№858 11-17-апрель, 2019-жыл
Өндүрүлгөн дандын пайдалуулугу жана күчү байыртадан белгилүү. Алсак, кыргыз эли бүгүнкү күнгө чейин буудай өндүрүп андан сүмөлөк жасап келишет. Бүгүнкү күндө Жер шарынын миллиондогон калкы өндүрүлгөн дан жана уруктарды «тирүү азык», «жаштыктын эликсири» деп аташып, ашканада пайдаланып келишет. Алардын катарында келбети менен суктандырган Мадонна, Элизабет Тейлор, Жейн Фонда, Кейт Мосс, Эшли Жадд да бар. Өндүрүлгөн азыктарда кандай сыр бар, чогуу таанышалы.
Буудай
Арпа
Гречка
Маш
Нокот
Буурчак
Чечевица
Ашкабактын данеги
Күн карама
Пияздын уругу
Беденин уругу жана башкалар
Өндүрүлгөн дан жана уруктар витаминдерге, баалуу минералдарга, хлорофиллге, клетчаткага жана ферменттерге бай. Дандарды өндүрүү учурунда курамындагы белок – аминкычкылдарына, крахмал – кызыл мыя кантына, майлар – май кычкылдарына айланып, организмге бат жана жеңил сиңерин, курамындагы витамин жана минералдардын саны 3-5 эсеге жогорулаарын окумуштуулар аныкташкан. Өндүрүлгөн азыктарды ар кандай жашылча салаттарына, шорпого кошууга болот. Мындан сырткары витграсс суусундугун (буудай өнүмүнөн), коктейлдерди, тундурмаларды жасап ичүү пайдалуу. 100 грамм өнүмдө 31-32 килокалория бар. Ден соолукту чыңдоо максатында күнүгө 2-3 аш кашык (50 грамм) жеп туруу сунушталат.
Эскертүү! Өндүрүлгөн дандар ашказан жарасы барларга сунушталбайт.
Витграсс суусундугу буудайдын жаш сабагынан даярдалат. Ал үчүн буудайды 10-12 сантиметр болгончо өстүрүп, тамырынан 1-2 сантиметр калтырып, сабагын кесип алып (1 тутам), жууп, блендерге салып, эзип алабыз. Андан соң жарым стакан суу кошуп аралаштырып, эртең менен ачкарын ичүү сунушталат. Бул суусундук организмди чыңдап, көп ооруларга даба болот. Аны көп убакытка сактоого болбойт, жасагандан кийин дароо ичүү шарт.
Керектелүүчү азыктар:
Сабиз – 2 даана
Бадыраң – 2 даана
Өндүрүлгөн маш – 1 чыны
Ашкөк – 2-3 тал
Пияз – 1 баш (чакан)
Шпинат – 6-7 тал
Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
Уксус (6%) – 1 чай кашык
Туз, калемпир – татымына жараша
ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Сабизди аарчып, жууп, сүргүчтөн өткөрүп алабыз.
2. Бадыраң менен пиязды тазалап, жууп, жарым тегерек формада туурайбыз.
3. Пиязды майга 5 мүнөттөй кууруп алабыз
4. Шпинат менен ашкөктү жууп, кол менен үзөбүз.
5. Эми азыктардын баарын чоң идишке салып, татымына жараша туз, калемпир салып, уксусту куюп аралаштырабыз. Салат жегенге даяр!
Керектелүүчү азыктар:
Өндүрүлгөн нокот – 100 грамм
Сүт – 2 стакан
Сарымсак – 1 тишче
Өсүмдүк майы – 1 аш кашык
ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Сарымсакты аарчып, майда туурайбыз.
2. Өсүмдүк майын ысытып, ага сарымсакты салып, 2 мүнөт жай отто кууруйбуз.
3. Блендерге өндүрүлгөн нокотту салып эзип алабыз. Табитке жараша бул коктейлге зире кошууга да болот.
4. Эми буга сүттү жана куурулган сарымсакты салып жакшылап аралаштырабыз. Коктейль даяр!
Макала жакса, досторуңузга бөлүшүүнү унутпаңыз.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |