Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Актан Рыскелдиев, актёр: «БАЛДАРЫМА МЕН МАСЕЛЕСИ ЖОК АТАМЫН»

№853 7-13-март, 2019-жыл

Элге дайым позитивдүү маанай тартуулаган шоумен, актёр Актан Рыскелдиев негативди кантип жеңет? Эмне үчүн жубайын бийик тутуп, ыраазычылык айтып келет? Аны менен ошол жана башка темада баарлаштык. Актанды социалдык тармактагы активдүү блогер катары да билебиз. Андыктан 8-Март – Аялдардын эл аралык майрамын утурлай актёрдун аялзатына карата ой толгоосун да бердик.

– Актан, салам. Сени менен чыгармачылык тууралуу эмес, жашоо, тагдыр, үй-бүлө темасында сүйлөшкүм келип турат. Алгачкы суроо мындай болсун. Айрымдар жубайына кол кабыш кылган жолдошун “подкаблучник” деп чыгышат. Же болбосо досторун түгөйүнөн бийик койгондор бар. Сенин бул тууралуу пикириң кандай?

– Саламатсыздарбы? Кыргызда илгертеден эле аялзатына жардам бериш керек деген түшүнүк жашаган. Ал эми аялдын моюнунда баланы төрөп, тарбиялап берүү болгон. Аял жок болсо деле эркектер өздөрү кийимдерин жууп, тамакты жасашмак. Мен да бир кезде үй түйшүктөрүн жубайыма оодарып, жумуштан келерим менен "тамак кана, кийимим кана?" деп калгам. Жубайым деле тажады окшойт да, “эмнеге мени сыйлабайсың?” деп айтчу болду. Ойлонуп көрсөм, чын эле туура эмес кылып жатыптырмын. Ошондон кийин акыл калчап иш кыла баштадым. Жубайыма күтүүсүздөн белек берип, жактырган тамагын ала келгенге өттүм. Аялдарга эмне керек, көңүл буруп коюу жетиштүү. Ошого ыраазы болушат. А биз, эркектер, “мен акча таап жатпаймынбы”, “иштен чарчап келдим” деп милдет кылып алабыз. Мен ошол адатымды жойгонго аракет кылдым.

Менин курсагым ток, кийимим таза, балдарым үчүн санаа тартпасам, эмне үчүн жубайымды сыйлабашым керек? Эмне үчүн ага көңүл бөлбөшүм керек, ал кишини досторумдан бийик койбошум керек? Мен Ферузага чейин бир да кызга жологон эмесмин. Анткени мен үчүн аялзаты ыйык, бийик.

– Илгертеден кыргыз эли баланы какыс-кукус кылып чоңойтушкан. Азыр болсо “баланы урбай эле тарбияласа болот” дешет. Сен кайсы тараптасың?

– Байкем экөөбүз тарбиянын бардык этаптарынан өткөнбүз. Атам колдон келишинче бизди тарбиялап, тооктун, койдун, уйдун "шорполорун" берген. Мен жеткен тентек болчумун, андыктан атам бизди туура тарбиялаган деп ойлойм. “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” деп айтышат эмеспи. Менде андай болгон жок. Анткени мен уядан көргөнүмдү кылсам, уулдарым Жантай менен Анатайдын өпкөсүн үзмөкмүн.

Келинчегим экөөбүз балдарды эркин коёбуз. Эгер улуусу инисин сабап койсо, аны колго, бутка чабабыз, "бөбөгүңдү урба" деп түшүндүргөнгө аракет кылабыз. Ал эми ар кандай нерселерди чачып, талкалап, үйдү беш көтөрүп жатышса, башыбызды да оорутпайбыз. Мурун мен бирөөнүн ошондой тентек баласын көрсөм "тыйбайбы, оозун жаппайбы" дечүмүн. Балалуу болгондон кийин баарын түшүнүп калат экенсиң.

– Ар бир адамдын жашоосунда унутулгус күндөр болот. Сенде кайсы учур көз алдыңдан кетпейт?

– Нарындан Бишкекке келгенде оор күндөр көп болгон. Жашоо шартыбыз начар болгондуктан кээ бир туугандардын мамилеси да өзгөрө түшкөн. Байкем Дастан экөөбүз Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство институтуна тапшырып жатканда “булардан ким чыкмак эле, болбогон артист чыгат да” дешкен. Ата-энем болсо биздин бюджеттик негизде окууга тапшырганыбыз үчүн сүйүнүшкөн. Кийинчерээк мен “Тамашоудон” таанылып, чет жактардан байгелүү орундарды алып келгенде, агам авторлордун бири болгон “Аталар керээзи” тасмасы беделдүү дүйнөлүк фестивалдардан байгеге жетишкенде ата-энемдин көзүнөн кубаныч, сыймыктануу көрүнө баштады.

– Юмор жаатында жүргөн, элге позитив тартуулаган Актан негативди кантип жеңет?

– Адамдын баарына жага бербейсиң. Кээ бир адамдар бар, сени жек көрүп эле аргументи жок жамандай беришет. Интернет жок кезде бирөөнү жаман көрсөң үйдө сүйлөшүп, ашып кетсе достор менен кеп кылчубуз. Азыр социалдык тармак өнүгүп, далили бар-жогуна карабай жамандай беришет. Сен ал адамга жамандык деле кылган эмессиң. Жөн гана жакпайсың. Бизди алар ийгиликтүү адам катары көрүшөт да. Чынында биз деле көпчүлүктөй батирде турабыз, биз деле жерге төшөк салып жатабыз дегендей.

Акыркы күндөрү жакын досторумдун арасында, өзүмдүн чөйрөмдөн, балким, ич күйдүлүктүн айынандыр, мени сындыргандар болду. Албетте, мунун баары оор тиет. Бирок келинчегим “башыңды оорутпа, күлүп-жайнап жашай бер. Адамдар өлүп деле калып жатышпайбы” деп мага колдоо көрсөтүп келет. Мындайча айтканда, келинчегим менин дем берүүчүм. Ал дайым мени көзөмөлдөп турат. Кээде Инстаграмга билдирүү жазсам Феруза "туура эмес кылып койдуң" десе дароо өчүрүп салам (күлүп).

Азыр болсо кайгылуу окуяга башымды оорутпайм. Үйгө барганда мени эки кичинекей энержайзер (ред.: уулдары) тосуп алат. Кайгылуу келдиңби, маселең ашып-ташып жатабы, батирдин акчасы же кредитиң келип жатабы, аларга баары бир. Аларга мен маселеси жок атамын. Балдарымдын көңүлүн алам деп жатып көйгөйдүн баарын унутам.

– Жылдыздар социалдык тармактарга көз каранды, ал жактан идеалдуу образ түзүүгө аракет кылышат. Ушул нерсе маанилүү болуш керекпи атактуу адамдарга?

– Мен жасалмалуулукту жаман көрөм. Келинчегим “бизди кандай болсок, ошондой берип саласың” деп эле капа боло берет. Салондорго барып сулууланып, кычырап кийинип, үйүнө барып кечээги тамакты ичип отургандарды көрүп эле жүрбөймүнбү. А мен жасалма эмесмин. Социалдык тармак – адамдын экинчи жүзү. Ал жакта бардыгы эле "мына, көрдүңөрбү, мен сулуумун" деген сүрөтүн киргизет. Азыр "менин баланча катталуучум бар" деп мактанып, кыйын болушат. Бирок ал деген чыныгы жашоо эмес да. Бир күнү Марк Цукерберг нерви кашайып өчүрүп салса эмне болот? Баары жок болот. Андыктан баарына реалдуу жашоодо жашагыла демекмин.

– Маегиңе ыраазычылык.



"АЗЫРКЫДАЙ МЭЭМ БОЛСО АЛТЫН БАЛА БОЛМОКМУН"

Алтын апам. Балалуу болмоюнча апамдын баркын билбей жүрө беришим керек беле? Уктабай канча түн өткөрдү, ысык-суугума чыдады. "Кичинекейиңде жаагың жабылбаган ыйлаак бала болчусуң" деп көп айтат. Ошондо мээм болгондо ыйлабайт болчумун, апа. Суукта аялдамада автобус күтүп турганда "Апа, мен төшөккө жатып уктагым келип жатат!" деп кыйнабайт болчумун. Болбосо ансыз деле апамдын колунда уйкусурап жатам. Кайсы бетим менен? Камыр жууруганды үйрөткөнүңүз эсимде, кайра-кайра какшатчу элем чаранын кырын тазалабай. Оюн деп омурткам сынып жатып канча нанды күйгүздүм? Ошого чыдаган сиздин нервиңиз. Азыркыдай мээм болсо алтын бала болмокмун. Бишкекке келип бассейнге түшөм деп кыйнаганымчы, акча тартыш болуп жатканды кайдан билмек элем? Түшкөм бассейнге, кыйратып койгонсуп. Айта берсем, сөз көп, апа. Ушунун баарын эстеп сиз үчүн бир күн эмес, күндө майрам кылгым келет.

Карындашым. Сени атам, апам өзгөчө эркелетишсе кызганчу экенмин. Сен төрөлгөндө "Муну эмнеге төрөдүң?!" деп "концерт" койгонсуң деп калышат. Үйгө кут келип жатканын кайдан билиптирмин? Биринчи жолу майке, көйнөгүмдү жууп бергениң эсимде. Кыйын болуп текшерип койгонумчу. Аман эле бол, Актан.

Кайын энем. Биринчи жолу мени көргөн күнүңүздү эстесеңиз. Күлкүм келет. Сапсары бала, капкара болуп күйгөн. Ошондо кубалап чыкчудай эле шалман болчу экенмин. Апама көрсөтпөгөн кыялды сизге көрсөттүм го. Бетим, ий, бетим. Жашоого болгон көз карашыңыз башкача, берген ар бир кеңешиңиз жардам берет. Сизге да күнүгө майрам тартуулагым келет!


Келинчегим.
Сен жөнүндө роман жазыш керек негизи. Же жок дегенде сонун ыр. Өзүнө ишенбеген баланы адам катарына кошкон сенсиң. "Муну кийбе, аны жебе, ал жакка барба, ойлон, иште, кыймылда, кыйынсың..." Бул сенин сөздөрүң. Канча жолу ыйлаттым, таарынттым, дагы деле жанымдасың. "Байлык-бийликтин кереги жок, жанымда болсоң болду" дечү элең. Байлык, бийлик жок менде. Жанымдасың. Жамгыр алдында жаш балдарча чуркап ойногонубуз эсиңдеби? Жаш балдарча деп коём, жаш бала эле болчубуз да. Мен үчүн дагы деле 18 жаштасың. Убакытты токтотуп күнүгө майрамдасак кана? Кудай буюрса, андай күндөр алыс эмес.

Биз аялзатын алсыз дейбиз. Бирок ойлонуп көрсөк, андай эмес. Ар бир эркекмин дегенди аялзаты адам кылган. Тогуз ай көтөрүп, тогуз саат толготуп төрөп, ак сүтүн берип багып, түнү менен уктабай кайтарып, ооруп калса айыктырып, тамак жегенди, кийингенди, сүйлөгөндү үйрөткөн ким? Аялзаты.

Бала бакчадан тамга таанытып, эс тутумун жакшыртып, акты ак, караны кара дедиртип, бул дүйнөнүн четин көрсөткөн ким? Аялзаты. Мектептен, университеттен тарбия берип, акыл үйрөтүп, көп нерсени жаттатып мээге куюп, ааламга көздү ачкан ким?! Аялзаты... Байпагыңды жууп, тамагыңды жасап, көйнөгүңдү үтүктөп, курсагыңды тойгузуп жумушка жөнөткөн ким? Аялзаты. Ата болуу бактысына себепкер болгон ким? Аялзаты. "Каяктасың, курсагың токпу, иштериң кандай, жол-полуңа акча керекпи, качан келесиң, балам" деген ким?Алтын апам! Аялзаты! Бир күн майрам деген болбойт, туура эмес. Күнүгө майрам кылсак дагы аздык кылат! Жаратканым сиздерге ден соолук берсин!

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg


Актан Рыскелдиев: "Мени көп учурда жубайым көзөмөлдөйт"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(35)
11.03.2019. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Аялдар жонундогу ою жакты
11.03.2019. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
СөЗ ЖОК
11.03.2019. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
вау, класс!!!
11.03.2019. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кооз создун мастери
11.03.2019. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Эркектин баары сендей аялзатын баркын билсе кана
11.03.2019. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
жаны саны биринчи кундон чыгып калыпбы?
11.03.2019. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
mamatkerim1968, саламатсызбы! Ооба, мындан ары гезиттин электрондук версиясы порталга дүйшөмбү күндөрү чыгат.
11.03.2019. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
admin_portal, Аа жакшы мезгилден артта калбайт экенбиз да е.
Буга чейин мезгилден артта калып жүрдүк эле, айрыкча мигранттар.
11.03.2019. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Sonun sozdor go
11.03.2019. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Азаматсын Актан
11.03.2019. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мага айткандай суйунуп алдым
11.03.2019. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азамат,ишине ийгиликтуу,силерди басынткан туугандарынар Эми силерге жакын тууган болуп аткан чыгаар
11.03.2019. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Актан мырза, сизге ишинизге ийгилик, уй-булоолук бакыт каалайм.! P.S Кыргыз жигиттери башка улутка уйлонгонун туура корбойм, кыргыз кызын ушундай бактылуу кылса деп ойлой берем, менин жеке оюм)
11.03.2019. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азыр озундун балдарына урмак турсун,кыйкыргандан коркосун,кошунан арызданса эле болду,балдар уйуно откопки керек,ата-энелик укуктан ажыратыш керек деп чыгышат...Биздин мезгилде,ата-энелер когортуп эле сабачу эле...
11.03.2019. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
соц.тармактар жөнүндө айтканына кошулам.Өтөэле жасалма болуп барайтабыз.
Актандын жөнөкөйлүгүн бааладым,үй бүлөлүк бакыт,ишиңизге ийгилик!
11.03.2019. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Eh Aktan,Aktan,Kandai sonun maek bergensin.Erkekterdin baary aialdaryna uwundai mamile kylyp,uwundai oi jugurtso ajyrawuular bolmok emes bele,
11.03.2019. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шоу чойродогу адамдардын баары эле жаштыгында тентек болгон экенда.
12.03.2019. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Создорун укмуш сонун экен,кадимкидей эс ала туштум.Бактылуу бол,сен да уйлуу болуп кал ылайым!
12.03.2019. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сонун, тим эле мага айтып аткансып толкундандым. Рахмат!!! Тилегине жет. Аялды сыйлаган эркек, эч качан кор болбойт"-деп Апам коп айтчуу эле.
12.03.2019. 08:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Molodes,abdan tuura,Ayalyn oto baktyluu ayal eken suktanam.Kana ele bardyk erkekter ushintip korkpoi ayalyn barktasa..Echkachan ozgorbo ushundai ket.baldaryndyn omurun bersin dagy koop balaluu bolgula.
12.03.2019. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ар дайым келинчегин ойдо которуп, Аял затын сыйлап келет, АЗАМАТСЫН!!!!! УВАЖАЮ!!!!
12.03.2019. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Олло сонун байкесиз Актан байке бакыт эле каалап коелучу туугандар. Сооонун уй було. Коз тийбесин.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-03-12 13:59:14
12.03.2019. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
жакшы бала негизи
12.03.2019. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
а балли кана эми баары эле сендей ой жүгүртүп, түшүнүп жашаса , Кыргызстанда ажырашуу болмок эмес
12.03.2019. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бактылуу болгула. Помню, экоон институтта сонун пара эленер. Озун айткандай, канча сыноодон оттунор кен, мындан 4,5жыл мурун супер инфого интервью берип, девушкам деп башка кызды айтканда, жаман ичим куйгон, даже сурагам Ферузачы деп. Азыр силерди коруп, коп жаштарга суйуу бар, ал учун от души экоон тен курошкуло дегим келет. Эки дуйно бактылуу уй булоо болгула
12.03.2019. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азамат экенсиз! Бактылуу болунуз!
12.03.2019. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ыссык көлдүн кыздары дүң дүң дүң деп гой, сөз жок ха хасынго негизи.
13.03.2019. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ыйлагым келип кетти сонун айтыптырсын
13.03.2019. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы маек болуптур.Уй булоон менен аман бол.
13.03.2019. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар бир эркек ушундай ойлонсо, Кыргызстан оңолмок. Азаматсын, чыгармачылык ийгилик
13.03.2019. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жасалмасы жок.жонокой бала экени корунуп турат
16.03.2019. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялзаттын баркын билген жакшы жигит экенсин.Эркектин баары сендей болсо ,"башында ыйлаттым , таарынттым бирок баары бир жанымдасын"-деген создору жакты.Кеч болсо да сени адам кылган жубайыны баалайт экенсин.Бирок кээде тамашоудо суйлогонундо абайлап суйлоп журсон жакшы болот.Элди кулдуром деп атып "Оштуктар"деп басссып суйлогон жерин жакпайт
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо