Таарынгандын өзүнүн куржунуна зыян. ТААРЫНЫЧТЫН КЕСЕПЕТТЕРИ

№854 14-20-март, 2019-жыл

Таарыныч – адам төрөлгөндөн баштап коштоп жүрүүчү сезим, ичтеги агрессия. Кичинекей баланы эле алалы, эмчек сураганда бербей койсоң ыйлап, кадимкидей таарынат. Демек, каалоо болуп, бирок ал аткарылбаган учурда сөзсүз таарыныч жаралат. Айрымдар бат таарынып, бат жазылат. Кээ бирөөлөр таарынычын өмүр бою ичке катып өтүп кетишет. «Таарынычты ичке катуу, көпкө сактоо туура эмес. Ичте катылган таарыныч зыяндан башка эч нерсе алып келбейт» дейт психолог Гуля Акбутина. Кантип таарынбай коюуга болот? Таарынычты кантип бат жазууга болот? Суроолорго жоопту төмөнкү макаладан издеңиз.


ТААРЫНЫЧ ООРУ АРТТЫРАТ

Мамилени бузат.
Таарыныч адам баласына эң керектүү бири-бирине ишенүү, сүйүү, берилгендик сыяктуу сапаттарга терс таасир тийгизет.

Адамдын өсүүсүнө жолтоо болот.
Адам эски нерседен кутулмайынча жаңы нерсеге орун жок сыяктуу эле, таарынычтан кутулбасаңыз сизге рухий жактан өсүүгө, өзүңүздү таанып-билүүгө жана өзүңүздү ар тараптан ачууга мүмкүнчүлүгүңүз чектелүү болуп жүрө бересиз.

Таарынткан адамга караганда таарынган адам көбүрөөк зыян тартат.
Эгер сиз таарынуу менен экинчи адамды жазалап жатам десеңиз, анда жаңылышасыз. Таарынып, жазылбай жүрө берүүнү өзүңүздүн денеңизди уруп, башка бирөөнүн денесинин оорушун күтүп жүрүү менен салыштырууга болот. Балким, ал адам сиздин таарынганыңызды билбей жыргап-куунап, жашоодон ырахат алып, эч нерсени сезбей эле жашап жаткандыр.

Таарынычты ичте узакка сактоо көптөгөн ооруларды чакырат.
Элестетиңиз, сиз өтө оор эмес ташты көтөрүп, колуңузду алдыга карай созуп турасыз. Ташты аз убакытка көтөрүп туруу сиз үчүн жеңил эле. Көпкө көтөрүп турсаңыз колуңуз талыйт. Албетте, таштын салмагы өзгөрбөйт, бирок оорлоп баратканын сезесиз. Таарыныч дал ошол таш сымал, аны канчалык ичибизге сактасак, ошончолук зыян алып келет. Таарынган кезде адам стресс болуп, мындан улам организм да ар кандай өзгөрүүлөргө тушугат.

  • Калкан сымал бездин, өттүн иштеши начарлайт, жүрөк ооруйт.
  • Улгайгандарды миокарддын инфарктына жана инсультка алып келүүсү да мүмкүн.
  • Кан басымдын көтөрүлүшүнө жол ачат.
  • Жыт сезүү органынын иштешине залакасын тийгизет.
  • Көп таарынган жана эрки бош адамдар өз өмүрүнө кол салганга чейин барышат.


ТААРЫНЫЧТАН КАНТИП АРЫЛУУГА БОЛОТ?

Кечиримдүү болуңуз.
Кечирүү деген сөз коё берүү деген маанини туюнтат. Таарынычты коё берүүнү таарынычтан арылуу деп билсек болот. Кечиримдүү болуу көйгөйлөрдү жакшы чечүүгө жардам берет.

Окуяны таразалаңыз.
Албетте, дароо эле таарынткан адамыңды күнөөлөп кирүү оңой. Ага күнөө артуудан мурун таарыныч орун алган учурду таразалаңыз. «Мен эмнеге таарындым? Менин таарынганымды ал сездиби?» деген сыяктуу суроолорду өзүңүзгө берип, жооп табыңыз. Таарынткан адамдын ордуна өзүңүздү коюп көрүңүз. Сиз мындай учурда эмне кылмаксыз? Балким, жөнү жок таарынып жаткан чыгарсыз. Балким, кечирип коюуга мүмкүн болгон жагдайдасыз.

Өзүңүздү анализдеңиз.
Адамдардын мүнөзү ар башкача, айрымдар ачууланууга, каарданууга жакын болот. Сиз өзүңүздү кандай сыпаттайсыз? «Ачуум чукул эмеспи? Таарынчаак эмесминби? Кумурсканы пил кылып жибермей адатым жокпу?» деп өзүңүзгө суроо салып көрүңүз. Эгер сиз мындай мүнөзгө ээ болсоңуз, көтөрүмдүү болгонго аракет кылыңыз.

Ачык сүйлөшүүгө чакырыңыз.
Таарынткан адам жакын адамыңыз болсо, чакырып жекече сүйлөшүүгө аракет кылыңыз. Анткени экинчи тараптын реакция кылбаганы таарынууну ого бетер күчөтөт. Сүйлөшүүдө болгон эмоцияңызды чыгарыңыз, аны менен катар анын да оюн, жообун кунт коюп угуңуз. Тил табышууга, бири-бириңерден кечирим суроого аракет кылыңыздар.

Убакытты пайдаланыңыз.
Эгер таарынткан адам менен сүйлөшүүнү туура көрсөңүз, ага айта турган сөзүңүздү ичиңизден айтып, ачууңуз тараганча күтө туруңуз. Бир нерсеге капа болгондо көңүлдү жайгарууга аракет кылуу туура. Ошондо көйгөй анчалык деле олуттуу эмес экенин түшүнүп, сылыгыраак сүйлөп каласыз.

Баракка жазыңыз.
Эгер сизди таарынткан адам менен бетме-бет сүйлөшө албасаңыз, катка болгон таарынычыңызды жазып, ага берүүгө аракет кылыңыз. Бере албасаңыз аны сактабай, өрттөп салганыңыз туура. Бул ыкма деле жан дүйнөңүзгө жеңилдик берет.

Ыйлаңыз, ээн жерге барып кыйкырыңыз!
Ооба, көз жашыңызды аябай ыйлап алыңыз. Таарынычты ичте сактоодон ыйлап алуу ден соолук үчүн алда канча пайдалуу. Эч ким жок жерге барып катуу кыйкырыңыз. Бул да ичтеги ызаны, таарынычты чыгаруунун бир жолу.

Сырдашыңыз.
Жакын адамыңызга кимге, эмнеге таарынганыңызды айтыңыз. Же болбосо аккан сууга (суунун агымына карата) болгон окуяны айтып бугуңузду чыгарыңыз. Бул да сизге жеңилдик тартуулайт.

Таарынбай коюу өз эркиңизде.
Айрымдар «таарынта турган иш кылып жатса, кантип таарынбай коём?» деши мүмкүн. Эгер зыян тартпайын десеңиз, «бул мени таарынта турган иш эмес, болбогон нерсе» деп өзүңүздү өзүңүз тарбиялаңыз, өз жан дүйнөңүздү тазалоого аракеттениңиз.


КАНДАЙ АДАМДАР ТААРЫНЧАК БОЛУШАТ?

  • Эмоционалдык интеллекти толук калыптанбагандар
  • Өзүн өтө жогору баалагандар, бой көтөргөндөр
  • Өзүн өтө төмөн баалагандар
  • Кечирүүнү билбеген же каалабаган адамдар
  • Ишеничи акталбаган адамдар
  • Депрессияда, стрессте жүргөндөр
  • Кекчилдер
  • Түнт адамдар
  • Өткөөл курактагы балдар

Ал эми юморго жакындар, март адамдар көп таарына беришпейт. Таарынган учурда да бат жазылышат.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(11)
18.03.2019. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы кенеш рахмаат,мен стрессте журот экенмин
18.03.2019. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен кош бойлуу кезимде жакын курбума болбогон нерсе учун таарынып, телефон аркылуу ал негизсиз экенин айткан, бирок суйлошпой калдык, убакыттын отушу менен унутуп калып жолдон коруп учурашсам аябай салкын.
мен таарынбай эле жакын курбумду катуу таарынткан экенимди кеч билдим.
кечирип койчу дегим келет кайра коруп калсам.
19.03.2019. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш экен.
19.03.2019. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Көп таарынган адам менен жакындашкың да келбейт , маанайыңды буза берет эмесби
20.03.2019. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен март адам окшойм)))
21.03.2019. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лөлүнүн таарынганы өзүнүн куржунуна зыян дейт.Теманы туура койсоңор.Лөлүлөрдү ошентип айтат.
22.03.2019. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Haanykeeim, Дубана таарынса куржунуна зыян деп коёт. Лолу эмес!
22.03.2019. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таарынсам ачуулансам кир жууп, музыка угуп ичимен урушуп озумдун да куноолорумду коз электен откоруп конулум ачылып калат.
Таза кийимдерди алып деле жууй берем
22.03.2019. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бугун катталдым жакшы тушуно албай жатам жардам бериниздерчи
22.03.2019. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gul_gulum, саламатсызбы! Бул жактан жаңы катталгандар үчүн көптөгөн маалыматтар бар.
https://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=45798
Модератор admin_portal түзөттү 2019-03-22 18:16:13
23.03.2019. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ишеничи акталбай калганга кирет экенмин. Таарынчаакмын аябай эле. Кобунчо ичиме ката берем. Таарынткан адам соз баштап, мени куноолоп баштаса кыйкырып ичиме катып жургондордун баарын айтып салам. Бир кечирем эки кечирем. Кайра эле таарынта беришсе,кош бол туболукко деп коем. Бирок кайра эле ак конул элем,ким билет?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо