UFC МУШКЕРИ КОНОР МАКГРЕГОР СПОРТТОН КЕТТИ

№856 28-март - 3-апрель, 2019-жыл

26-март күнү ирландиялык бейбаш мушкер Конор Макгрегор чоң спорттон кеткендиги тууралуу өзүнүн социалдык баракчасына жазды. “Спорттон кетейин деп чечтим. Эми пенсиядагы мушкерлердин катарына кошулдум” деп жар салды. Акыркы жолу Макгрегор өткөн жылы 6-октябрда Хабиб Нурмагомедовго жеңилип калган эле. Андан бери Конор өзүнүн вискисин чыгарып, бизнес жаатына ооп кеткен. UFC уюмунун президенти Дэйна Уайт “Анда акчасы да, вискиси да бар. Анын ордунда мен дагы ушундай кадамга бармакмын” деп белгиледи. Ал эми Хабиб “Жунглиде бир эле падыша болуш керек” деп тийише кетти.

Бирок мушкердин бул кадамы көпчүлүктү таң калтырган жок. Конор карьерасын биринчи жолу жыйынтыктаган жок. Ал Нэйт Диас менен реваншка чыгуу үчүн сүйлөшүүлөрдө ушундай кадамга барып, UFC`ни коркуткан эле. Анда UFC Диас менен экинчи беттешти уюштуруп берген. Андыктан күйөрмандар миллиондоп саналган сунуш түшсө Конор бат эле октагонго кайтып келет деп ишенишүүдө.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо