КАЙЫР СУРАП ЖЕТИ БАЛАСЫН БАККАН ЭНЕ

№854 14-20-март, 2019-жыл

Турмуш менен алпурушуп келе жаткан биздин каарман алмончоктой, чиедей жаш балдары менен бирде ачка калса, бирде көчөдө калган күндөрү болот. Анткени баш калкалаар үйү, иштээр иши, колдоо көрсөтчү ишенген адамы жок. Балдарынын жөлөк-тирек болор аталары каралашмак турсун, дайындарын билгизбей кеткен.

“БИРИНЧИ ЖОЛДОШУМ ИЧИП КЕТИП, 5 БАЛА МЕНЕН АЖЫРАШТЫК”

– Менин аты-жөнүм Нурия Мирзаева, туулган жерим Ош облусунун Кара-Суу районунун Керме-Тоо айылы.

Тагдыр экен, 2 ирет турмуш куруп, экөөнөн тең бакыт таба албадым. Минтип 7 балам (4 уул, 3 кыз) менен батирлеп жүрөм. Балдарымдын улуусу 13тө, эң кичүүсү 7 айлык.

Алгач өзүбүздүн райондогу Папан айылында жашаган жигитке турмушка чыктым. Жашап жүргөн алгачкы жылдары күйөөм “сени да, балдарды да эч нерседен өксүтпөйм” дечү. Бирок бара-бара ичкиликке берилип, бизди карабай, бакпай калды. Баш кошуп жашаган 10 жыл ичинде 3 уул, 2 кыздуу болуп калган элек. Аларга тамак-аш, кийим-кечек, ооруп калса дары-дармек керек да. Андай маселелерге баш оорутчу эмес. Акыры үйдө уруш-талаш токтобой калганда ажырашып тындык.

Төркүнүмө барганда ошончо бала менен батыш кыйын болду. Анын үстүнө апам жүрөк оорулуу болгондуктан, ага оордугум түшпөсүн дедим. Бир туугандар өз жашоосу менен. Аргасыз Ош шаарына барып, арзан деп шаар четиндеги батирге чыктым. Ачка кала баштаганда кичүү баламды боорума кысып, мечиттин алдында кайыр суроого аргасыз боло баштадым. Ал жактан келгиче кышкысын от өчүп, балдарым тоңот же эшикке ойноп чыгып кетип ооруп калып, азаптуу күндөр башталды. Балдар ооруп калганда кайыр сураганга чыга албай коңшулардан нан, туз сурап жаман көрүнгөн күндөрүбүздү айтпай эле коёюн. Батир акчасын убагында төлөй албай калып, кожоюну чыгарып жиберип, улам бир батирге көчө баштадык. Биртке төшөнчүлөрүбүздү көтөрүнүп, күндүн ысыгы же суугуна карабай батир издейбиз. Ал күнү табылбаса, бир күнгө түнөп кетели деп ар кимге жалдырайбыз. Кыйналган жашообузду угуп туруп жолдошум да, анын ата-энеси да бизге жардам беришкен жок. Жолдошум алимент төлөмөк түгүл, дайынын таптырбай качты.

“БАЛДАРЫМ АЧКА КАЛБАСЫН ДЕП МЕЧИТТИН АЛДЫНДА КАЙЫР СУРАЙМ”

– Ошентип өлбөстүн күнүн көрүп жүргөндө 2015-жылы аксылык экинчи жолдошум менен таанышып, ага турмушка чыктым. Анын ата-энеси баш кошуубузга каршы болушкан. Ага болбой жашап алганыбызда деле күндө телефон чалып чакырып, ортобузду буза бергендерин коюшпады. Ал күйөөм устачылык кылып иштеп, аз болсо да акча тапчу. Бир балалуу болгонубуздан кийин кетип калып, кайра кайрылып келди. Дагы бир балалуу болдук. Туугандары жанын койбой жатып акыры бизди 2018-жылы ажыраштырып тынышты. Ошондон бери ал балдарына карап да, жардам да берип койгон жок. Балдарына карабаган таш боор аталарды өз күйөөлөрүмдөн көрдүм.

Эми 7 балам менен кайрадан өз тирилигимди өткөрүүгө туура келди. Кайра эле Ош шаарынын четиндеги батирлердин бирине чыгып, ошол жерде кыштадык. Меши жок болгондуктан кенедей кылып эптеп өзүм меш салдым. Бирөө 10 кап көмүр берди, алгач ошону жактык. Ал түгөнгөндө акча болсо 1 мүшөктөн көмүр алып, болбосо 1-2 күндөп суук тамда жашап кыштан чыктык.

Акча таап, балдардын курсагын тойгузуу үчүн кайра эле мечиттин алдына кайыр суроого чыктым.

“ҮЧ БАЛАМ ООРУКЧАН”

– Ушундай кыйынчылыкта жашап жүрүп, балдарым кеч окуп калышты. Улуу балам 7-8-класста окуп калышы керек эле, азыр кичүүсү менен 5-класста окуйт. Бир кызым 3-класста окушу керек болсо, ал да кичүүсү менен 1-класста окуп жатат. Төртөө тең Ош шаарына жакын конуштагы мектепке эл ташыган кичи автобустар менен барып-келип окушат. Аларды жол кире, мектепке керектүүлөр менен камсыздоо кыйын. Кээде бирөөлөр тамак-аш же кийилген кийимдерин таштап кетишет. Азык-түлүк жок, 2-3 күндөп ысык тамак ичпей, нан, чай менен калган күндөрүбүз болот. Айла жок, куксиден алып келип берем. Жалгыз бой аял болгондуктан балдарыма баш-аягы 6000 сом жөлөк пул чыгат. Батир акысына 3000 сом, электр энергиясына, сууга төлөш керек. Кайыр сураганда деле кээде көбүрөөк акча болсо, кээде 50-60 сом эле болуп калат.

Балдарым көп ооруйт, врачтарга убагында көрсөткөнгө чамам жок. 7 айлык кызымдын курсагы тойбойт, кургак сүт алып берем. Сүткө да кээде акча таппай калам. Ичи дайыма катып ыйлайт. Бат-бат тумоолоп ооруйт. Бир кызым отурган жеринде уктап кала берет. Сөзгө да көп түшүнбөйт, кайталап айтсаң деле жалдырап карап отура бермейи бар. 9 жаштагы кызымдын колдорун жара басып кеткенине 4 жыл болду. Врач бир дары май жазып берген, аны сыйпасак кетпей койду. Жарасы ай сайын жаңырат, кычыштырат. Өзүмдүн да башым, бөйрөктөрүм көп ооруйт.

Былтыр эң кичүү кызымды төрөйүн деп калганымда социалдык кызматкерлер, мектеп директору келип “балдарыңды балдар үйүнө өткөрөбүз” деп ызы-чуу салышты. “Кыйналсам мен кыйналып жатам, силердин эмнеңер кетти? Алып кетип эле көргүлө, колуңарга өлүп берем!” деп жатып балдарымды алып калдым. Суу ичип жашасак да балдарым жанымда болуп, бирөөнүн жаман сөзүн укпаса, кордугун көрбөсө деп тилейм.

2013-жылы Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө барып, “жер тилке бөлүп бергиле” деп арыз жазгам. Алар жер тилкесине чечим чыгарып бергени менен, жылда барсам, “жер бөлүнө элек” деп кетиришет. Жер тилке бөлүп беришсе балдарым менен эптеп дубалын тургузуп кепедей болсо да үй салып алмакмын.

Пенде болгондон кийин жардам берчү адамдар чыгып, жашоом жеңилдеп калар деп үмүттөнөм.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(36)
18.03.2019. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
Алдын ала кечирим сурайм катуу тийсе. 5балан арсар болуп атканда, экинчи куйоого бок барбы? Куйоону ойлобой алынын жетишинче иштеп 5баланын келечегин ойлобойсунбу? 5+2=7. Тууйт десе эле тууй бересинер, ырыскысы менен туулат деп. Алардын келечеги менен ишинер жок. Мектеп, универ анан жакшы иш, жакшы жашоо болот да. Эптеп эле олбостун кунун коруп чоноюп алса болдубу? Эми эмне демекмин болор иш болгондон кийин. Жети балана бактылуу балалык. Озуно бекем ден соолук.
18.03.2019. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
begim1002,Туура айтасыз,баарыбыз эле темселеп бала багабыз деп журобуз.
18.03.2019. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Беш бала менен эрге тийип, дагы экоону ашырып алганына кантесин кудай ай. Балдаргале убал го. 21кылым сыртта люди ойлонгулачы. Ар бир бала бактылуу балалык коргонго укуктуу. Сактангылачы айланайындар сактангылачы. Коенго окшоп эле тууй бербей.Салып койгон хан сарайын, басып койгон алтынын болсо да бир жон бала бакканга акыбалым жетет дейсин. Уйундо кок чычкак улак жок, анан эле чубалжытып тууп алып наристелерди азапка салып атасынар.
18.03.2019. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жогорудагыларга мен да кошулам. Тооба кылдым куйоон ичип уйдо уруш талашышып башталганда эле сактана бербей и десен.
18.03.2019. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Баатыр эне наамын берип,окмоттон тузук эле жардам болгудай акыбалда экен.
18.03.2019. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
5 бала менен экинчи жолу турмуш курбай эле койсо болмок экен. Анан дагы экинчиден төрөбөй кое турса деле болмок. Балдарга бооруң ооруйт!
18.03.2019. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кудай сактасын ,ошон учун не количество а качество,кылып торош керек да ,орукчан кылып аларды да кыйнап озунуз да кыйналып,
18.03.2019. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бутунарды ачып берээрде жок дегенде сактангыла аялзат!Балдар ушундай кембагал жашоого татыктуу беле?!Балалык эмнеси мн таттуу?Бал токоч,туркун тустуу оюнчук,жомоктогудай кооз,аруу балалык сезим менен!Эй,аялзат бытыратып туубай ойлон баландын келечегин!!!!
18.03.2019. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Эми талап кетпегиле мени
Бирок интернатка берип койсо болмок. Биринчиден ,билим алышмак. Экинчиден ал жакта жаманбы ,жакшыбы уч маал тамак беришет. Учунчудон ансыз деле озу да кыйналып,балдарын да кыйнап атыптыр. Каникулда алып жанына карап турса болмок беле . Же ошол жерге жакын жашап,кундо коруп турса болот эле да. Эми айла жоктон айтып атам да. Анан бешти торогондон кийин спираль салдырып алса болмок экен врачтар деле айтпайбы эмне ,ай кыйналып каласын мынча бала менен,же уй жайын болбо
18.03.2019. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Азыркы заманда аялы да иштеп,куйоосу да иштеп жакшы жашагандар дагы жети баланы оной менен бага албайт. Эми балдарына эле кыйын . Кыргыздын эр азамат кен пейил адамдары чыгып каллаар ,жардам бкрип кол сунган
18.03.2019. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жогоруда айтылган создорго 100% кошулам. Балдар кийин "бактылуу балалык" эмне экенин суроттой албай, жаза албай нес болушат. Ооба, бизде турмуш шарты оор үй булолор кобойуп баратат. Балким, менин бул оюмду туура эмес короорсунор, бирок тиги кечке эле интернетти жарып зангыратып той откоруп жаткандар ошол тойго кетчу каражатын ушундай үй булолорго жумшап коюшса, балдардын дуасын Жаратқан туптуз кабыл алат деп айтылат, омуру откончо аларды дуа кылып отушмок, чоооон сооптун астында калышм
18.03.2019. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бала бактылуу уй булоодо торолушу керек!бардыгыбыз бала деп журсок крк, элден умут кылбай алдыга умтул торошту билгенден кийин аларды багышты да билиш керек.
kyrgyzstan_93 түзөттү 2019-03-18 20:51:36
18.03.2019. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Баарынар эле акылдуусунуп суйлойсунор го.Балдарды тороп анан дагы аларды багып тарбия берип аткан эне куноолуу экен да ээ. Эмне учун биринер дагы эр соройун тилдебейсинер...
19.03.2019. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Зачем экинчи жолу турмушка чыгып!!!
19.03.2019. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
baboskin,баарынар эле акылдуусунар бул келин деле баардык аялдардай куйом болсо экен куйом менен бактылуу болуп балдарыбызды тарбыяласак деп кыялданганда, эрге тийип ушул менен ажырашып эптеп бала ашырып алсам деп тийет Беле
Domui түзөттү 2019-03-19 20:07:16
19.03.2019. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллах сизге, балдарынызга бекем ден соолук берсин. Балдарыныз чоноюп сизди алакандарында баккан кун келет. Уммотордун коптугу м.н сыймыктанышыбыз к.к. Жаман создорунорду суйлоп жанды кейитпей жакшы тилектеринерди айтып койгула. Жакшы соз оозунардан чыкпаса унчукпайле койгула. Тагдыр деген бар. Аллахтын жазганы болот. Аллах сабр берсин.
19.03.2019. 07:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баланын келечегин кура албай жети бала торогонуно жол болсун, балана татыктуу жашоо кура албасан зачем тороп!!!
19.03.2019. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Болоор иш болуптур тороптур. Силер айтсаңар эле кайра экөөнү ичине салып алмак беле? Окмот карасын. Баксын ошондойлорду. Эл жардам берет.Окмоттогулор ичет жейт. Окмоттон талап кылалы
19.03.2019. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жети жолу боюмда болуп, жети жолу аборт кылдырдым десе жазмаксыңар да торой бербейт белен өз ырыскысы мн чоңоймок деп.Алла таалам көрүп таразалап берет. Жөн эле кыйын болбогула!
semizkyz түзөттү 2019-03-19 12:59:02
19.03.2019. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Таба эмес тоба кылам, бирок...5 бала менен 2 эрге балээ барбы.7 баланы тороп аларды оорутуп , майып кылып, курсагын тойгуза албай кыйнап, кочодо кайыр суратып...Бул балдар келечекте ким болуп чоноюшат?Куш уяда нени корсо учканда ошону алат дейт эмеспи, бул балдар да энесинин жашоосун кайталап 5-6дан балалуу болушса, алар да апасына окшоп балдарын бага албай кыйнаса...Интернатта эч болбосо жылуу жер, даяр окуу.Ар муздак жерде калтырып ден- соолуктарынан айрылтканча, интернатка берип коюп, иште...
19.03.2019. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Өкүнүчтүү.Таштап кеткен эр сөрөйлөрго Аллах жазасын берсин.
19.03.2019. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
(( байкуш бир кызын созго тушунбойт дептир( кичуусуну ичи катып ыйлайт дейт журогум 10антарылды.байкуш жожолор ай( эки куйоосунун туугандары кандай адамдар ойлонбогон?! Торобой эле койсо болмок экен айылындагы мед пункттарга барып абалын тушундурсо спираль салып беришмекда! Келин жаман куйоосу жаман ичет экен, бирок байкуш балдарга каралашпаган чон ата чон апа туугандары жокпу?!(((
20.03.2019. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кр.да мыйзам жакшы иштебейт. Эженин куйоосун билбейм не дешти. Бирок кайн журт деген нерсеси кандай адамдар. Тушунбойм да ушул. Макул ар бир инсан озубузго ынсап берсин. Жакшыы кундор алдыда. Эрсоройлорго талап мыйзам чегинде жоктугунан аял киши запкы жеп келе жатат.
20.03.2019. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иши кылса эми күйөөгө тийбе да
20.03.2019. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mindai akilsiz aiyaldarga jardam da bergin kelbeiyt toroit degen ushu dep ele jatip alip toroi beresinbi baldarga boorun ooruit
21.03.2019. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Окмот мыйзам киргизиш керек! Азыр ажырашуулар коп болуп жатат. 2 баладан кийин ажырашса соттолот деген. Ээх бирок катуу тартип керек. Ошондо эркектер бир аз болсо да акылына келмек , болбосо куноо аялдарда болуп кала берет
21.03.2019. 04:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне торойсун
21.03.2019. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир үй-бүлөнү билем, кайын журтум тараптан. Убагында өз туугандары тоготчу эмес экен эле, аябай кыйналып жашаган, менин чоң кайненем каралашып турушчу экен. Азыр алар чоңоюшуп, кечээ үйгө келиптир тапкан тарынганын көтөрүп, тоготпогон туугандары алаканына салып тосуп алышты го чиркин. Буюрса эженин дагы келечегин ошондой оңолот деп ишенем.
21.03.2019. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээххх, тообо кылдым. Биздин эркектер куру эле намыстанышып, кыздарыбыз ар элге тийип атат дешет. Ар элдин эрлери уй-булосун таштап, балдарын карабай койбойт да, кыргыз эркектерине окшоп, ошон учун башка кыздар, балким, качып аткандыр силерден. Жаш наристелерге боорум ооруп атат, бейкуноо балдардын ушундай азапты коруп жаткандарына. Кудайдын улуу, майрам кунундо бекем ден соолук, токчулук, молчулук каалайм бул уй-булоого.
22.03.2019. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коментарийлерди окуп тан калдым. баары эле акылдуу! жардам берейин дегендер корунбойт. он сомдон берсенер да кыйла жардам болмок. ал эми окмот азыр озу жардамга муктаж болуп турат го...!
23.03.2019. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эже капа болбонуз го, бирок бага аламбы деп анан торосонуз жакшы болмок, наристелерде не куноо. Мен да турмушка чыгып жолдошумдун уй жайы жок экенин билип кой биринчи уй жай кылып, балдарга шарт тузолу анан торойм деп россиялап иштеп уй жай алып эми катар катар тороп жатам, балдарым уй жок кыйналбасын деп, эрге ишенгиче эки босогого ишен дейт, катуу айтсам кечирин
24.03.2019. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Катуу айтсам капа болбонуз,азыркы заманда беш бала эмес бир баланы багыш кыйын болуп турган маал. Эже биринчиден мен сизди куноолойм же кечиресиз, келечегин ойлогон адам бешти эмес бирди торогондо эле ойлонот да кантип чонойтом деп,балалуу болууга не жетсин бирок, эгер туура тушунсонуз балдарынызды интернатка бериниз ал жакта билим алышат ден соолугуна карашат. Сиз таштап кеткен жоксунуз барып кабар алып турасыз. Ансыз озум чонойтоп деп ыссык суука алып журуп оорукчан кылып коёсуз. Сизге сабыр.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо