Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БОРБОР АЗИЯДАГЫ АМЕРИКА УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАҢЫ МУУН АКАДЕМИЯСЫНДА АКЫСЫЗ БИЛИМ АЛУУГА СЫНАК

№856 28-март - 3-апрель, 2019-жыл











Борбор Азиядагы Америка университетинин (БААУ) Жаңы муун академиясы (ЖМА) бир жылдык интенсивдүү жогорку окуу жайларга даярдоочу окуу программасын сунуш кылат. ЖМАнын негизин англис тили, тестирлөөгө даярдоо курстары (TOEFL pBT/iBT), академиялык жазуу жана математика сабагы түзөт. Окуудан тышкары академиянын студенттери орус, кыргыз тилдерин окуу менен бирге, БААУнун студенттик ийримдерине катыша алышат.

Сынакка бардык орто билим берүү окуу жайларынын – орто мектеп, техникум, колледж жана институттардын быйылкы окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү катышууга чакырылат. Сынактын жүрүшүндө Кыргызстандын 7 дубанынан окууну ийгиликтүү аяктаган 25 бүтүрүүчү Жаңы муун академиясында 2019-2020-окуу жылында БЕКЕР билим алууга мүмкүнчүлүк алат.

ЖМАнын стипендиялык программасы студенттердин бир жылдык окуусунун толук наркын, студенттик жатаканада жашоосун жана ай сайын берилүүчү стипендиясын каржылайт.
|
ЖМАнын СТИПЕНДИЯСЫНА ТАНДОО ТАЛАПТАРЫ:

• Кыргызстандын жараны болуу.

• Орто билим берүү окуу жайын ийгиликтүү аяктоо же бүтүрүүчү класста/курста окуу.

• Англис тилинде орто деңгээлде жазуу жана сүйлөө.

• Финансылык талаптарга туура келүү.

ЖМАнын СТИПЕНДИЯСЫНА ТАПШЫРУУ ЖОЛДОРУ:

I баскыч:

2019-жылдын 20-майына чейин ЖМАнын атайын толтуруу формасын жана бардык талап кылынган документтерди ЖМАнын башкы бөлүмүнө алып келип тапшыруу.

II баскыч:

2019-жылдын июнь айларында жарым финалчылар англис тилинен тест тапшыруу жана маектешүүдөн өтүү.

МААНИЛҮҮ:

ЖМАнын стипендиясынын атайын формасын ЖМАнын сайтынан же ЖМАнын кеңсесинен (420-кабинет) алууга болот.

Керектүү документтер жөнүндө толук маалымат ЖМАнын www.nga.auca.kg сайтында жазылган.

Сезим Алтынбек кызы, ЖМА’15 БААУнун журналистика жана массалык байланыштар факультетинин 4-курсунун студенти:

– ЖМАда окуп мен башка инсандарды угуу жана баарлашууда өз ойлорумду угуп турган адамдарга толук жеткире билүүгө үйрөндүм. Окуу жылында англис тили жана математика сабактарынын сыйкырдуу дүйнөсүнө саякат кылууга мүмкүнчүлүк алдым. ЖМА мени кыялданууга, алдыма койгон максаттарымды талыкпастан ишке ашырууга үйрөттү.

Нурмухамад Туркбаев, ЖМА’17 БААУнун бизнести башкаруу факультетинин 1-курсунун студенти:

– Жаңы муун академиясы даярдоо программасы катары менин инсандык өнүгүүмдө жана өзгөрүүмдө абдан чоң салым кошту. Мен өзүм билбей жүргөн ички мүмкүнчүлүктөрүмдү жана сапаттарымды ача алдым. Дебат ойноого кызыгып, БААУда жана Борбор Азиядаягы университетте өткөн дебаттык сынактарга катышып өз күчүмдү сыноого жетиштим. Ал гана эмес, Душанбе шаарында өткөн дебаттык оюндарда мыкты оюн көрсөтө алдым.

БАЙЛАНЫШ ҮЧҮН МААЛЫМАТ:

Бишкек шаары, Аалы Токомбаев көчөсү, 7/6

Борбор Азиядагы Америка университети,

Жаңы муун академиясы, 420-кабинет.

Тел.: 0312 91 50 00 (485/486) жана +996 554 550 939

Электрондук дарек: nga@auca.kg Сайт: www.nga.auca.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо