№854 14-20-март, 2019-жыл
Абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун апасы Кадижан Максутова Бишкектеги ооруканалардын биринде 7-мартта каза болгон. Аны жерге берүү зыйнаты Түп районунун Кең-Суу айылында өттү. Апасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына барган абактагы саясатчы Садыр Жапаров 12-мартта Бишкектеги СИЗО-1ге алынып келди. Бул тууралуу саясатчынын жактоочусу Шарабидин Токтосунов кабарлады. "Жапаров апасына топурак салган соң Каракол шаарындагы убактылуу кармоочу жайга жеткирилген болчу. 12-март күнү Бишкектеги СИЗО-1ге алынып келди. Өзүм кирип жолугушуп чыктым, ден соолугу жакшы. Бир-эки күндөн кийин Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1 колонияга жеткирилет",- деди Токтосунов.
Садыр Жапаров 2017-жылы "бийлик өкүлүн барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-4
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |