№856 28-март - 3-апрель, 2019-жыл
Жаштык, ойноок сезимдер, көпкөнчүлүк... Өкүнүп убакытты артка кайтара алсам кана?! Анда баары башкача болбойт беле.
Бир үйдүн жалгыз эрке баласы болуп өстүм. Ата-энем мени канатына калкалап жүрүп чоңойтту. Менин кежирлигимди атам менен апам гана көтөрүп, карегим менен тең айланып, мени көкөлөтүп турушчу экен. Эсимде, мектеп жашында “Sega ойнойт элем” деп бир күн чыр салгам. Тамак да ичкен жокмун. Апам менин ачка жатканыма тынчсызданат. Мен болсо көшөрүп ордумдан жылбайм. Ушундай түрүмдү көрсүн деп атамдын келишин күтүп жатам. Атам келип эле: “Кой, балам, турагой, эртең алып келип берем. Азыр андан көрө тамак ичип алчы",- деди. Анда менде акчасы барбы, жокпу деген ой деле болбоптур. Эртеси шаарга барып Sega алып келип берди. Азыр ойлосом, көзүмдү караган сайын ого бетер күчөп, чеги жок эркелептирмин.
9-10-класстан эле кыз жандап улам бири менен сүйлөшүп, аларга белектин түрүн бердим. Эч ким мени “кой” деген жок. Ошентип мектепти да аяктадым. Кайда тапшырам деп ойлонгон деле жокмун. Ата-энем өздөрү эле чуркап Бишкектеги Юридикалык академияга өткөрүштү. Шаарга бат эле көндүм, жаңы досторду күттүм. Досторумдун баары байдын балдары, акчалуу, көбүнүн унаасы бар болчу. Алыма жараша эле болсом эмне. Мен да алардан кем калышпайын деп ата-энеме талабым күчөдү. Апам тигүү цехинде, атам курулушта иштеп жатты. Керели кечке жан далбастап иштеген акчасын мага жумшашат. Мен ошонун бирин билсемчи?!
Бирок Айжан мени өзгөрттү. Аны менен көчөдөн таанышып калгам. Ал мени тазалыкка жетелегендей болду эле, бирок достордун “бир кыз үчүн бизден кол үзүп кеттиң го” деп намыска тийген сөздөрү мени көнгөн жашоого кайра алып келип койду.
Жаздын алгачкы күндөрүндө апам катуу ооруп ооруканага жатып калды. Апамды жоготуп алам деген ой кайдан болсун? Апамдын оорусу өтүшүп кетиптир... Ошондо чындап корктум.
Таң. Мени бүтүндөй эңшерилткен ошол таң! Эстесем, азыр да көзүмдөн жаш тегеренет. Атам менен таежемдин чуу көтөргөн үнүнөн ойгонуп кеттим. Апамдын бетин жаап коюшуптур. Андан кийин эмне болгонун билбейм. Көзүмдү ачсам ызы-чуу, өкүрүк үндөр кулагыма жаңырып жатты. Ишенген жокмун, бирок апамды жерге берип, өз колум менен топурак салганда жан дүйнөм сыздап өзүмө-өзүм батпай турдум. Апамдын ак эмгегин актай албадым, ал тургай тилин угуп, ыйбаа кылып, сый-урмат көрсөтүп маңдайын жарылта сүйүнтө алган жокмун. Туугандар жай-жайына кетип, үйдө атам экөөбүз тиктешип кала бердик. Үйдүн нуру өчтү...
Атам күндөн-күнгө көп иччү болду, жашоо ага бир тыйынчалык да болбой калды. Көпкөн жашоонун азабын эми тарттым. Окуум ара жолдо калды. Өмүрү иштебей жүргөн жаным куруучулардын катарына кошулдум.
Айжан менен кээде сүйлөшүп калчумун. Ал мага кайрат айтып, абалымды сурап, сөз менен болсо дагы мага кам көрүп, менден кол үзгөн жок. Мезгил мени туура жашоого кайтарды, бел байлоого үйрөттү. Кайрадан Айжан менен кезигип, мамилени жандандырып жашоого башкача көз караш менен карай баштадым. Акчалуу достордун дос деген эле аты бар экенин түшүндүм. Азыр эми үйлөнүү алдында турам. Апамдын жоктугу, атамдын жашоого кайдыгер абалы өтө сезилип жатат. Апамсыз жашоо кандай жаман, кандай оор, кандай жагымсыз экенин сөз менен жеткирүү кыйын. Апам болсо, маңдайы жарыла кубанып, ак жоолугун, көшөгөсүн даярдап, буту-бутуна тийбей тойго кам уруп жүрбөйт беле?!
Энеке, жакында уулуң үйлөнгөнү турат, бирок сиз жок. Үйдү, мени, баарыбызды томсортуп сиз жок, кандай той болот, билбейм...
Эрмек
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
4 классымда Спортивный Велик алпер деп ыйлап атып алдырып алгам анда атам да апамын жанында эмес болчу базардан кетпей койгонуман алып берген, ал великти кузго чеин талкаладым 5 классымда дагы велик алдырдым кайдан акча тапты билбейм апам биродон карыз алып сатып берди окшойт, анда атам уйдо эле неге алып бересин деп уйдо жанжал болду, кийин Телефон чыкты аны алдырдым класста эн жакшы телефон меники болчу сенсорный нокиа 5530 жаны чыккан эле ошону алып бе
Кудай кааласа жалгыз уул берет,кааласа эч кимди бербей да коёт бир тырмакка зар кылып.Башыңдан көп нерсе өтө элек окшойт,"чоң"сүйлөбөй кеч боло электе тообоңо кайт.
Армиядагы эркетай жигит,балким окуп калаарсың.