ТАСМАДАГЫ БЕЛГИЛҮҮ ТОТУ КУШ ӨЛДҮ

№853 7-13-март, 2019-жыл

1970-жылы тартылган «Пеппи Длинныйчулок» балдар тасмасындагы пираттар бандасындагы Дуглас аттуу тоту куш эсиңиздеби? Дал ошол канаттуу 51 жашында өлүп, эң көп жашаган тоту куш катары каттоого алынды. Негизинен ара тоту куштары 30-40 жыл жашашат деп жазат чет элдик басылмалар.

Маалыматта айтылгандай, Дуглас тасмага тартылган соң Швециядагы жаныбарларды коргоо үйүндө багылып жаткан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү анын тийиштүү документтери жок болгондуктан өлтүрүп салууну сунушташкан. Муну уккан активисттер аны Германиядагы белгилүү Карлсруэ зоопаркына алып келишкен. Зоопарктын кызматкерлеринин айтуусу боюнча, Дуглас 50дөй сөз билчү.

ЖОГОЛГОН СУМКА 65 ЖЫЛДАН КИЙИН ТАБЫЛДЫ

Америкалык Марта Ина Ингем аттуу кемпирге 65 жыл мурун жоготкон сумкасын кайтарып беришти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Индиана штатындагы Жефферсонвилл шаарында иштеп жаткан куруучулар окуу жайды бузуп жатып сумка таап алышкан. Анын ичинде Марта Ина Ингемге таандык күбөлүк болгон. Куруучулар дароо бул маалыматты социалдык тармакка жарыялашып, көп өтпөй Флоридада жашаган кемпирди таап, сумкасын жеткирип беришкен. Баарынан кызыгы, сумканын ичинде анын помадасы, 1 куту сагызы жана жогорку класста окуган жигиттен бүтүрүү кечесине алган чакыруу баракчасы болгон. Чакыруу баракчасындагы “кымбаттуу Марта, сени Пол кечеге чакырды деп уктум. Эгер ал сени чакырбаган болсо, анда мен сени кечеден күтөм” деген билдирүү сумка ээсин жылмайткан. Марта көп нерсени эске салган сумканы таап келген куруучуларга ыраазычылыгын билдирген.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо