ЫРЧЫ НУРБЕК САВИТАХУНОВДУН УУЛУНА КЕРЕКТҮҮ КАРАЖАТ ЧОГУЛДУ

№853 7-13-март, 2019-жыл

Ырчы Нурбек Савитахунов жана анын жубайы актриса Альбина Бейшембиева уулу Артур аутизм дартынан жабыркай турганын февраль айынын башында айтып чыгып, коомчулуктан жардам сурашкан. Мындан улам кичинекей Артурдун дарылануусуна каражат чогултуу башталган эле.

“Элге уулубуздун аутист экенин айтып чыгуу үчүн 2 жыл керек болду” деп актриса Альбина Бейшембиева гезитибизге маек берген.

Бул аптада актрисанын жолдошу, ырчы Нурбек Савитахунов уулунун дарылануусуна керектүү болгон 45 миң доллар өлчөмүндөгү каражат чогулганын, буга байланыштуу банктарда ачылган эсептер жабылганын билдирди.

"Альбина экөөбүз жагымдуу кабар менен бөлүшөлү деп турабыз. Сиздердин жардамыңыздар жана атын атагысы келбеген эки меценаттын жардамы менен Артурдун дарылануусун улантуу үчүн 45 миң доллар чогултуу максатыбызга жеттик" деп жазды ал өз баракчасына.



star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
17.03.2019. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичинекей наристеге дуа кылалы. Ден соолугу чын ,эл катары жашоосун тапкан акылдуу,ыймандуу жигит
болуп чонойсун! Сабырдуу болгон ата-энесине рахмат,азаматсынар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо