Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЙЫРМА МИҢ БӨТӨЛКӨДӨН КУРУЛГАН КҮНӨСКАНА

№857 4-10-апрель, 2019-жыл

Иш сапарыбыз менен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Совет айылына барганыбызда өзгөчө күнөсканага кез болдук. Анткени ал жалаң бөтөлкөлөрдөн тургузулуптур. Анын ээси бизге буларды айтып берди.

Хусанбай Хайдаров, 60 жашта:

– Мен илгертен устачылык, багбанчылык менен алектенип, курулуштарды да куруп келем. 3-топтогу майыпмын. 3 балам, 6 неберем бар. 6 жыл мурун башыма жалаң бөтөлкөдөн күнөскана куруп, кышында да өзүбүздү жашылча менен камсыздоо идеясы келди. Ошентип элден 1 жыл бөтөлкө чогулттум. Күнөсканага 17 түрдүү 20 миң бөтөлкө кетти. Сол колумдун 3 манжасы жок экенине карабай бөтөлкө, темирлерди ташып, куруп чыктым. Манжаларымды 1986-жылы пилорамага алдырып жибергем. Күнөскананын ичи кооз көрүнсүн деп ар түстөгү бөтөлкөлөрдү гүл формасына да келтирип тиздим. Эл башында бөтөлкөдөн да күнөскана курулчу беле деп ишенбей жаткан. Эми болсо айылдагылар бул күнөскана менен сыймыктанып, сырттан келгендердин баарын ушул жерге алып келишет.

Негизи бөтөлкө ысыкты жакшы кармайт жана да 500 жылга чейин эч нерсе болбой тура берет экен.

Күнөскана куруу үчүн жерди 4 метр терең каздым. Кышында ичи жылуу болсун деп 2 метрине көң, бакал, таарынды, топон таштап, толтурдум. Анан бийиктиги 40 сантиметр келген пайдубал куюп, үстүнө бөтөлкөлөрдү тизип, кафель клейлери менен жабыштырып, күнөскананын дубалын тургуздук. Жалпысынан күнөсканага 52 мүшөк кафель клейи, ысык суу системин киргизгенге 70 000 сом, суу түтүктөрүнө 20 000 сом, темирлерге 80 000 сом, үстүнө жапканга клеёнкага 150 000 сом кетти. Куруп бүтүп кышында түрдүү гүлдөрдү өстүрүп, жаз келгенде ар бирин 10-15 сомдон 50 миң түп гүл көчөт саттым. Кийин күнөсканамда лимон, анжир тигип, элге сатканга гүлдөрдү, бадыраң, помидор, болгар калемпирин эктим. Ошодон бери ошолорду өстүрүп, көбөйтүп, сатып келем.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(3)
08.04.2019. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
08.04.2019. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун экен
09.04.2019. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмгек деп ушуну айтыш керек. Иштесен тиштейсин,аракет кылсан берекет. Адал эмгек мандай тер менен тапкан акчаныз берекелуу болсун,башкаларга улгу болунуз. Омурунузго береке!
Nurkyz1977 түзөттү 2019-04-09 17:49:27
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо