КӨРҮНҮКТҮҮЛӨР КЕЧЭЭ ЖАНА БҮГҮН

№402 16-22-июль, 2010-ж.

Убакытты артка кайтаралбайт турбайбызбы. Арадан мезгил өтүп, жылдар жылып кете берет. Мезгилдин бизге баш ийбегенине сүрөттөр далил. Аны төмөнкү сүрөттөр да тастыктап турат.

АЗАМАТ ЭРКИНБАЕВ
Алгач Эдил деп тааныган угарман-күйөрмандары Эркинбаевдин “Арзуу” берүүсүн угуп алып, жүзүн көрүүгө ашык болушчу. Бир аз тыным алган соң бул жигит өз ысымы менен Азамат болуп чыга келди. Мурунку Эдил менен азыркы Азаматтын айырмасы сүрөттө көрүнүп турат.

БЕГИМАЙ ЭСЕНГУЛОВА
Мектеп курагынан баштап эле ырдай баштаган Бегимай Эсенгулова 18ден 19га ооп, толукшуп турган кези. Алгач сахнага чыккан кезиндеги Бегимай менен азыркы керилген Бемада да чоң өзгөчөлүк бар экен. Минтип өзгөрүүнүн себеби, балким,таеже-продюсеринендир же мыкты стилисттин колунан бекен?..

АЙЖАМАЛ КАБЫЛОВА
“Кыз-Буракка” татына жүздүү, кыска чачтуу Айжамал келгенде көп жигиттер "ала жат" деп эле ашык болуп калышкан эле. Айжамал көп жигитти артынан чуркатып жүрүп акыры Өзгөнгө келин болду. Кыска чачы узарып, карарып эмес, саргайды дегендей. Учурда уул-кыздын сүйүктүү энеси Айжамал жолдошу Азамат экөө Москвада жашап жүрүшөт.

МИРБЕК АТАБЕКОВ
Мирбек биринчи сүрөттө шоу-бизнеске жаңыдан кадам таштаган убагы. “Сени гана” аттуу ыры хит боло электе досу Азиз Жетигенов экөө “Жүзүң” аттуу ырды дуэт аткарып, “Улуттук хит параддан” жакшы эле орунду алып жүрүшчү. Карабайсызбы, мезгил өтүп, Кыргызстандын жаштары арасында №1-ырчы болуп чыга келбедиби. Эми БУУнун ыктыярдуу элчиси болгону жатыр.

ЭРМЕК НУРБАЕВ
“Браво” деген сөздү жүз кайталоо менен бир кезде аталган көрсөтүүнү алпарган күлкүчү жигит азыр “Тамашоуну” түптөдү. Ошондогу Эрмек менен азыркы Эрмекбайдын айырмасы – бир аз курсак салып алганында. Күлкүчү жигиттин өзгөчөлүгү ууртундагы уячасында белем. Анткени ушул уяча көп адамдарга өзү айткандай сонун, жакшынакай, күлкү тартуулайт.

НЕЛЯ
Неля сахнаны аттагандан бери бирде чачын кызылга, бирде сарыга, айтор, узартып, кыскартып отуруп акыры кара чачтуу айымга айланды. Ошентип, өзүңөр билгендей Таластын татына келини, Урматтын байбичеси, Нурэлдин апасы болду. Адатта энелер бала менен жүдөп кетет эмеспи, тескерисинче, Неля жүдөбөй эле чыгармачылыкка да, өзүнө да катыра кам көрүүдө.

Бурул Исмаилова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  18 
Комментарийлер(8)
19.07.2010. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле аябай озгорушуптур. Озгочо Бегимай Эсенгулованы коруп алып, оозум ачылып калды. Коллегам келип оозумду жаап койду. Ошондуктан сиздерге айтаарым, мурун ким элем,азыр ким болдум дегенди унутпасаныздар экен!!! Жон эле асманга учуп кетпей!!!
19.07.2010. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрмек Нурбаев мурун жакшынакай экен, азыркысына салыштырмалуу
20.07.2010. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрмек Нурбаев биртике тренажерный залга барса ашыкча болбос. Анан дагы мен honey кошулам.
20.07.2010. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирбекти карап кой, Неляда чон озгоруу байкалган жок. Бирок барибир баарыбызды эле убакыт оордубузга койуп коёт тура...
24.07.2010. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акыркы убакта Мирбектин мурунку суротун коруп колунумду которчу болдум))) коз карашы))))
17.08.2010. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
не вижу разницы(((
15.06.2011. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атабеков, такой смешной ))
22.09.2011. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эдил Эркинбаевдин ушул суротун коруп кулкум келе берет, уну угуп жактырчумун. Суротун коруп жаман коруп калдым дебейм. Бирок азыр тушунсом ото эле жасалма суйлойт экен эле. Айдан тушо калгансып анкоолонуп калганына ото тан калам. Азыр унун уксам дароо очуром, Тумардагы башка балдарды да озунун унундой тарбиялаптыр, окшош.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо