гулзатка айтаар элем кр деги ошондой жашоону ондош учун Сен кандай иш кылдын .просто качып кеттин Жана эптеп Германия га кирдин
10.03.2019. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жамандаган оной Сен канчалык кыйын болуп 30 тилде суйлосон да Сен немистерге киргизсин даже кыргыз эмес.мен да жургом Германия да бирок мен сенчелик кр ди жамандаган эмесмин ооба биз онукпогон баткак ылай аралашкан ан сезими томон адамдарбыз бирок немистин же француз дун баары ошондой кыйынбы жаман деп коюш оной
11.03.2019. 07:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шугур деген адам барбы
Кыргыздын жашоосу жакшы деп бутургон тема болобу
АВТОР?
14.03.2019. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да кошулам бул кыздын айтканына, эн туура. Азыркы биздин эркектерден (баарынан эмес, копчулуктон) билим, таалим-тарбия, маданият, ар-намыс деген сапаттар кетип, оордуна билимсиз, жалкоо, маданиятсыз, акыл-эссиз, жырткыч, койчу, деги айта берсен толтура жаман сапаттар ээлеп алган. "Жигитке 70 онор аздык кылат"-дейт элимде, тур, кайым айтышпай, ушак айтышпай, жок дегенде бир онор уйрон! Келечегине керек болот!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо