Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кызы ак кан болуп калган ата: «ДИАГНОЗГО ИШЕНБЕЙ УЛАМ-УЛАМ АНАЛИЗ ТАПШЫРДЫК»

№859 18-24-апрель, 2019-жыл

Бул ирет жанымда кызын оор дарттан айыктырып калуу үчүн чуркап жүргөн ата отурду. 32 жаштагы 3 баланын атасы Максатбек Омуралиев жалгыз кызынын кылыктарын айтып бир жылмайса, анын рак менен алышып жатканын айтып жатып кайгыга мууна мукактанат.


– Кызым Арууке Максатбекова 2010-жылы туулган. Ал 3 баламдын экинчиси, жалгыз кызым. 2018-жылдын май айында кызым алсыз болуп, ойнобой, дене табы көтөрүлүп, бозоро баштады. Сасык тумоо болуп калды деп ойлоп ооруканага көрсөтсөк, кызыма лейкоз деген диагноз коюшту. Бул кандын рагы – ак кан деген оору экен. Диагнозго ишенбей, 3-4 жерге анализ тапшырсак, баары окшош чыкты. Ага да ишенбей, Казакстанга анализге жиберсек, ал жактан да окшош жыйынтык чыкты. Ошондон бери дарыланып жатабыз. Химиотерапия жардам берип жатат. Бирок химиотерапиядан кийин кызым көпкө чейин маанайы начар болуп, тамак жебей, алсыз болуп кыйналат. Аны менен кошо биз деле кыжалат болуп, тамак жесе жеп, жебесе жебей жүрө беребиз. Башка киши ооруп жатса, аны көрүп деле боорубуз ооруп кыйналабыз го, өз балаңдыкы аябай оор экен. Келинчегим тамак ичпей, көзүнөн жаш токтобой калды. Мен болсо күнү-түнү акча табыш керек деп иштеп калдым. Каражат баары бир жетпей жатат. Жаш балдарды дарылатуу бекер дегени менен, ооруканага көп акча кетти. Арзан анализдери 300-400 сом болсо, кымбаты 3000-4000 сом экен.
Врачтар нур терапиясын алсак айыгарыбызды айтышты. Бизде балдардын кан рагы үчүн нур терапиясынын аппараты жок экен. Ал үчүн Түркияга барышыбыз керек болуп жатат. Ага 6 миң доллар талап кылынууда. Нур терапиясы рак клеткаларын өлтүрөт экен. Химиотерапия болсо, рак клеткаларын "уктатып" эле коёт экен. Клеткалар бир нече убакыттан кийин кайра ойгонуп кетсе, анда айыктыруу үчүн 100 миң долларга жилик чучугун (костный мозг) алмаштырыш керек болот дешти.
Мен курулушта иштейм. Жубайым балдарды карап үйдө отурат. Элге кайрылып жардам суроого аргасызбыз. Кайрымдуу жарандардан 0708727078 номериндеги Элсом капчыгына акча которууңуздарды суранабыз.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
22.04.2019. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Балдар оорубасынчы, сиздерге күч кубат, буйруса кызыңыз айыгып кетет.....
22.04.2019. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллахым шыпаасын берсин.Бир керемет болуп сакайып кетсин.Балдарыбыз оорубасынчы Аллахым.
23.04.2019. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ii juroktu oorutat da balldar oorusa
25.04.2019. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Банк эсебин жазып койгула мүмкүнчүлүгү барлар жардам беребиз да
26.04.2019. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zhigitaly, саламатсызбы! Жогоруда айтылгандай, кайрымдуу жарандар 0708727078 номериндеги Элсом капчыгына акча которсо болот.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-04-26 10:09:07
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо