ОРУСИЯЛЫК КЫЗДАРДЫ СУЛУУЛАГАН КЫРГЫЗ ЖИГИТ

№853 7-13-март, 2019-жыл

Мырза Абдразаков – өзүнө чек койбогон, көңүлү жакканды жасаган, «эл эмне дейт?» деген түшүнүк менен жашабаган адам. Мекендешибиз 3 жылдан бери Орусияда жашайт. Ал жакында Санкт-Петербург шаарында өткөн эл аралык "Неванын жээктери" сулуулук фестивалында мыкты деп табылды.


Мырза Абдразаков
Туулган жылы
– 1996-жыл
Туулган жери – Тогуз-Торо району, Казарман айылы
Үй-бүлөдө – 6 бир туугандын бешинчиси


– Салам, Мырза. Алгач өзүң, үй-бүлөң тууралуу айтып берсең.

– Саламатсыздарбы. Мен Тогуз-Торо районундагы Казарман айылынын кулунумун. Атам пенсияда, бир туугандарым үй-бүлөлүү. Апам 4 жыл мурун кайтыш болуп калган.

– Учурда Санкт-Петербургда стилист болуп эмгектенет экенсиң. Кандайча бул кесипти тандап калгансың?

– Бала кезден сулуулук чөйрөсүнө кызыгуум күч. Кичинекей кезимден тартып башка балдардай чүкө аткандын ордуна үйдө куурчак ойночумун. Ата-энем бир жакка кеткенде эжелерим мага көйнөктөрүн кийгизип көп эрмектешчү. Өзүм да чач кармалап өргөндү жактырчумун. Ошонун таасириненби, кыздарга окшоп мүнөзүм жумшак.

– Эмне үчүн чет жакта иштөөнү чечтиң? Питер сени кандай тосуп алды?

– Апамдан ажырап калгандан кийин чет жерге чыгуу тууралуу ойлоно баштадым. Апамды жоготуу мага оор болду. Баскан-турган жерлер, колдонгон буюмдарым апакемди эстетип аябай кыйналып кеттим. Ошондо жер көрүп алаксыйын деп Питерге келгем. Бул жакта тааныш эже аркылуу жумушка орношуп, ийгиликтерди багындырып, аз болсо да Кыргыз жеримдин атын жакшы жагынан таанытууга салымымды кошуп жатам.

Сулуулук жаатында ордумду аябай оңой таптым. Кыйынчылык болгон жок. Жөндөмдүү болсоң ар тармактан өзүңдү табуу жеңил болот экен. Адам алдыга максат коюп, кесибин сүйсө гана ийгиликке жете алат.

Албетте, жаңы жерге келгенде өлкөңдү, үй-бүлөңдү сагынасың. Алар менен дайыма байланышып турсаң да жалгыздык сезими жүрөгүңдү өйкөй берет. Питерге келгенде көпкө чейин жакындарымды сагынып ыйлап жүрдүм. Азыр Питер мен үчүн өзүбүздүн Бишкектей эле болуп калды.

– Стилист болуп эмгектенип жатканыңа 3 жылдай болуптур. Кандай ийгиликке жетише алдың?

– Мен учурда Питердеги «Орусиянын идеалдуу сулуусу», («Мисс идеал России»), «Санкт-Петербургдун бермети» («Жемчужина Санкт-Петербурга») аттуу сулуулук сынактарынын расмий стилисти болуп иштейм. Андан сырткары Орусиядагы эң масштабдуу «Неванын жээктери» («Невские берега») сулуулук фестивалында 2000ден ашуун катышуучунун арасынан «Жылдын бьюти блогери» наамын алдым (ред.: фестивалга сулуулук чөйрөсүндө эмгектенген стилист, визажист, тырмактарды жасалгалоо боюнча адистер катышат). Бул менин экинчи жеңишим. Былтыр да ушул наамды багындыргам.

– Жакшы экен. Бирок кыргыз коомчулугуна мырзалардын сулуулук чөйрөсүндө иштегени, чачын түркүн түскө боёп, сулууланганы, сага окшоп жарым жылаңач сүрөткө түшкөнү өөн учурайт. Бул боюнча пикириң кандай?

– Мырзалардын чач жасалгалоосу биздин калк үчүн чынында жат көрүнүш. Бул тармакта саналуу гана кесипкөйлөр эмгектенет. Бирок айымдарга мырзалардын чачтарына кам көрүп жатканы жагат.

Мен элдин ою менен чектелбеген көз карандысыз инсанмын. Бул менин табиятым. Мага сулуу адамдар жагат. Өзүмдү карап келбетиме кам көрүп жүрөм. Бул менин каалоом, тандоом.

– Сенин Инстаграм баракчаңдан жарым жылаңач түшкөн сүрөттөрүңө көзүм түштү. Андай сүрөттөрдү кандай максатта киргизесиң?

– Инстаграм менин сүйүктүү баракчам. Адам канчалык кызыктуу болсо, ошончолук көрүүчүлөр көбөйөт. Жан дүйнөм чыгармачылыкка жакын болгондуктан кызыктуу образдарды жаратканды жакшы көрөм. Өзүмдү ар тармакта сынап көргүм келет.

– Мындай сүрөттөрүң үчүн көп сынга кабылсаң керек...

– Билесизби, мен сынга көнүп калган адаммын. Мектептен баштап эле менин баскан-турганымды сындагандар көп болгон. Катардагы окуучулардан тартып мугалимдерибизге чейин мени талкуулашчу. Инстаграмда да сынчылар абдан көп. Мен алардын деңгээлине түшүп жооп берип отурбайм. Себеби бул менин дүйнөм. Мен көңүлүм каалаган нерсени жасайм. Эң башкысы, мага жакса, мен андан ырахат алсам болду. Калганы кызыктырбайт.

– Келечекте ырдап шоу-бизнеске аралашайын деген оюң бар экен. Эгер аралашсаң башкалардан өзгөчөлөнө аласыңбы?

– Кыргыз ырчылары учурда тойго ыктап калышпадыбы. Өзгөчөлөнгөн эч ким жок. Мындайча айтканда, шоу дүйнөдө шоу жок. Концертке барсаң уйкуң келет. Фантазия жетишпейт, биздин маданият өкүлдөрү элди таң калтыра алышпайт. Өздөрүнө көңүл бурдурууга дарамети жетпей калганда кара пиар, уруш-талаштарды чыгарышат. Мен жакында кыргыз шоу дүйнөсүнө өзгөчө стиль менен дүң жаратсамбы деп пландап, продюсер издеп жатам. Кудай буюрса, жакшы продюсер менен иштешип, жакшы чыгармаларды, өзгөчө образдарды шоуну кыргыз элиме тартууласам деген ниеттемин.

– Кеп нугун жеке жашооңо бурсак. Сулуулукту жактырган Мырза сүйүүсүн тапканбы?

– Албетте, жүрөгүмдүн ээси бар. Анын улуту орус. Учурда бактылуумун. Калганын убакыт көрсөтөт.

– Маегиңе рахмат. Ийгиликтер көп болсун!


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(48)
11.03.2019. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Кийингени жаккан жок. Стилистмин деп эле стилдин шорун шорподой кайнатыптырго.
katerina.li түзөттү 2019-03-11 09:02:45
11.03.2019. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Алдыгыдай жагымсыз сандарын коргозуп тушкон суроттору маданияттын туу чокусу бекен??? Тобоо
11.03.2019. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик
11.03.2019. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Азамат. Негизи эл эмне дейт дей бербей Жан дуйнонду уга да билиш керек. Бишкекте чогу иштегенбиз. Аябай адамгерчиликтуу ыймандуу бала.
14.03.2019. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Cosmos,Элди карап создорун туура кабыл алып турсан туура жашаганга мумкунчулук болот. Элди козго илбесен акмактан айырман жок. Ыйман деп сен ойлогон нерсени айтпайт. Бул бала эсине келип озуну таанып эркек экенин сезип озгорулбосо кыйын болотко
11.03.2019. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Кыргыз жигит дебей эле койсонор болмок. Кай жери жигитке окшоп турат???
11.03.2019. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
katerina.li,отуруп алып оозун чойгондор коп негизи. ХХХХ кыргыздын атын чыгарып мушташып,жардырып,олтуруп аткандан коро озубуздун боорубуз жакшы жагынан чыгарып жатпайбы. Жеке жашоосуна аралашуу плинтустан да томон.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-03-11 13:53:46
11.03.2019. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Cosmos,Ушул жакшы жагыбы?Биздин менталитетке туура келбейт дейт.Эмне орустар ушуга окшогондорду жакшы коробу?20 жылдан бери Россиядамын.Орустар деле жаман корот мындайларды
11.03.2019. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Cosmos,мен мисалы отуруп алып оозум чойгон жокмун. Керек болсо бир райондун элине тикемен тик туруп кызмат кылган адаммын. Мейли бул адам искусство адамы экен,бирок суротко мынчалык ХХХХ тушпой скромный тушсо болот эле да. Балеттеги балдарды бир карап корсун кандай чонун тушушот ошол балдар суротко. Дагы да кайталайм ото ХХХХ болуп тушуптур
Модератор admin_portal түзөттү 2019-03-11 15:55:10
11.03.2019. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Cosmos,жеке жашоосуна элди аралащтырбаса анда чыкпасын гезитке и биз да тынч отурабыз тилибизди агытпай ха ха
11.03.2019. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кантсе дагы өз тиричилигин өзү жүргүзүп жатат. Эптеген 2 ашайт. Көчө шыпырып,пол жууп деле иштеп жүрбөйбү,ошол сыяктуу эле өз жумушун жасап жүргөн кыргыз боорубуз да. Азамат, көгөрүп кетпесең эле болду айланайын.
11.03.2019. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Nurgazy80,Когоройун деп калыптыр)))
11.03.2019. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мындай кызга окшош эркек балдар ар эки айылдын биринде барго
11.03.2019. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Бул жактагы шоучулар жетишет, сен келбей эле кой. Келе элегинделе тушундук, кантип келээринди.
11.03.2019. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи суллулук,искусство маданияттулукту коро алган жокмун. ХХХХ инстадагы комментарийлерге бкрген жоопторунан эле корунуп турат.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-03-11 15:53:01
11.03.2019. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кайрат кыргызга окшош экенсиң ошону продюсер кылып ал.
11.03.2019. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туура кылыпсын орус улутундагы кызды тандап,себеби сага окшогон кыз сыяктуу эркектерге кыргызымдын кыздары тийбейт.
11.03.2019. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Kulatov,кыз эмес тандаганы,орус улутундагы эркек.
11.03.2019. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тооба тооба ушундайлардан кудай сакта .Койчуман болсо да башка балага тиймекмин буга окшогон кыз текеден коро .
11.03.2019. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Стилистмин деген балага озуно стилист керек экен. Инстадан кордум. Бир дагы жарашыктуу кийими жок ,чач жасалгасы да "обнять и заплакать "дегендей экен. Анан мен элден айырмаланышым керек депеле ушинте берсе ,билдбейм анда не дешти
11.03.2019. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ооба супер силер чыгарбасаңар деле азыркы жаштар мындайларды башка жактан көрүп алышат.Бирок силерден сураныч ушундай жаштарга терс таасирин берүүчү макалаларды чыгарбай эле койгулачы.
Силер КРдагы номер биринчи газетасыңар.Жаңы муун сөзсүз силерди окуйт.
Akylai_aktan түзөттү 2019-03-11 22:08:07
11.03.2019. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Oi bul bizdin mekteptin ,,myrzagulu,,turbaiby.5 kunu super info kotorup otchu kochodon,ar kimden Nelianyn surotun chogultup jurchu.5 klass kezindele bezsvetnyi lak,pomadalardy koldonchu,kyzdardyn janynan kalchu emes,tualetke da eerchip alchu.Baikelerinen ,,erkektei,,bolup jur dep dalai tokmok jegen,kyskasy tuwunuktuu ele boldu okwoit
11.03.2019. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aiymkunumjyldyzym, ушундай балдар негизи тын болушат. Неля эжесине окшошкусу келген турбайбы. Биз сиз экообуз ошол баланы талкуулап атабыз. Кичинесинде супер оокуса эми Аны элдер окуп атышат. Кыздай болобу эркектей болобу аман эле болушсун. Алыста экен бир туугандарынан. Апасынын жок экенин окуп апамды эстеп бул баланы тушунуп турам.
11.03.2019. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Cosmos,emi bilgenimdi jazdym.Ansyz dele menden bawka kancha adamdyn ters pikirleri jazylyp turat
11.03.2019. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aiymkunumjyldyzym, иттер урот негизи тааныбаган адамга.
11.03.2019. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Cosmos,eger bilsen ozgocho kyrgyzdarda myndai stilde chykkandarga uro turgan itter toltura.Kerek bolso owol itterden korkup ketken bul aiyldan,Sen biwkekte choguu iwtesen,men bul balany 1 klassynan beri bilem,Emne boldu ancha saga,
12.03.2019. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aiymkunumjyldyzym,ошончо жаман балабы?
12.03.2019. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Aiymkunumjyldyzym,бир туугандары жаман болупатышса керек коруп алып. Эми кызга окшош болуп торолгонуно эч ким куноолу эмес озу дагы куноолу эмес. Болгону кимге окшош болсо дагы алдыгыдай болуп суротко тушкон болбойт ко
Эми суллуу корунсо да эч нерсе дебейт эле эч ким. Бул баланыкы просто отвращениего
19.03.2019. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Cosmos,Акылдуу бала душевный
19.03.2019. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Токмок жеген дептирсиз го :) Ата энеси бир туугандары тушунуу менен мамиле кылышат анткени Мырзанын озунун дуйносу ички дуйносу дайыма колдоп келишет,анчалык туура эмес соз таратпаныз.
11.03.2019. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Зверевдин синдиси болуп ал.
Кыргызды кызтеке болуп таанытпай эле койчу карындаш
13.03.2019. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Usmangar,жайлапсынго +30
12.03.2019. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pandora, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
12.03.2019. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошончо болуптур шиш така кий, баягы эмне еле ручка беле калемби ошону кий, жарашаткен сага, кийин небере чеберелериң эстеп жүрсүн.
13.03.2019. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
oshondoiraak,карандаш
18.03.2019. 07:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
oshondoiraak, небере чоборо болобу десен :)
13.03.2019. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Bir tuugandary sabap jurup ele kaldy.Baw bergisi kelbei anan rossiany kozdoi jonodu da.Klasstaw kyzdary menen choguu jurgondo alar wymyn wypyrabyz dep kachyryp jiberdik dep juruwkon,Bir tuugandary aiabai jakwy.
19.03.2019. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айиий ойлонулбаган окуяларды жазыптырсыз,,,Кызык кызык,,,
13.03.2019. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ыйман берсин.суротко тушконун коруп коркосунго.жигит дегенда ушундай болобу
14.03.2019. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кудай сактаа чыкпай эле койчу сураныч! Башкаларга таасирин тийбесин!
14.03.2019. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыр ушундайлар хит болууда
17.03.2019. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Тфу ### окуп алып мен уялып кеттим, ушундай да болобу? Заман эмне болуп баратат? Кыргыздын атын таанытып атам деп мактанып коет дагын, эркектей эле болчу)!
17.03.2019. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Урдуруп койгон окшойт))
17.03.2019. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ой тообо тушунугүү жакшы эле баладай,анан кийингенинен "Кыргыз Жигити"деп болбойт шермендечилик
19.03.2019. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын Мырза !!!
19.03.2019. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сени искусство адамдары гана тушунот!
19.03.2019. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшынакай эле бала. Билимдуу мектепте жакшы окууган мыкты окуучулардын бири болчу.Молодец Мырза Алгаа .. Мыкты талантуу !!!
Ziasuiunbekova түзөттү 2019-03-19 12:22:49
19.03.2019. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйунуп атам молодец кыйын баласын, ИЙГИЛИК!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо