№852 28-февраль - 6-март, 2019-жыл
Сидней университетинин жана Кытайдын айыл чарба илимдер академиясынын адистери планетанын ар бир бурчунда жашаган курт-кумурскаларга жүргүзүлгөн 73 изилдөөнү анализдеп чыгышты. Жыйынтыгында алар сүт эмүүчүлөр, канаттуулар жана сууда-кургакта жашоочуларга салыштырмалуу 8 эсе бат жок болуп баратканын аныктап чыгышты.
Курт-кумурскалардын 40тай түрүнүн саны азайып, ал эми үчтөн бири жок болуп кетүү алдында турат. Эгер алардын саны ушунтип кыскарып кете берсе, анда 50 жылдан кийин алардын жарымы калып, 100 жылдан кийин жок болот. Буга айыл чарбасынын өсүп жана химиялык жер семирткичтердин колдонулуп жаткандыгы себеп болгон.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |