Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Данияр Эрматов: “ТҮЙШҮКТҮҮ КОНЦЕРТ БЕРГЕНЧЕ, ҮЙЛӨНҮП АЛГАН ОҢОЙ ОКШОЙТ”

№853 7-13-март, 2019-жыл

Концерттин аталышы – Данияр Эрматовдон шоу концерт

Өткөн күнү – 1-март

Өткөн орду – Спорт ордосу

Баасы – 300-500 сом

Башталышы – 18:30 (1 саат 20 мүнөт кечигип башталды)

Алып баруучу – Санжар Мыкыев

Мыкты номерлер – Даниярдын гитаранын коштоосунда жандуу ырдаганы жана Алтынай Нарбаева менен аткарган “Апакем” дуэти

Көрүүчүлөрдүн саны – Залдын 100 пайызы

Кара каш, кара көз иним Данияр Эрматов жаздын биринчи күнүн мээлеп концерт берди. Адашпасам, мындан эки жыл мурун да жеке концертин тартуулаган. Андан бери өткөн 2 жыл аралыгында ырчы жигитте өзгөрүү болдубу, өсүш барбы, кандай жаңычылдык күтсө болот деген суроолор бар эле менде. Дээрлик бир жарым саат кечигип башталса да, концертке келгендердин аягы бир топто барып токтоду. Данияр да “кыргызбыз да, кечигип баштадык” деп кечигүүсүн “кыргызчылыкка” шылтап тим болду. Көрүүчүлөрдүн бири-бирин, ырчыны сыйлап өз убагында келген, негизи эле көпчүлүк ырчылардын эрте келген күйөрмандарын бозортуп узакка күттүрбөгөн учурун төөнүн куйругу жерге тийгенде көрөт окшобойбузбу.

Өсүү демекчи, зал толо келген элдин саны Данияр чыгармачылыкта өз жолун, өз күйөрманын тапканынан кабар берет. Сахна жасалгалоодо техникалык жабдуулардан каражат аябаптыр, көз уялткан жарыктар, чоң-чоң экрандар сахнага көрк берип турду. Ички органдарыңды аралаштырып жиберчүдөй болуп адамды титиреткен даңка-дүңк музыка, жалтыр-жултур тигилген формалар, жаңы ырлар. Айтор, “эки ай даярдык көрдүм” деген ырчы жигиттин ишинин натыйжасына баа берип отурдум. Тердеп-кургап ар бир ырын берилүү менен аткарып жаткан Данияр бир маалда “түйшүктүү концерт бергенче, үйлөнүп алган оңой окшойт” деп тамашалап калды. Бул сөзүнө улай эле залдан бир кызды “болочок келинчегим” деп тааныштырып салат го деп күтүп калдым. Бирок андай сюрприз тартууланган жок.

Данияр Эрматовдун концертинде вау деп көз токтоторлук өзгөчөлүк байкаган жокмун. Концерт учурда кыргыз ырчылары адат кылып алган кадимки “классикалык” сценарийде өттү десем жаңылышпайм. Бийчилердин коштоосунда аткарылган ырлар, ортодо элге күлкү тартуулаган балдардын номери (бул ирет “Универсал” командасы), ырчынын кесиптештери келип куттуктап өзүнчө да, күндүн күнөөкөрү менен дуэт да аткарышканы, концерттин аяк жагында гитаранын коштоосунда аткарылган жандуу ырлар, кайрадан фонограмма, анан концерт бүттү. Ии, баса, бул сценарийге акыркы күндөрү ырчыларга ыраазычылык кат ар кандай медаль бергендерди да кошсок болчудай. Данияр Эрматов да мындай сыйлыктардан куру калган жок.

Бул концертте дагы бир байкаганым, Даниярдын өз калеминен жаралган чыгармалар көбөйүптүр. Ырчы үчүн жакшы ырдап эле тим болбостон, өзү ырдын сөзүн жазып, обонун жаратса чоң табылга эмеспи. Ал эми ал жазган ыр тарых барактарында сакталабы же шам сыяктуу убакыт өтүп эрип кетеби, аны убакыт таразалайт.

Даниярды сахналаш кесиптештери келип куттуктап кетишти.

Толик сынчы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(8)
11.03.2019. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын
11.03.2019. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанылануу жок. Баягы эле шоу бизнес
12.03.2019. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шой бизнесте ушул нурмат нурланнасип алмазшадай авас инкубаторлор
12.03.2019. 06:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец.Айжамал эже Гулнара эже менен тамашалуу ырдаган ырдын клибиндеги кыз клиптин акыркы кадырындагы ошол жашоодода келинчек болот окшойт деп койдумда
12.03.2019. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Данияр байке
13.03.2019. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жигит аябай жөнөкөй жигит экен жөнөкөйлүк адамдын жылдызы деп айтылат го бар бол чыгармачылык ийгилик
13.03.2019. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
он милый
13.03.2019. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Изденуу жок бири бирине окшош концерт беришет,себеби тойлордон коп акча табышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо