КЫЗДЫ КЫЗДАЙ, ЭРКЕКТИ ЭРКЕКТЕЙ ТАРБИЯЛА

№859 18-24-апрель, 2019-жыл

Кийим-кечесинин саны, кымбат баалуу асем буюмдары, өзүнө кам көрүүсү менен кыздар менен тең тайлаша алган эркектерди метросексуал деп атап коюшат. Ал эми, тескерисинче, эркектердей кийинип, өзүн эркектердей алып жүргөн кыздарды томбой деп коюшат. Ал эми окшош жыныстагылар менен мамиле кургандар гомосексуалдар. Кыргызда "Кыздын кыздай, кыштын кыштай болгону жакшы" деген макал бар. Анын сыңарындай, эркектердин да илгертеден калыпка салынып калган эркектик сапаттарга ээ болгону жакшы. Балдар психологу Наргиза Субаналиева кызды кыздай, эркекти эркектей кантип тарбияласа болорун айтып берет.

КҮНӨӨ ӨЗҮҢҮЗДӨ БОЛУП ЖҮРБӨСҮН?

Кыргыз коомчулугунда ата-энелер эч качан өзүн күнөөлүү сезбейт. Эгер баласы же кызы өзүнө окшош жыныстагы адамдарга ыктай баштаса, шыр эле баланы күнөөлөп, ар кандай жазалоого өтүшөт. Бирок эмнеге “мен баламды тарбиялоонун кайсы жеринен ката кетирдим?” деп ата-эне өзүнөн сурабайт? Гейди, лесбиянканы, метросексуалды, томбойду да өзүңүз тарбиялайсыз. Баланы тарбиялоодогу негизги курал – сүйүү, мээрим. Эгер балаңызга жетиштүү сүйүү берсеңиз, жаш курагына карап анын керектөөлөрүнө көңүл бурсаңыз, балаңыз сексуалдык ориентация боюнча маселелерге кабылбайт. Маселелердин негизги себептерин, тарбиялоо жолдорун сөз кылууга болот. Бирок ар бир маселеге индивидуалдуу караш керек.

МЕТРОСЕКСУАЛ, ТОМБОЙ: СЕБЕПТЕРИ, ТАРБИЯЛОО ЫКМАЛАРЫ

1. Баланын үйдө тарбияланышы

Жалаң кыздардын арасында чоңойгон эркек баланын кыздардын адаттарын алуусу, жалаң эркек балдардын арасында чоңойгон кыздардын балдардын адаттарын алып чоңойгону нормалдуу көрүнүш. Бирок мындай учурда баланын сырттагы чөйрөсүнө көңүл буруңуз. Мисалы, эркек балдарды эркек балдарга тиешелүү спорттук секцияларга берсеңиз, кыздарды кыздарга тиешелүү бий ийримине алып барыңыз.

Нарцисс-эркектер: Сыланып-сыйпанып, коомго өзүн көрсөтүүнү каалаган, өзүн жылдыз сезген эркектерди адатта ушундай атап коюшат. Эркек балдарды ата-эне ашыкча мактап, ашыкча алаканына салгандан улам алар нарцисс (Нарцисс – грек жөө жомогундагы өзүн катуу сүйгөн каарман. Ал каза болгон жерге өскөн гүлдү анын атынан нарцисс деп атап коюшкан) болуп калышат. Эгер бул сапат балага зыянын тийгизбесе, анда баары жакшы. Бирок мындай балдар “мен баарынан кыйынмын” деп теңсинбей турушкандыктан, башкалар менен сүйлөшүп, дос күтүүдө маселе жаралышы мүмкүн. Эркелеткендин, мактагандын да чегин билиңиз.

2. Бала кездеги жабыркоолор

Мисалы, үйдө атасы апасына зордук-зомбулук көрсөтсө, кыз бала “эч качан апамдай алсыз болбой, күчтүү болом”, “эч качан аял болбойм, алар дайыма азап тартышат” же “бардык эркектер жаман, күйөөгө чыкпайм” деген ойлор менен чоңоюшу мүмкүн. Бул учурда эркек бала да зомбулук көрсөткөн, арак ичип балдарын бакпай жата берген атасынын моделин кайталагысы келбейт. Баланы мындай психологиялык жабыркоолордон алыс чоңойтуңуз.

Кээде эркек балалуу боло албай калган аталар кыздарын эркектердей чоңойтуп, аны эркектерге тийиштүү ийримдерге мажбурлап жиберет. Же тескерисинче, эркектерди кыздарга тиешелүү ийримдерге алып барышат. Бул да психологиялык жабыркоого алып келиши ыктымал. 

3. Чөйрө

Балага чөйрөсүндөгү адамдар, көпчүлүк учурда достору көп таасир берет. Аларды кайталап, ошол адамдардын жүрүм-турумунан үлгү алышы мүмкүн. Чөйрөсүнө көңүл буруңуз.

4. Баланын өзүн-өзү кабылдоосу

Жөн гана балага өзүн ошондой алып жүрүү жагаттыр. Жашоонун агымы менен, мисалы, кыз бала үйдө доминант болууну тандап алышы мүмкүн. Эркек бала болсо өзүн карап жүрүүдөн ырахат алышы мүмкүн. Бул учурда аны өз тандоосу менен калтыруу туура.

СЕКСУАЛДЫК ОРИЕНТАЦИЯСЫНЫН ТУУРА КАЛЫПТАНЫШЫ ҮЧҮН

Эненин ичиндеги өнүгүү

Баланын өнүгүүсү бойго бүткөн күндөн башталат. Эненин ичиндеги кезде балага кандай мамиле кылсаң, ошондой чоңоёт. Үй-бүлө эркек же кыз баланы күтүп, “эркек болушу керек” же “кыз болушу керек” дей берүү менен түйүлдүккө кандай болушу керектиги тууралуу маалымат берген болосуз. Сиз күтпөгөн жыныстагы бала психологиялык жабыркоо менен төрөлөт. Бул жабыркоо генетикалык деңгээлде баланын ички туюмунда сакталып калат. Сиз эркек күткөн болсоңуз, кыз төрөлсө да, ал эркектей болушум керек деген түшүнүк менен жашайт. Бул анын ориентациясына да таасир берет. Бала бойго бүткөндөн тартып “сен кыз болсоң да, уул болсоң да, сени күтүп жатабыз” деп сүйлөшүп, сүйүү бериңиз.

3-6 жаш

Бул жаштарда балада “Эдипов комплекс” деген түшүнүк пайда болот. Эркек бала апасын, кыз бала атасын сүйүп калат. Кыз бала өзүн апасына, эркек бала атасына окшош экенин аңдап, өзүн изилдеп баштайт. Ал эми толук эмес үй-бүлөлөрдө балдар өзүн ата-энесинин биринен айырмалап, бирине окшоштуруу болбойт. Аталган комплекс түзүлбөй, бул этаптан бала нормалдуу өтпөсө, ар кандай психологиялык маселелер жаралышы мүмкүн. Толук эмес үй-бүлөлөрдө деле ата же эне баласына туура түшүндүрүп, туура тарбия берсе болот. Бул үчүн бала менен эркек бала же кыз бала кандай болушу керек экенин сүйлөшүп түшүндүрүңүз. Бирок “мындай болушуң керек” деген талап койбоңуз.

Бала шымын булгап койсо, жазалабаңыз. Урсаңыз, балада комплекс пайда болот. Ал комплекс чоңойгондо сексуалдык жашоосунда маселе жаратышы мүмкүн.

Бул куракта эркек балдар мастурбация кылышат. Ал нормалдуу көрүнүш. Балаңызды уруп-согуп же өзүңүз чочулабаңыз. Ал аракетти айланадагылар туура эмес кабыл албашы үчүн балаңыз менен “мейли, кыла бер, бирок эч ким жок жерден жаса” деп сүйлөшүңүз. Бул адаты үчүн жазалооңуз кийинки сексуалдык жашоосунда маселе жаратат.

12-18 жаш – өткөөл курак

Балада гормоналдык өзгөрүү башталат. Денеси өсүп, психикасы артта калат. Бала эмоцияга гана таянып иш кылат. Баланы уга билиңиз, жакын болуңуз, керектөөлөрүн түшүнүңүз.

Бул куракта балага чөйрөсү, достору таасир берет. Медиада, интернеттеги чакырыктарга азгырылышы мүмкүн. Бул куракта алар, балким, кызыгып окшош жыныстагылар менен мамиле куруп көрөт. Бул жөн гана кызыгуу болсо, анда ага жардам берүүгө болот. Ушул маалда, мисалы, эркек бала эркекти сүйүп калганын айтса, “Сен биринчи жолу эркекти сүйүп калдың да. Кел, кыздар менен сүйлөшүп көрөсүң. Шашпа, жашооң алдыда” деп жай сүйлөшсөңүз болот. Бала өзүнүкүн бербей жатса, анда адистерге кайрылыңыз. Эгер бул куракта ал гомосексуал экенин так чечип, түшүнгөн болсо, эч ким жардам бере албайт. Же кабыл аласыз же гомосексуалдар эркин жашаган өлкөгө жөнөтөсүз.

БАЛА – ҮЙ-БҮЛӨНҮН КҮЗГҮСҮ

Демек, маселенин себеби үй-бүлөдөгү окуяларда, тарбияда катылган. Бир жолу мага 14 жаштагы бала апасы менен келген. Жигит “мен геймин” дейт. Изилдеп келсек, ал баланын ата-энеси катуу урушуп ажырашыптыр. Атасы балдарына келбей, карабай койгон экен. Баланын сүйүктүүлөрү атасына окшош жана өзүнөн бир топ улуу кишилер экен. “Ал адамдан эмнени күтөсүң?” деп сурасак, “камкордукту” деп жооп берди. Бала атасынын мээримине тойбой калгандыктан башка эркектерден аталык жылуулукту издеген. Кыздарда да ушундай маселе болот. Биз сексуалдык ориентацияны өзгөртө албайбыз. Айрым учурда балага зыяны тийип калбашы үчүн аны элге жарыялабашы керек экендигин эле түшүндүрүүгө туура келет. Көбүнчө ата-энелердин өзү менен көбүрөөк иштөөгө туура келет. Мага бул маселе менен айына жок дегенде бир адам кайрылат. Балаңызда маселе жаралбасын десеңиз, тарбиядан ката кетирбегенге аракет кылыңыз. Акылыңызга түйүп коюңуз! Сүйүүгө, мээримге тоюп чоңойгон балдарда чоңойгондо маселе жаралбайт.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(19)
22.04.2019. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Пайдалуу нерсе деле окубадым, темасынан кантип тарбиялашты уйронуп алайын деп кире калдым эле.
22.04.2019. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Bazana,минус басылып кетти. Мен дагы 3эркек баламды кантип тарбиялашым керек деп кирсем, фигня экен. Геймин десе опкосун узо чаппаймбы, тушундуруп, козун карап отурбай эле. Бул материал европалык, америкалык булактардан алыныптыр.
22.04.2019. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Oi iiii men da makalany bawkacha elestetip alyptyrmyn.Kainagam narsiss eken da demek.
22.04.2019. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Кыргызча эле тарбиялаш керек. Энелер "Атаң билсе өлтүрөт" деп балдарын тыйып турса эле сопсонун эле болуп чоңоюшат.
22.04.2019. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Эркекти суйуп калдым десе кыргыздар антарале койсо керек
22.04.2019. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Кенеш жакпады.Атан мойнунду жулат деп эле айтыш керек.
22.04.2019. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Азыр башка жашоо,коом башка, башка доор азыр мурункудай атан олтурот деген тема жарабайт,азыр эн жакшысы балдарга жакшы конул болуу керек, керек болсо психологдор менен иштетиш керек! Азыр баягы коммунизм доору жок! Экономикалык, социалдык масалелерди жашоого, тарбияга уй булоо масалелерди не чооон таасирин тийгизет
22.04.2019. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
При чем тут коммунизм доору? Керек болсо ошол коммунизм доору элди ичинен иритип- чириткен. Кечирип койгула, бирок, ошол маалда жаш кары дебей ичип, сакмалда, чопто, тияк биякта изменять этишип эле журушчу экен. Ишенбесенер, улгайгандардан акырыын сурап коргуло
Азыр Кудайга шугур, шаарды билбейм, айылда жаш келиндер ичмек тургай, беймаал уйдон чыгышпайт, тынч.
22.04.2019. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Туура балан мн уруп- сокпой акырын тушундуруп суйлошуш керек. Бирок, геймин, лесбиянкамын десе кантип спокойно тушундуросун, озунор элестетсенер? Бизге жат нерсени ушинтип ЖМК аркылуу мээбизге синирип атышат. Исламда бул эн чон куноо
love_you түзөттү 2019-04-22 23:41:52
22.04.2019. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр ата эне тарбиялабай чет жерде журосо,чон ата чон эне ,тууган уругу карапжатышпайбы уруп согуп алардын психикасын ким караптыр
23.04.2019. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
ХХХХ Тооба "көнөсүң же жөнөтөсүң гомосексуалдын өлкөсүнө" деп тим эле! Атаңдын как гана башы! Оозуңа кара таш! Эшикте эркектер м.н мушташтырып, эркек бол деп эле үйрөтөсүң. Кээ бир апалар бар" кокуй уруп коюптур" деп. Сынбаса, ичегеси чубалбаса жөн коюш к.к. ошентип бышат.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-04-23 15:05:35
23.04.2019. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Антара чабам деген акмактар балан гей болсо аны озгорто албайсын мажбурлап аны бактылуу кыла албайсын.
23.04.2019. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мээримиң төгүп төгүп өстүрүү керек турале ал тарбиянын бир бутагы негизги нерсе айтылбады өзүңү жакшы алып жүр болду ыймандуу кыл болду гомо метро томбой деген сөздү үйрөтүп не кыласың элге
24.04.2019. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
3-6 жаштагы балдар мастурбация кылат дейби? Пайдалуу кенеш окуюн деп кирсе, былжырак Европанын кенештери турбайбы, жакшысы кыпкыргызча тарбия
28.04.2019. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Shokoladka94,анан макул кыла бер эл корбогон жерде деп тообо тообо
26.04.2019. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ALATOOLUK.JIGIT, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
26.04.2019. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Инстинкт деген нерсе бар, сексти эч ким үйрөтпөсө да аял-эркек сөзсүз кошулушат( жаңы төрөлгөн бала эч кимдин жардамысыз эмчек эмүү үчүн изденгени сыяктуу). Батыштын населенияны азайтуу үчүн жасаган ар кандай жоруктарын СМИ аркылуу биздин коомго таңуулабагыла. Силер кайра кайра айта берсеңер, жаза берсеңер любой подростоктун ою бузулат, б.а. кызыгуу пайда болот "бул айткандары эмне экен?" "Проба кылып көрөйүнчү?" - деген сыяктуу!!!
Модератор admin_portal түзөттү 2019-04-26 15:56:02
28.04.2019. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алладан улук эч нерсе жок тообо гана кылып урпактарыбыз бетибизди жерге каратпай турган болуп осушсун.
28.04.2019. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир билгеним гей деген аты очкурлор азыр ото коп сыяктуу бул оорубу же азгырылуубу биле албадым Ошто кооп эле кездешет экен мындайлар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо