ЖУМГАЛДА ӨЗ ҮЙҮНӨН ЖУБАЙЛАРДЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ. АЛАРДЫН БИРИ КИШИ КОЛДУУ КАЗА БОЛГОН

№854 14-20-март, 2019-жыл

5-мартта Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында 41 жаштагы аял менен анын 51 жаштагы күйөөсү каза болду. Экөөнүн тең сөөгү өздөрү жашаган үйдөн табылган. Аялы киши колдуу ажал тапса, күйөөсү муунуп каза болгон. Күйөөсү аялын өлтүрүп, андан кийин өзү муунуп өлгөнбү? Эки адамдын өлүмүнө кызганыч себеп болгонбу? Окуяны иликтеп көрдүк.

“АЯЛДЫН КҮЧ КОЛДОНУЛУП ӨЛТҮРҮЛГӨНҮ АНЫКТАЛДЫ”

Аялдын денесинде көк ала тактар бар болгондуктан анын киши колдуу каза болгондугу аныкталган, ал эми күйөөсү киши колдуу болгон эмес деп билдирет облустук милиция. Нарын ОИИБинин басма сөз катчысы Медина Султангазиева окуя тууралуу маалымат берди:

– 2019-жылдын 5-март күнү саат 14:55 чамаларында Чаек айылынын жашоочусу Жумгал РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө айылда бирөө өзүнүн үйүндө жипке муунуп, ал эми жубайы ошол эле үйдө төшөктө жаткан бойдон каза болгондугун билдирген. Билдирүүнүн негизинде Жумгал РИИБинин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, үйдүн короосунда жайгашкан эки бөлмөлүү кампанын ичинен чөп пресстеген жипке муунуп тизелеп отурган абалда каза болгон, жашы болжол менен 45-50 чамасындагы адамдын сөөгүн табышкан.Үйдүн ичиндеги бир бөлмөдө жашы болжол менен 40-45 чамасындагы аялдын сөөгү табылган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, маркумдар Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну 1968-жылы туулган Д.К. жана ошол үйдүн 1978-жылы туулган жашоочусу А.Н. экендиктери аныкталды. Маркумдардын денелерине сырттан кароо жүргүзгөндө эркек кишиге карата күч колдонулгандыгы аныкталган эмес. Ал эми анын жубайынын денесинде көк ала тактар болуп, күч колдонулуп өлтүрүлгөнү билинген. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө маркумдар бир жылдан бери жогоруда көрсөтүлгөн даректе 1939-жылы туулган апасы Б.К. менен чогуу жашап келгендиги белгилүү болду. 80 жаштагы карыя уулу менен келини 4-март күнү урушуп кетишип, уулу келинин сабагандыгын айтып берген. Карыя андан ары эмне болгонун көргөн эмес. Кылмыштын белгилери бар болгондуктан факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси менен (адам өлтүрүү) катталды. Иш сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

"ЖУБАЙЛАРДЫН ҮЙЛӨНГӨНҮНӨ БИР ЖЫЛДАЙ БОЛГОН"

Жубайлардын бирге түтүн булатып жашап жатышканына бир жыл гана болгон. Ортосунда балдары жок. Бул тууралуу жубайлардын кошунасы Рустам Абдиев билдирди. Кошунасы окуяга кызганыч себеп болгон деп божомолдоодо.

– Каза болгон байкенин аты Кыргызбай. Аялынын аты Нуржан. Алардын үйлөнүп чогуу түтүн булатып жатышканына 1 жылдай убакыт болгон. Байкенин биз жакка көчүп келгенине болжол менен 15 жыл болду. Буга чейин үйлөнгөнүн, бир кызы бар экенин, аялы азыр башка күйөөгө тийип кеткенин айтып калчу. Жалгыз жүрүп, былтыр гана үйлөнгөн эле. Өзү банкта кароолчу болуп иштечү. Аялы үйдө отурчу. Бирок жакында эле кафеге жумушка орношконун билем. Айылдагылар “кызганып сабаптыр” деп сөз кылып жатышат.

Кыргызбай байкенин шаарда агасы аялы менен жашайт. Ошол күнү агасына чалып, “Келиниңизди өлтүрүп алдым. Эми өзүм да өлгөнү жатам. Келип, экөөбүздү чогуу коюп койгула” дептир. Анан телефонун өчүрүп салыптыр. Байкеси кошуна жашаган досуна чалып, үйүнө барып билип коюусун суранган экен. Ал досу үйүнө барып эшикти такылдатса, эч ким ачпай коюптур. Анан дарбазадан ашып түшүп үйгө кирсе, бир бөлмөдө карыган апасы отуруптур, ал баса албайт. Башка бөлмөдө аялы жансыз жатыптыр. Анан эшикке чыгып сарайды караса, байке муунуп алыптыр. Жакшы адамдар эле. Жаткан жерлери жайлуу болсун.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
18.03.2019. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коркосун го окуп алып, кудай сактаа
18.03.2019. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ажалдары жеткен экен да, болбосо кызганычты олумго жеткирбей бутуруп, аманчылыкта жашай берсе болмок. Жайлары жаннаттан болсун. Энесине жаман болуптур
24.03.2019. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өкүнүчтүү, кызганыч өлүмгө түртүптүр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо