№859 18-24-апрель, 2019-жыл
Индиана штатынын 31 жаштагы тургуну К. Эмези 14 жыл бою чогулткан порнографиялык топтомун (видеотека, оюнчуктар) өрттөп жок кылгандыгы үчүн ата-энесин сотко берди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттарында жарыяланды.
Маалым болгондой, Эмези аялы менен ажырашкан соң ата-энесиникинде 10 ай жашаган. Кийин ал башка штатка көчүп кеткендиктен ата-энеси үйдө калган жеке буюмдарын жөнөтүшкөн. Бирок алардын ичинде порнографиялык материалдары жок болуп чыккан. Сураштырганда ата-энеси баарын өрттөп салганын айтышкан.
Эмези бул окуя боюнча полицияга арыз менен кайрылган. Бирок прокуратура иш козгоодон баш тарткан. Жабырлануучу окуяны кайрадан карап берүүнү суранып арыз жазып, тергөөчү жалдаган.
Дамира Арстанова
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |