КСЕНИЯ СОБЧАК ЖОЛДОШУ МАКСИМ ВИТОРГАН МЕНЕН АЖЫРАШУУ СЕБЕБИН АЙТТЫ

№855 21-27-март, 2019-жыл

Акыркы кезде Орусиялык телеалпаруучу, саясий ишмер Ксения Собчак менен жолдошу, актёр Максим Виторган ажырашты деген кептер айтылып келген. Жакында алар бул кептерге чекит коюп, ажырашканын тастыкташты. Ксениянын айтымында, экөөнүн бири-бирине болгон нааразычылыктары, түшүнбөстүктөр ажырашууга жеткирген. Ал Лера Кудрявцева алып барган берүүгө конок болуп, жеке жашоосу тууралуу төмөнкүлөрдү айткан: “Сүйүү бул гүл сыяктуу. Анын гүлдөп турушу үчүн дайыма суу куюп туруу керек. Сүйүү бир күндө өчүп калбайт. Болгону, сен сууну күндө куйбай калышың мүмкүн. Бул жалпы жоопкерчилик. Кээде ал туура эмес иш кылышы мүмкүн, сен кыйкырып салышың ыктымал. Ушунун баары чогулуп отуруп маанилүү нерсени өлтүрөт”. Ошондой эле Ксения Максим экөө уулу Платонду чогуу тарбиялап өстүрөрүн жана ага экөөнүн фамилиясын беришкенин кошумчалай кеткен.

Эске салсак, Максим менен Ксения 2013-жылы баш кошушкан. Ортосунда Платон аттуу 3 жаштагы уулу бар.

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(2)
25.03.2019. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Собчак кетти эле го Богомоловдун артынан,эми бул айымдын жургон жери скандал да,тан калып деле кереги жок!
25.03.2019. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Виторганды Собчактын аркасынан жыргап алды дешет экенго окендер. Учакта бизнес класска биринчи жолу учуп корду, бир канча кыймылсыз мулкторго ээ болду. Биринчи никесиндеги балдарын чет олкого окууга жиберди. Озу театр актеру болсо. Кыскача айтканда Ксюша акжолтой келинчек болуптур да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо