Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

№854 14-20-март, 2019-жыл

Аваз Акимов: «АЙДАНА ЖУБАЙЫМ БОЛГОНУНА ИШЕНЕ АЛБАЙ ЖАТАМ»

  1. 10-март күнү Бишкектеги тойканалардын биринде Айдана Деканы ата-энеси кыргыздын каадасы менен Аваз Акимовго узатып, кыз узатуу тоюн өткөрүштү. «KG-pop музыкасын өнүктүргүм келет» деген Айдананын кыз узатуу тою заманбап стилде, адатка айланган «Жар-Жарчысы» жок өттү. Тойго Нурлан Насип, Баястан, Гүлназ Чыныбек кызы, Нурмат Садыров, Алмаз Шаадаев, Джонни, Анжелика жана башка ырчылар, эки жаштын жакындары конок болушту.

  2. Алгач Айдананы атасы залга алып кирип, Авазга тапшырды.

  3. Жаңы куралган Акимовдордун үй-бүлөсү. (Айдананын атасы, эки жаш, Аваздын, Айдананын апалары)

  4. «Аваз 29 жашында үйлөнүп жатса, мен 29 жашымда Авазды Бишкекке алып келген элем. Ал 10 жашында мага келип, 20 жашында өз алдынча бөлүндү. Урматтуу кудалар, Кудай буюрса, биздин балабыз да, сиздерди «подводить» этпеген күйөө болот»,- деп ишендирип кетти Сыймык Бейшекеев.

  5. Тойлордо кыргыздын салтын аттап өтүү мүмкүн эмес. Аваз тарап калың салынган калың конвертти кудага тапшырса, Айдананын апасы Жылдыз Деркембаева кудагыйына кийит кийгизди.

  6. Тойдун алпаруучусу тамада Санжар Мыкыев Айдана менен Аваздын тун наристеси уул болуш керекпи же кызбы деп конокторду жарыштырып жаткан кези.

  7. Тойдун көркүн кыргыз шоу-бизнесинин өкүлдөрү Аваз менен Айдананын достору ачышты. Жакында ата болууга камынып жаткан Нурлан Насип досунун бактысы үчүн «Эки жаш» деген ырын аткарып берди.

  8. Кыз узатуунун эң таасирдүү жери Айдананын агасы Канат Деркембаевдин «Карындашым» деген ырын аткарган учуру болду. Ага-карындаштын сезимдерин көрүп көпчүлүк жашып да алды.

  9. Айдана апасы менен коштошуп жатат. Жылдыз Деркембаева: «Маңдайыма бүткөн жалгыз кызымды турмушка узатканыма бирде капа болсом, бирде кубанып жатам».

  10. Ошентип эки жаш жетелешкен боюнча турмуштун даңгыр жолуна аттанышты.

  11. Тойдо Айдананын көйнөгү коноктордун көңүлүн бурду. Ырчы айым бул көйнөктү атайын америкалык дизайнерге буюртма менен тиктиргенин айтты.

  12. Зал ушундай косметикалык декорациялар менен кооздолду.

  13. Блиц-маек

    – Той кут болсун, эки жаш. Айдана, зал заманбап стилде жасалыптыр. Эмнеге «Шанель» тематикасын тандадың?

    – Кыз узатуу бир жолу болот. Андыктан тойду көңүлүмдөгүдөй өткөргүм келди. Көп эле тойлорго барып, ырдап, көрүп жүрөбүз. Мен алардан кичине болсо да өзгөчөлөнөйүн дедим. Кыз узатуу кызга таандык тема болуп жатпайбы. Ошондуктан кыздар темасында деп «Шанель» брендин тандадым.

    – Турмуш жолуна аттанар алдында сезимдер өзгөчө болуп жатса керек?

    Аваз: – Үйлөнөм деп жүргөндө көп нерсе билинбейт экен. Ошол күн келгенде сөз менен жеткире алгыс башкача сезимдер болду. Кантип эле Айдана менин жубайым болуп калат деп ишене албай кубанып жаттым. Азыр деле ишене албай жатам, бир-эки күндөн кийин көнсөм керек.

    Айдана: – Тойдун башында атам менен чыкканда аябай толкундандым. Эмоциям ашып-ташып көзүмө жаш тегеренди. Мунун баары бакыттын даамы деп айтмакмын.

    – Былтыр Нурлан досуң үйлөнүп, тою бир айга созулду эле. Силердики кандай болот?

    Айдана: – Мени азыр ата-энем каада-салт менен узатып жатышат. Буюрса, 16-мартта Ош шаарында чоң той берсек, Бишкекте 26-мартта болот.

    – Жакшы экен. Аваз, үйлөнүү кезегин эми кимге узатасың?

    – Нурмат үйлөнсүн дегем, бирок сүйлөшсөк кичине көңүлү жоктой. Кийинки кезекте Данияр го
    (ред.: Эрматов), ошол жактан той жыттанып жатат.

  14. Гүлжамал Абылкасымова
    Адилет Бектуров
    Эржан Кадырбеков
    star@super.kg


"Аваз айылда жашайлы десе макулмун". Айдана Деканын кыз узатуу тоюнан репортаж

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(30)
SUPER.KG видео
12.03.2019. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаштар бактылуу болгула
SUPER.KG видео
12.03.2019. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эмнеге алып баруучу орусча дагы сүйлөп жатат? Баары эле кыргыздарго коноктор. Таң калып жатам.
SUPER.KG видео
12.03.2019. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун
SUPER.KG видео
13.03.2019. 05:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аваз бактылуу болго бирок коз жетпейт... Кийин арман кылбасан Эле адашкан экенмин деп...Айдананын апасы жакпады мага
Модератор admin_kinozal түзөттү 2019-03-13 07:39:54
SUPER.KG видео
13.03.2019. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрнист Сыдыков жылдыз оорусу менен ооруп аткан го.
18.03.2019. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бактылуу болгула !!! Кармашкан колунар эч качан ажырабасын алтындарым .коз тийбесин.
18.03.2019. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактылуу болгула Бакыттын жыты кетпейжуро берсин.
18.03.2019. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айдана назик, сулуу, созулган келин болуптур) Кудайым бактынарды туболуктуу берсин!
18.03.2019. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
бактылуу болушсун. Сонун пара
18.03.2019. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Машина алперип,салон ачып,ХХХХ жетти ))).Айдана азамат кыз экен,ХХХХ)))
Модератор admin_portal түзөттү 2019-03-18 17:57:38
19.03.2019. 05:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айданага үйлөнгөнүмо ишенбей жатам)))) Айдан түшкөнго чамасы
19.03.2019. 05:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жыл
19.03.2019. 07:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аваз аябай жакшы жигит ар бир кыздын кыялындагы мырза... завидую Айданага (белая зависть) бактылуу болгула, туболугунор туз болсун!!!
SUPER.KG видео
19.03.2019. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дароо эле кайрымдуулук кылбайбы деп баштайсынар, балким кылса кылып жатышкандыр силерге отчет бермек беле?! Уйлонуу той деген ар бир жаштын тилеги, тилегине жетсин! Силердин чонтогунордон алып жатпаган сон тапкан акчасын кандай жумшаса оздору билет да!Бактылуу болушсун!
19.03.2019. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Садага болоюн жымшыки)))) бактылуу бол иним коздоруну жакшы кором))) экоон уйлонгончо жаным жай албады тоюнарды угуп кенен уктадым.
19.03.2019. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кантип ишене албай жатасын? Лотереядан утуп алгандай суйлойт го.
19.03.2019. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болгула!
20.03.2019. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ишен Ишенишиң керек Аваз али мойнуна минет дагы тур кир жуу, десе, жуубайм деп камыр кылып отуруп аласың али
20.03.2019. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сыймык Бейшекеевди окул ата кылсанар болмок
20.03.2019. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула түбөлүккө
21.03.2019. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула туболугунор туз болсун
21.03.2019. 08:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куш боонор бек болсун!
23.03.2019. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ӨКүл атасы ким болду ошондо?
24.03.2019. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
DNurgiza,мен
24.03.2019. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
DNurgiza,мен
24.03.2019. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куш бооңор бек болсун
24.03.2019. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирок арка тараптыктар алып кетип калышат болчу жолдошторун.сен сак бол
24.03.2019. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула )
24.03.2019. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куш боонор бек болсун, бир омур бактылуу болгула!!!
24.03.2019. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакыт каалаймын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо