№858 11-17-апрель, 2019-жыл
– Мен бүгүн сизге кат жаздым. Башка жол менен ичимдеги буркан-шаркан сезимдерди түшүндүрө алчудай эмесмин. Сиз каалагандай келин боло албадым, моюнума алам. Жоолукту баса салынып, ысык-ысык чай сунуп, бирок тескери карап күбүрөнгөн, жүзүңүзгө калп күлгөн келин такыр боло албадым. Анын ордуна мен сиз үчүн чын пейилимден кейип, дүйнөдө билген-көргөнүмдү кобурап, кайсы бир маселеде сиздин айтканыңызды туура эмес деп талаша кеткен келин болдум. Мендей эмоциясы ашып-ташкан, ар нерсени бетке айткан келинди тарбиялоо да оңой болгон жок. Бирок менин колумду кармаган уулуңуз эркин мүнөзүмдү сүйсө керек. Бул үчүн эч ким күнөөлүү эмес.
Кечириңиз, сиз каалагандай иштебей, үйдө отурган келин да боло албадым. Мурунтан тандаган жолум, кесибим бар болгондуктан, жашоомду төрт дубалдын ичинде кааласам да камай албадым. “Ырчылык кесиппи? Аял деген дарыгер же мугалимдик кесипти тандашы керек” дейсиз. "Келиним ырчы" деп айткандан уяласыз. А мен уялбайм. Мен кесибимди, жашоомду, эркиндигимди сүйөм. Эсиңиздеби, залим хан торгойду алтын капастын ичине салып коюп, ал эки күндүн ичинде үнүн жоготуп алган икаяны сизге айтып берген элем. Мени болгонумдай кабыл алуу канчалык сизге оор болду билбейм, бирок сиз каалагандай келин болуу мен үчүн мүмкүн эмес эле. Балким, биздин маселе дал ушул жерден башталгандыр.
Апа, бул жашоодо эмнени көрүп жүрөгүңүз мынча катып калды? Бир инсандын ушунчалык мээримсиз болуп калышына кандай жагдай түрткү болушу мүмкүн? Бир мен эмес, бүтүн дүйнөгө ызаңыз кайнап тургандай сезилет. Өтмүштө эмне болгонун, ал нерсеге менин кандай тиешем бар экенин да билбейм. Бир шооладай жылчык таап жүрөгүңүзгө кирейин дедим. Дүйнөнү сиз көргөн терезеден көрөйүн деп далалат кылдым. Энелик, балким, ушундайдыр дедим. Балким, ийилсем эне-кыз болуп каларбыз дедим. Мүмкүнчүлүк бербедиңиз.
Бул үйгө кандай келин келери тууралуу эбак чечим чыгарып койгонсуз. Анын кандай кийингенинен баштап, кандай мүнөзүнө чейин, кайсы кесиптин ээси болорун, канча бала төрөп береринен бери программалап койгонсуз. “Жаркыраган күндөй баламдын жанында ушул эле болуп калабы?” деген өксүк ойлоруңузду ачык эле айтып жүрөсүз. Бирок жакшылап байкасаңыз, дал ошол сиз эч ыраа көрбөгөн адам менен уулуңуз бактылуу. Жок, аны эч качан көрө албайсыз. Сыйкырчынын таягы менен сиз каалагандай болуп калчудай сезилет. Бирок реалдуулукту кабыл алуу керек. Сиз кыйын аял, кыйын эне болсоңуз дагы, тагдырга буйрук бере албайсыз жана жарык дүйнөгө алып келген балаңыздын өмүрүнө кожоюндук кыла албайсыз. Ак желек көтөрүп далай алдыңызга келдим. Талашып-тартыша турган ортобузда эч нерсе жок экендигин, мен сиз сыяктуу эле ошол адам деп дем алып жүргөнүмдү, ансыз түнүм караңгы экенин түшүндүрөйүн дедим. Аттиң, түшүнбөдүңүз.
Мен чарчадым. Улам дубалга башымды койгулай бергендей эле, сиздин жан дүйнөңүздүн эшигин койгулай бергенден тажадым. “Эненин тилеги менен үйлөнүү керек, кабыл албаса баары бир жашоо болбойт” деди бир акылдуу. Албетте, сиз каршы болгондуктан сизден уруксат албай үйлөндүк. Башка жолубуз бар беле?
Эки оттун ортосунда сүйгөн адамыбызды канчага чейин куйкалай беребиз? Ал экөөбүздүн бирибизди тандоосу мүмкүн эмес. Адам бир көзүн оюп салып, экинчи көзү менен бактылуу болом дей албагандай эле, экөөбүздүн бирибизди тандай албайт. Энесин бактылуу кылуу үчүн сүйүүсүнөн баш тартканга мажбур кылбаңыз.
Мен чечим кабыл алдым. Энелигиңиз ар дайым жүрөгүмдө, сизди сыйлайм. Бирок мындан ары кааласаңыз да, каалабасаңыз да өз жолум менен кетем. Сиздин көңүлүңүзгө жагуу үчүн эмес, өзүмдүн “менимди” жоготпоо үчүн жашайм. Көзүңүздү жумуп алсаңыз же башыңызды чулгуп тескери басып кетсеңиз эле, мен башка жерге кетип калбайм. Түйүнчөгүмдү түйүп төркүнүмө да жөнөбөйм. Дал ушул жерде турам. Анткени менин тагдырым ушул жерге айдап келип, уулуңуз менен баш коштурду. Мындан ары балдарымдын алдында башын жерге салган, эзилген эне болгум келбейт. Келин катары кабыл албасаңыз, мындан ары неберелериңиздин энеси катары кабыл алганга мажбурсуз.
Терең урматтоом менен келиниңиз
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |